Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйсанын өлүмүнө жакын шакирттердин арасында пайда болгон талаш

Ыйсанын өлүмүнө жакын шакирттердин арасында пайда болгон талаш

98-бөлүм

Ыйсанын өлүмүнө жакын шакирттердин арасында пайда болгон талаш

ЫЙСА окуучулары менен Иордан дарыясынын жанында жүрөт. Алар Переядан Иудеяга барыш үчүн, дарыя аркылуу өтүшөт. 33-жылдын Пасах майрамынын башталарына бир жумадай калган. Майрамды белгилөөгө алар менен бирге көп адамдар баратышат.

Ыйса окуучуларынын алдында баратат, тигилер анын ушундай чечкиндүүлүгүнө аң-таң. Бир нече жума мурун, Лазар өлгөндө Ыйса Переядан Иудеяга баргысы келгенде, Фоманын: «Жүргүлө, биз дагы аны менен бирге өлөлүк» — деп, башкаларды чакырганын эстесең. Ошондой эле Ыйса Лазарды тирилткенден кийин, Синедриондун мүчөлөрүнүн Ыйсаны өлтүрүүнү каалашканын да эстеп көрөлүчү. Ушуларды эске алсак, шакирттердин Иудеяга коркунуч менен кайтып баратышканы бизди таң калтырбайт.

Ыйса расулдарды алдыда боло турган окуяларга даярдаш үчүн, обочороок алып барып: «Мына, биз Иерусалимди көздөй чыгып баратабыз, адам Уулу диний жетекчилерге жана китепчилерге берилет, алар болсо ага өлүм өкүмүн чыгарып, башка элдин адамдарына салып беришет, алар аны шылдыңдашып, ага түкүрүшөт, сабашат жана аны өлтүрүшөт, бирок ал үч күндөн кийин кайра турат»,— деп айтат.

Ыйса акыркы айлардын ичинде окуучуларына ушуну менен үчүнчү жолу өз өлүмү жана тирилиши жөнүндө айтты. Алар аны угушат, бирок түшүнүшпөйт. Мунун себеби, балким, Израиль падышалыгы жерде калыбына келтирилет деп ишенишип, Машайык менен бирге жердеги падышалыкта атак-даңкты бөлүшөбүз деп үмүттөнүшкөдүгүндө болсо керек.

Пасахка бараткандардын арасында расул Жакып менен Иоанндын энеси Саломия да бар. Ыйса ал эркектерди «Күн күркүрөөнүн уулдары» деп атап койгон, антип аталып калышканына, албетте, алардын чукул кыялдары себеп болгон. Бул эки шакирт бир нече убактан бери атак алууга умтулуп, Машайыктын Падышалыгында көрүнүктүү орунду ээлегенге кыялданып жүрүшөт жана ошол кыялдарын алар энеси менен да бөлүшкөн болчу. Ошондуктан энеси Ыйсага келип чөгөлөп, андан балдарына ырайым көрсөтүүсүн өтүнөт.

— Сен эмнени каалайсың? — дейт Ыйса.

— Бул эки уулум сенин падышалыгыңда бирөө оң кол жагыңда, экинчиси сол кол жагыңда отурушу үчүн, сөз айтып койчу,— дейт ал.

Ыйса бул өтүнүч кимден экенин билип, Жакып менен Иоаннга:

— Силер эмне сурап жатканыңарды билген жоксуңар. Мен ичкен чөйчөктөн иче аласыңарбы? — дейт.

— Иче алабыз,— деп жооп беришет тигилер. Ыйса өзүнүн катуу куугунтуктарга кабыларын жана өлтүрүлөрүн эми эле айтса да, калыбы, тигилер Ыйсанын иче турган «чөйчөгү» дал ошону билдирерин түшүнүшкөн жок.

Бирок Ыйса аларга: «Ооба, менин чөйчөгүмдөн ичесиңер, бирок оң жана сол кол жагыма мен отургузбайм, ал орун Атам аны кимдерге даярдаса, ошолорго таандык»,— деп айтат.

Берки он расул Жакып менен Иоанндын эмне тууралуу сурашканын угуп, ачууланышат. Балким, Жакып менен Иоанн расулдардын арасындагы улуктукка карата мурунку талаштарда эле белгилүү болуп калышкан. Алардын бул өтүнүчү Ыйсанын берген кеңешин капарына алышпаганын көрсөтүп турат. Тилекке каршы, алардын көрүнүктүү абалга умтулуулары дагы эле күчтүү.

Келишпестикти талкулоо үчүн жана ошондон келип чыккан касташууларды жоюу үчүн Ыйса он эки расулун чакырат. Ал сүйүүсү менен аларга: «Силер элдердин башкаруучулары аларга үстөмдүк кыларын жана алардын үстүнөн улуктар бийлик жүргүзөрүн билесиңер. Силердин араңарда мындай болбошу керек, бирок араңарда ким улук болгусу келсе, силерге кызматчы болсун, ошондой эле араңарда ким биринчи болгусу келсе, силерге кул болсун»,— деп кеңеш берет.

Ыйса окуучуларына үлгү калтырган, аны ал мындайча түшүндүрөт: «Адам Уулу да өзүнө кызмат кылдыруу үчүн эмес, бирок кызмат кылып, өзүнүн жанын көптөр үчүн кун катары бергенге келген». Ыйса башкаларга тек гана кызмат эле кылып койбостон, адамзат үчүн өлүүгө да даяр! Окуучулары да Машайыктыкындай рух көргөзүшү керек, тактап айтканда, башкалар кызмат кылып берет деп күтпөстөн, кайра аларга кызмат кылууга даяр болушу керек жана көрүнүктүү орунду ээлегенге умтулбастан, тескерисинче, кичик болгону абзел. Матфей 20:17—28; Марк 3:17; 9:33—37; 10:32—45; Лука 18:31—34; Иоанн 11:16.

▪ Эмне үчүн шакирттерди коркунуч басат?

▪ Алдыда боло турган окуяларга Ыйса окуучуларын кандайча даярдайт?

▪ Ыйсага кандай өтүнүч менен кайрылышат жана бул берки расулдарга кандай таасир этет?

▪ Расулдардын арасында пайда болгон кыйынчылыкты Ыйса кандайча чечет?