Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйсанын чөмүлтүлүшү

Ыйсанын чөмүлтүлүшү

12-бөлүм

Ыйсанын чөмүлтүлүшү

ИОАННДЫН кабар айтып жүргөнүнө алты айча болду. Отуз жашка чыгып калган Ыйса Иорданга ага келет. Эмне максат менен? Жөн эле аны көрүп кетиш үчүнбү? Же, балким, Иоанндын ишинин кандай жүрүп жатканын билгиси келдиби? Жок, Ыйса Иоанндан аны чөмүлтүшүн өтүнөт.

Бирок Иоанн буга каршы болуп: «Мен сенден чөмүлтүлүүм керек, а сен мага келатасыңбы?» — дейт. Тууганы Ыйса Кудайдын өзгөчө Уулу экенин Иоанн билчү. Анткени алардыкына Мариам Ыйса боюнда бар кезинде келгенде, энесинин ичинде жаткан Иоанн кубанганынан «туйлап» жибербеди беле. Бул тууралуу энеси Елисавета кийин Иоаннга, албетте, айтып берген. Ошондой эле ал аял баласына Ыйсанын төрөлүшү жөнүндө периштенин кабарлаганын жана Ыйса төрөлгөн түнү периштелердин койчуларга көрүнгөнүн да айтса керек.

Ошондуктан Ыйса Иоанн үчүн чоочун адам эмес. Андан тышкары, жүргүзүп жаткан чөмүлтүүсү Ыйса үчүн эмес экенин Иоанн билет. Ал күнөөлөрү үчүн өкүнгөндөрдү чөмүлтүп жаткан, ал эми Ыйса күнөөсүз эле. Бирок Иоанндын каршылыгына карабастан, Ыйса өз айтканынын аткарылышын каалап: «Бул жолу ушундай болсун, анткени ушундай жол менен адил болгон нерсенин баарын аткарууга тийишпиз»,— деп айтат.

Ыйса эмне үчүн чөмүлтүлүшү керек эле? Анын чөмүлтүлүшү күнөө үчүн өкүнүүнүн эмес, а Атасынын карамагында болуп, анын эркин аткаруу үчүн өзүн толук тартуулагандыгынын белгиси болгон. Ыйса буга чейин жыгач уста болчу, эми болсо Иегова Кудай аны жерге кандай иш үчүн жиберсе, ошо ишти баштоого убакыт келди. Ыйсаны чөмүлтүп жатканда Иоанн адаттан тыш бирдеме болорун күткөн деп ойлойсуңбу?

Кийинчерээк Иоанн: «Сууга чөмүлдүрүүгө мени жибергендин Өзү мага: „Рухтун кимге түшүп, кимдин үстүндө калганын көрсөң, ошол — ыйык рух менен чөмүлдүрүүчүнүн өзү“,— деп айткан»,— деп билдирген. Демек, чөмүлтүп жаткандарынын арасынан бирөөнө Кудайдын руху түшөрүн Иоанн билген. Ошондуктан суудан чыгып келаткан Ыйсанын үстүнө «Кудайдын рухунун көгүчкөн сыяктуу болуп түшкөнүн» көргөндө, анчейин деле таң калбаса керек.

Бирок Ыйса чөмүлтүлүп жатканда булар эле болгон жок. «Ага асман ачылат». Бул эмнени билдирет? Чамасы, бул анын чөмүлтүлүп жаткан учурда адам болгонго чейинки асмандагы жашоосун эстегендигин көрсөтүп турат. Мына ушинтип, Ыйса Иегованын рухий уулдарынын бири катары асманда өткөргөн бардык жашоосун жана адам болгонго чейинки жашоосундагы Кудайдын айткандарынын баарын эстейт.

Мындан тышкары, Ыйса чөмүлтүлүп жаткан маалда асмандан: «Бул менин жактырган сүйүктүү Уулум»,— деген үн угулат. Бул кимдин үнү? Ыйсанынбы? Албетте, жок! Бул — Кудайдын үнү. Ооба, Ыйса Кудайдын уулу экендиги айкын, көптөр ойлогондой, ал Кудай эмес.

Бирок Ыйса биринчи Адам сыяктуу эле Кудайдын адам уулу. Окуучу Лука Ыйсанын чөмүлтүлүүсүн сүрөттөп жатып: «Ыйса кызматын баштаганда отуз жаштарда эле жана ал, адамдар ойлогондой, Жусуптун уулу, Илиянын... Дөөттүн... Ибрайымдын... Нухтун... Адамдын, Кудайдын уулу болчу»,— деп жазат.

Ооба, Ыйса Адам атадай эле «Кудайдын адам уулу» болгон. Ал — жерде жашаган адамдардын эң улуусу. Бул анын өмүр баянын изилдегенибизден улам айкын болот. Ыйса чөмүлтүлгөндөн кийин Кудай менен жаңы мамилелерге өтөт жана анын рухий уулу болуп калат. Эми Иегова Ыйсаны соттолгон адамзат үчүн өзүнүн адамдык өмүрүн биротоло курмандыкка берүү менен бүтө турган өмүр жолуна багыттайт. Мындайча айтканда, Кудай Ыйсаны кайра асманга чакырат. Матфей 3:13—17; Лука 3:21—38; 1:34—36, 44; 2:10—14; Иоанн 1:32—34; Еврейлер 10:5—9.

▪ Ыйса тууралуу Иоанн кайдан билет?

▪ Эч кандай күнөө кетирбесе да, Ыйса эмне үчүн чөмүлтүлдү?

▪ Эмне үчүн Иоанн Ыйсанын үстүнө ыйык рух түшкөнүн көргөндө, кыязы, анчейин деле таң калган эмес?