Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйсанын кайрадан көрүнүшү

Ыйсанын кайрадан көрүнүшү

129-бөлүм

Ыйсанын кайрадан көрүнүшү

ОКУУЧУЛАРДЫН кайгысы али басыла элек. Алар мүрзөнүн бош калышынын маанисин түшүнүшпөйт, аялдардын айткандарына да ишенишейт. Ошол жекшембиде Клеопа менен окуучулардын дагы бири Иерусалимден 11 километрче аралыкта жаткан Еммаус деген айылга жол тартышат.

Жолдон ошол күнү болуп өткөн окуялар тууралуу сүйлөшүп келатышканда, аларга бейтааныш жолоочу кошулат. «Силер кайсы окуяларды талкуулашып келатасыңар?» — деп сурайт бейтааныш киши алардан.

Жүздөрү муңайым тарткан окуучулар токтошот да, Клеопа ага: «Бул күндөрү Иерусалимде эмнелер болуп өткөнүн билбей сен, келгиндей болуп, өзүңчө жашайсыңбы?» — деп жооп берет. «Эмнелер болуп өткөнүн?» — деп сурайт жолоочу.

«Кудай менен жумурай журттун алдында иши да, сөзү да күчтүү пайгамбар болуп чыккан назареттик Ыйсага байланыштуу окуяларды жана аны диний жетекчилерибиз менен акимдерибиз өлүм жазасына берип, устунга кадап ташташкандарын. Биз болсо аны Израилди бошото тургандын өзү экен деп үмүттөнгөн элек»,— деп жооп беришет алар.

Клеопа менен анын жолдошу жолоочуга ошол күндүн укмуштуудай окуяларын: периштелердин келишин, мүрзөнүн бош калганын айтып беришет. Бирок алар бул окуялардын маанисин түшүнүшпөгөнүн моюндарына алышат. Байтааныш адам аларды: «О эси жок, пайгамбарлардын айткандарынын баарына ишенүүгө шашылбас жүрөктөр! Христос ошол азаптардын баарын тартып, өзүнүн даңкына кириш керек эмес беле?» — деп уяткарат да, Жазмадагы Машайыкка тиешелүү жерлерди түшүндүрүп бере баштайт.

Аңгыча алар Еммауска да жетип калышат. Байтааныш жолоочу андан ары кетүүгө камынгансыйт. Бирок дагы көбүрөөк уккусу келген окуучулар: «Биз менен кал: кеч кирип калды»,— деп өтүнүшөт. Ошондуктан жолоочу алар менен кечки тамакка калат. Ал тиленип, нан сындырып, окуучуларга бергенде, алар анын адам денесиндеги Ыйса экенин таанышат. Бирок ошол замат Ыйса көздөн кайым болот.

Бул бейтааныш адамдын эмне үчүн мынчалык көп билгенин алар эми гана түшүнүшөт! «Ал жолду карай биз менен сүйлөшүп, Жазманы түшүндүрүп келатканда жүрөгүбүз жалындаган жок беле?» — деп алар бири-биринен сурашат да, ошол замат орундарынан туруп, Иерусалимди көздөй жөнөшөт. Ал жактан расулдарды жана алар менен чогулгандарды табышат. Клеопа менен жолдошу ооз ачууга үлгүрө электе, беркилер: «Эгебиз чын эле тирилип, Симонго көрүнүптүр»,— деп айтып киришет. Анан Клеопалар да Ыйсанын аларга көрүнгөнүн айтып беришет. Ошентип, ал күнү Ыйса окуучуларынын айрымдарына төрт жолу көрүнөт.

Күтүлбөгөн жерден Ыйса бешинчи жолу келет. Окуучулар иудейлерден коркуп, эшикти кулпулап алышкан эле. Бирок Ыйса кирип келип, алардын ортосуна турат да: «Силерге тынчтык болсун»,— дейт. Элес көрүнүп жатат экен деп, окуучулары коркуп кетишет. Ыйса өзүнүн элес эмес экенин түшүндүрүп: «Эмне үчүн чочулайсыңар, эмне үчүн жүрөгүңөрдө шектенүү пайда болду? Менин буту-колумду карагылачы: бул мен өзүммүн; мени кармалап көргүлөчү, рухтун менден көрүп турганыңардай денеси да, сөөгү да болбойт»,— дейт. Бирок окуучулары дагы деле ишене беришпейт.

Аларга чынында эле өзү экенине ишенүүгө жардам бериш үчүн, ал: «Бул жерде жегенге тамак барбы?» — деп сурайт. Ал куурулган балыктан бир кесим алып жейт да, мындай дейт: «Мен тууралуу Мусанын мыйзамында, Пайгамбарларда жана Забурларда жазылгандардын баары аткарылууга тийиш деп силердин араңарда жүргөнүмдө [өлөрүнүн алдында] айтканым — мына ушул».

Ыйык китептик изилдөө деп атаса болорлук окутуусун улантып, Ыйса аларга: «Мындай деп жазылган: Христос азап тартат жана үчүнчү күнү өлгөндөрдөн турат, анын ысымы менен Иерусалимден баштап бардык элдерде, күнөөлөр кечирилиш үчүн, тобо келтирүү кабары айтылат, буга силер күбө болосуңар»,— деп түшүндүрүп берет.

Кайсы бир себеп менен ошол жекшемби күнү кечинде өткөн маанилүү жолугууга Фома катышпай калат. Ошондуктан окуучулар аны көргөндө: «Биз Эгебизди көрдүк» — деп, кубанып айтып беришет.

«Колундагы мыктын жарасын көрмөйүнчө, мыктын жарасына манжамды салып көрмөйүнчө, колумду капталына тийгизип көрмөйүнчө такыр ишенбейм»,— деп көнбөйт Фома.

Сегиз күндөн кийин окуучулар дагы жолугушат. Бул жолу алар менен Фома да бар эле. Үйдүн эшиги бекитилүү болсо да, Ыйса дагы пайда болот. «Силерге тынчтык болсун!» — дейт ал. Анан Фомага кайрылып: «Манжаңды бери алып кел, колумду карап көр, колуңду сунуп, капталыма тийгизип көр да, мындан ары ишенимсиз болбой, ишенүүчү бол»,— деп айтат.

— Эгем менин, Кудайым менин! — деп жиберет Фома.

— Мени көргөн үчүн гана ишендиңби? Көрбөй туруп ишенгендер бактылуу,— дейт Ыйса. Лука 24:11, 13—48; Иоанн 20:19—29.

▪ Еммауска алып баруучу жолдон жолуккан бейтааныш адам окуучулардан эмне жөнүндө сурайт?

▪ Бейтааныш адам окуучулардын жүрөктөрү жалындагыдай эмнелерди айтып берет?

▪ Ал бейтааныштын ким экенин окуучулар кантип билишет?

▪ Иерусалимге келгенде Клеопа менен жолдошу кандай жаңылык угушат?

▪ Ыйса окуучуларына бешинчи жолу кантип келет жана ошондо эмне болот?

▪ Ыйсанын бешинчи жолку келишинен сегиз күн өткөндө эмне болот жана Ыйсанын тирүү экенине Фома акыры кантип ишенет?