Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйсанын биринчи окуучулары

Ыйсанын биринчи окуучулары

14-бөлүм

Ыйсанын биринчи окуучулары

ЫЙСА чөлдө 40 күн болгондон кийин, аны чөмүлдүргөн Иоаннга келет. Ыйса жакындап келатканда, Иоанн аны көрсөтүп, жанындагыларга мындай дейт: «Мынакей, дүйнөнүн күнөөсүн көтөргөн Кудайдын Козусу! „Менин артымдан келаткан алдыма турду, анткени ал менден мурун болгон“ дегенимде, мен ал жөнүндө сөз кылгам». Ыйсадан улуураак болгону менен, Иоанн Ыйсанын рухий жаратуу катары ага чейин эле асманда жашаганын билет.

Бирок бир нече жума мурун Ыйса чөмүлдүрүлгөнү келгенде, Иоанн анын Мессия боло турганын так билген эмес окшойт. «Мен аны өзүм да билген эмесмин,— деп мойнуна алат Иоанн,— бирок ал Израилге айкын болушу үчүн, мен сууда чөмүлдүрүү үчүн келдим».

Андан ары Иоанн угуучуларына Ыйсаны чөмүлдүрүп жатканда эмне болгонун мындайча түшүндүрөт: «Мен ага асмандан көгүчкөн сыяктуу рухтун түшкөнүн жана анда калганын көрдүм. Мен аны өзүм да билген эмесмин, бирок сууда чөмүлдүрүүгө мени жибергендин Өзү мага: „Сен рухту көрсөң жана ал кимге түшүп, кимде калса, дал ошонун өзү — ыйык рух менен чөмүлдүрүүчү“,— деген. Мен аны көрүп, бул Кудайдын Уулу экенин күбөлөндүрдүм».

Кийинки күнү Иоанн эки окуучусу менен турган кезде, аларга жакындап келаткан Ыйсаны көрүп, кайрадан: «Мынакей Кудайдын Козусу»,— деп айтат. Муну уккандан кийин Иоанндын эки окуучусу тең Ыйсанын артынан жөнөшөт. Алардын бирөө — Андрей, а экинчиси — ушул билдирүүлөрдү жазган Иоанн. Кээ бир ырастоолор боюнча, Иоанн — Ыйсанын бөлөсү, тактап айтканда, Мариамдын эжеси Саломиянын уулу.

Ыйса бурулуп, Андрей менен Иоанндын аны ээрчип келатканын көрүп, алардан: «Силердин издегениңер эмне?» — деп сурайт.

— Рабби,— деп сурашат алар,— каякка токтодуң?

— Келгиле, көрөсүңөр,— деп жооп берет Ыйса.

Түш ооп, саат төрт болуп калган кез. Андрей менен Иоанн калган убакытты Ыйса менен чогуу өткөрүшөт. Болуп өткөндөр Андрейге ушунчалык таасир эткендиктен, токтоосуздан бир тууганы Пётрду издеп жөнөйт. Пётрга келип: «Биз Мессияны таптык»,— дейт да, аны Ыйсага ээрчитип келет. Ушул эле маалда, кыязы, Иоанн да бир тууганы Жакыпты таап, Ыйсага алып келет. Бирок Иоанн, мүнөзүнө жараша, өзүнө тиешелүү ушул маалыматты Инжилине жазган эмес.

Кийинки күнү Ыйса Вифсаида шаарынан (бул шаарда мурун Андрей менен Пётр да жашаган) болгон Филиппке жолугат. Ыйса Филиппти: «Менин окуучум бол»,— деп чакырат.

Андан кийин Филипп Нафанаилди (аны Варфоломей деп да аташат) таап, ага: «Биз Муса Мыйзамда жана пайгамбарлар жазгандын Өзүн, Назареттен болгон Жусуптун уулу Ыйсаны, таптык»,— деп айтат. Нафанаил буга шектенип: «Назарет жактан жакшы нерсе болчу беле?» — дейт.

— Баргын да көргүн,— деп сунуш кылат Филипп. Алар Ыйсага жакындап келгенде: «Мына, ичинде куулугу жок, чыныгы израилдик»,— деп Ыйса Нафанаил жөнүндө айтат.

— Мени кайдан билесиң? — деп сурайт Нафанаил.

— Сени Филипп чакырардан мурун, сен анжыр дарагынын астында болгонуңда, мен сени көргөм,— деп жооп берет Ыйса.

Нафанаил таң калат.

— Рабби («устат» дегенди билдирет), сен — Кудайдын Уулусуң, сен — Израилдин Падышасысың,— дейт ал.

Анда Ыйса: «„Мен сени анжыр дарагынын астынан көрдүм“ — дегеним үчүн эле ишенип жаткан жоксуңбу? — деп сурайт.— Мындан да көбүрөөк нерселерди көрөсүң,— дейт да, андан ары сөзүн улап: — Чынын, силерге чынын айтам: силер ачык асманды жана Кудайдын периштелеринин адам Уулуна түшүп жана көтөрүлүп жатканын көрөсүңөр»,— деп убада кылат.

Арадан көп өтпөй, Ыйса жана анын жаңы окуучулары Иордан өрөөнүн калтырып, Галилеяга жөнөшөт. Иоанн 1:29—51.

▪ Ыйсанын биринчи окуучуларынын аттары ким?

▪ Пётр жана кыязы, Жакып Ыйса менен кандайча таанышышат?

▪ Ыйсанын Кудай Уулу экенине Нафанаил эмнеден улам ынанат?