Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйсаны көптөгөн окуучулары жолдобой калышат

Ыйсаны көптөгөн окуучулары жолдобой калышат

55-бөлүм

Ыйсаны көптөгөн окуучулары жолдобой калышат

ЫЙСА балык жана нан менен керемет аркылуу тойгузган адамдар Галилея деңизинин чыгыш жээгинен кайтып келишип Ыйсаны табышканда, алардын ортосунда асмандан келген нан тууралуу сөз жүргөн болчу. Азыр Ыйса, кыязы, ошол сөздү улантып, өзүнүн асмандан келген чыныгы нан экени тууралуу Капернаумдагы синагогада окутуп жатат.

Ыйса: «Мен бере турган нан — дүйнөнүн өмүрү үчүн берилген менин денем»,— деп түшүндүрөт. Мындан эки жыл мурун, 30-жылы жазында, Ыйса Никодим менен болгон аңгемелешүүсүндө Кудайдын дүйнөнү, башкача айтканда, адамзатты ушунчалык сүйгөндүктөн, анын куткарылышы үчүн өзүнүн Уулун бергенин айткан эле. Эми болсо Ыйса анын денесин каймана мааниде жеген, тактап айтканда, анын жакында алып келе турган курмандыгына ишенген ар ким түбөлүк өмүргө жете аларын көрсөтүп жатат.

Бирок бул сөздөргө адамдар аң-таң болушуп: «Кантип бул киши бизге өзүнүн денесин жегенге бере алат?» — деп жатышты. Ыйса угуучуларына анын денесин каймана мааниде жеш керек экенин түшүндүргүсү келет. Ошондуктан ал түзмө-түз мааниси такыр эле акылга сыйбагандай көрүнгөн нерсени айтат.

«Эгерде адам Уулунун денесин жебесеңер жана канын ичпесеңер,— дейт Ыйса,— анда өмүргө ээ эмессиңер. Ким менин денемди жесе жана канымды ичсе, түбөлүк өмүргө ээ жана мен аны акыркы күндө тирилтем; анткени менин денем — чыныгы тамак, каным болсо чыныгы суусундук. Ким менин денемди жесе жана канымды ичсе, мени менен биримдикте болот, а мен — аны менен».

Эгерде Ыйса чынында эле киши жегичтикке (каннибализмге) чакырса, анда анын окуусун жийиркеничтүү десек болмок. Бирок Ыйса денеси менен канын түзмө-түз жегенге жана ичкенге чакырган жок. Болгону ал, түбөлүк өмүргө жетүү үчүн, жеткилең адамдык денесин берип жана канын төгүп алып келчү курмандыгына ишенүү зарыл экенин баса белгилеп жатат. Тилекке каршы, Ыйсанын окуучуларынын арасынан да көптөрү аны түшүнүүгө аракет кылышпайт. Тескерисинче: «Бул сөздөр үрөй учурарлык! Буларды ким угуп тура алат?» — деп ачууланышат.

Ыйса көптөгөн окуучулары нааразы экенин билип: «Силер үчүн ушу кедерги болуп жатабы? Эгер адам Уулунун мурунку болгон жерине кетип баратканын көрүп калсаңар кантесиңер?.. Мен силерге айтып жаткан сөздөр — рух жана өмүр. Бирок араңарда ишенбегендер да бар».

Ыйса андан ары сөзүн улап: «Атамдан берилбесе, эч ким мага келе албайт деп силерге айтканымдын себеби мына ушунда да»,— дейт. Ушундан кийин окуучуларынын арасынан бир тобу Ыйсадан баш тартып, аны жолдобой калышат. Андан кийин Ыйса 12 расулуна кайрылып: «Силердин да кеткиңер келип жаткан жокпу?» — деп сурайт.

Анда Пётр: «Эге, биз кимге бармак элек. Сенде түбөлүк өмүрдүн сөздөрү бар; сенин Кудайдын Ыйыгы экениңе биз ишендик жана билдик»,— деп жооп берет. Кандай гана берилгендик! Анткени Ыйсанын сөздөрүнүн маанисине Пётр жана башка расулдар да жакшы түшүнүшпөй калышы толук ыктымал болчу.

Пётрдун жообу Ыйсаны кубандырса да, ал: «Он экиңерди тандаган мен эмес белем? Бирок араңардан бирөө — жалаачыл»,— дейт. Муну менен ал Жүйүт Искариотту айтып жатат. Кыязы, Ыйса так ушул учурда Жүйүттүн туура жолдон кетенчиктей баштаганын байкаган.

Жакында эле Ыйса аны падыша кылабыз деген адамдарды нааразы кылып койгон болчу, ошондуктан алар азыр, сыягы: «Кантип эле ал Мессия ээлей турган абалдан баш тартып туруп, Мессия болуп калсын?» — деп ойлоп жатышат. Бул да аларды тынчсыздандырып жаткан суроолордун бири эле. Иоанн 6:51—71; 3:16.

▪ Ыйса денесин кимдер үчүн берет жана алар аны кандайча «жеш» керек?

▪ Ыйсанын кайсы сөздөрү адамдарды ого бетер аң-таң кылат жана муну менен ал эмне айткысы келген?

▪ Көптөр Ыйсаны жолдобой калышканда, Пётр эмне дейт?