Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйсаны сөзүнөн кармай алышкан жок

Ыйсаны сөзүнөн кармай алышкан жок

108-бөлүм

Ыйсаны сөзүнөн кармай алышкан жок

ЫЙСА дагы эле ийбадатканада окутуп жатат. Ал диний каршылаштарынын бузуктугун эми эле эки көрсөтмөлүү мисалдын жардамы менен ашкереледи. Фарисейлер ачууланышып, Ыйсага аны камакка алганга себеп болгудай кылып кандайдыр бир нерсе айттырыш үчүн, өз ара кеңешишет. Алар Ыйсага каршы уюшуп, аны сөзүнөн кармоо максатында өз окуучуларын жана Ироддун партиясынан болгон жаатташтарын жиберишет.

— Устат,— дейт алар,— сенин чынчыл экениңди, Кудай жолун чындыкта окутарыңды жана адамдын өңү-түсүнө карабагандыгыңдан башкалардын ою сени тынчсыздандырбасын биз билебиз. Ошондуктан айтчы, сен кандай деп ойлойсуң? Киши башынан чогултулчу салыкты кесарга төлөө мыйзамга жатабы?

Ыйса алардын арам оюна алдырбайт. Эгерде: «жок, болбойт»,— деп айтса, Римге каршы козголоң чыгарууга азгырып жатат деп күнөөлөшөрүн ал эң сонун билип турат. Ал эми: «ооба, төлөө керек»,— деп айтса, анда римдиктердин эзүүсүн жек көргөн иудейлер аны жаман көрүп калышат. Ошондуктан Ыйса:

— Эки жүздүүлөр, мени эмне үчүн сынап жатасыңар? Киши башынан чогултулчу салыкка төлөнчү тыйынды мага көрсөткүлөчү.

Ага тыйынды алып келишкенде, ал мындай деп сурайт:

— Мынабу сүрөт жана жазуу кимдики?

— Кесардыкы,— дейт алар.

— Демек, кесардыкын — кесарга, Кудайдыкын Кудайга бергиле. Ыйсанын акылдуулук менен берген мындай жообу суроо бергендердин оозун ачырат. Алардын кетип, Ыйсаны жайына койгондон башка аргалары калбайт.

Фарисейлердин Ыйсага каршы эч кыйкым таба албай калышканын көргөн саддукейлер (алар тирилүү бар экенине ишенбегендер) ага мындай суроо менен кайрылышат: «Устат, Муса мындай деп айткан: „Эгерде кимдир бирөө балалуу боло электе өлүп калса, анда анын аялына иниси үйлөнүп, агасынын тукумун улашы керек“. Бизде жети бир тууган бар болчу; биринчиси үйлөнгөндөн кийин өлүп, артына туяк калтырбай, аялын инисине калтырды. Андан кийин экинчиси менен да, үчүнчүсү менен да, анан жетинчисине чейин так ошондой болду. Баарынан кийин тиги аял да өлдү. Ошентип, тирилүү болгондо, ал жетөөнүн кимисине аял болот? Анткени аны баары алган да».

Ыйса жооп кылып: «Жазманы да, Кудайдын күчүн да билбегениңерден улам жаңылып жаткан жоксуңарбы? Анткени өлгөндөр тирилгенде аял алышпайт, күйөөгө чыгышпайт, бирок асмандагы периштелердей болушат. Ал эми өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө Мусанын китебинин тёрн бадалы тууралуу айтылган жеринен Кудайдын Мусага: „Мен Ибрайымдын Кудайымын, Исактын Кудайымын жана Жакыптын Кудайымын“,— дегенин окуган жок белеңер? Ал өлүктөрдүн эмес, а тирүүлөрдүн Кудайы. Силер аябай жаңылып жатасыңар»,— дейт.

Ыйсанын жообу элди кайрадан таң калтырат. Атүгүл китепчилердин айрымдары: «Устат, сен жакшы айттың» — деп, моюнга алышат.

Ыйсанын саддукейлердин да жаагын жап кылганын фарисейлер көрүп, ага тобу менен барышат. Аны кайрадан сынаш үчүн, алардын арасынан бир китепчи: «Устат, Мыйзамдагы осуяттардын эң маанилүүсү кайсы?» — деп сурайт.

Ыйса: «Биринчиси мындай: „Кулак сал, Израиль, Иегова, биздин Кудай — жалгыз бир Иегова, Иегованы, өз Кудайыңды, бүт жүрөгүң, бүт жан дүйнөң, бүт акылың, бүт күч-кубатың менен сүй“. Экинчиси болсо: „Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй“. Булардан чоң башка осуят жок»,— деп жооп берет. Ыйса дагы кошумчалап: «Бардык Мыйзам жана Пайгамбарлар ушул эки осуятка негизделет»,— дейт.

«Устат, сен жакшы айттың,— деп китепчи Ыйсага кошулат,— чынында: „Ал жалгыз жана Андан башка эч ким жок“; аны бүт жүрөгүң, бүт түшүнүгүң, бүт күч-кубатың менен сүйүү жана жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүйүү — бардык тартуулардан жана өрттөлчү курмандыктардан алда канча жогору турат».

Ыйса китепчинин түшүнүп жооп бергенин байкап, ага: «Сен Кудайдын падышалыгынан алыс эмессиң»,— дейт.

Ыйса үч күн катары менен — жекшембиде, дүйшөмбүдө, шейшембиде — ийбадатканада окутат. Эл анын айткандарын сонуркап угат, ал эми диний жетекчилер аны өлтүрүүгө умтулушууда. Бирок азырынча алардын ою ишке аша элек. Матфей 22:15—40; Марк 12:13—34; Лука 20:20—40.

▪ Фарисейлер Ыйсаны сөзүнөн кармаш үчүн, кандай кеңеш курушат жана ал «ооба» же «жок» деп жооп берсе эмне болот эле?

▪ Ыйса саддукейлердин аны сөзүнөн кармоого болгон аракеттерин кандайча бузуп коёт?

▪ Ыйсаны сынаганга фарисейлер кайрадан кандай аракет жасашат, бирок жыйынтыгы кандай болот?

▪ Ыйса Иерусалимде акыркы жолу кызмат кылганда ийбадатканада канча күн окутат жана анын натыйжасы кандай болот?