Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйсанын биринчи керемети

Ыйсанын биринчи керемети

15-бөлүм

Ыйсанын биринчи керемети

БОЛГОНУ бир-эки күн мурун Андрей, Пётр, Иоанн, Филипп, Нафанаил жана кыязы, Жакып Ыйсанын биринчи окуучуларынан болуп калышты. Эми алар баарынын киндик кан тамган жери болгон Галилея аймагын карай жөнөштү. Алардын көздөгөн жери — Ыйса чоңойгон Назареттен анча алыс эмес адырлуу жерде жайгашкан, Нафанаил туулуп- өскөн Кана шаары. Канага алар үйлөнүү тоюна чакырылгандыктан баратышат.

Үйлөнүү тоюна Ыйсанын энеси да келген. Мариам той берип жаткандар менен жакын тааныш болсо керек, себеби аларга жардам берип жүрөт. Ошондуктан Мариам тойдо эмне жетишпей атканын дароо эле байкайт да, Ыйсага: «Булардын шарабы жок экен»,— деп айтат.

Муну менен Мариам Ыйсага бирдеме кылып жагдайды чечүүсүн кеңеш кылат, бирок Ыйса буга адегенде макул болбойт. Ал: «Аялзаты, мага кандай тиешең бар»,— дейт. Ыйса Иегова дайындаган Падыша болгондуктан, ага үйүндөгүлөрү да, достору да эмне кылыш керек экендигин буйрук кылбашы керек болчу. Мариам да акылдуулук кылып, бардыгын уулуна коёт да, кызматчыларга тек гана: «Ал силерге эмне десе, ошону кылгыла»,— дейт.

Ал жерде суу куюлчу алты таш кумара турат, алардын ар биринин сыйымдуулугу 40 литр. Ыйса кызматчыларга: «Кумараларды суу менен толтургула»,— деп буйрат. Кумаралар толгондон кийин, ал: «Эми бир аз сузуп алып, той башкаруучуга алпаргыла»,— дейт.

Той башкаруучу шараптын даамын татып көрүп, анын жогорку сапатта экенине таң калат. Ал шараптын керемет аркылуу жасалганын билбегендиктен, үйлөнүп жаткан жигитти өзүнө чакырып алып, мындай дейт: «Ар адам эң мурда шараптын жакшысын бермек, анан кызышканда, начарыраагын; сен болсо жакшы шарапты ушуга чейин сактапсың».

Бул Ыйсанын жасаган биринчи керемети болчу жана албетте, ушунун аркасында анын жаңы окуучуларынын ишеними бекемделди. Тойдон кийин алар Ыйсанын энеси жана туугандары менен чогуу Галилея деңизинин жанында жайгашкан Капернаум шаарына жөнөшөт. Иоанн 2:1—12.

▪ Кана шаарындагы үйлөнүү тою Ыйсанын кызматынын кайсы мезгилинде өтөт?

▪ Энесинин сунушуна Ыйса эмне үчүн каршы болот?

▪ Ыйса кандай керемет жасайт жана ал керемет башкаларга кандай таасир тийгизген?