Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйсаны өлтүрүүгө кайрадан аракет кылышат

Ыйсаны өлтүрүүгө кайрадан аракет кылышат

81-бөлүм

Ыйсаны өлтүрүүгө кайрадан аракет кылышат

АЗЫР кыш мезгили. Ыйса ийбадаткананын жанында жайгашкан Сулаймандын түркүктүү бастырмасында басып жүрөт. Ал жерден аны иудейлер курчап алып: «Канчага чейин сен бизди күттүрүп, жаныбызды кыйнайсың? Эгерде сен Христос болсоң, ачыгын айт»,— дешет.

«Мен силерге айткам,— деп жооп берет Ыйса,— бирок силер ишенбей жатасыңар». Ыйса Машайык экенин аларга кудуктун жанынан самариялык аялга айткандай ачык айткан эмес. Бирок ал өзүнүн ким экенин асмандан келгендигин жана Ибрайымга чейин эле бар болгондугун түшүндүрүп берүүсү менен абдан эле айкын билдирген болчу.

Ыйса өзүнүн Машайык экенин элдин өзү анын кылган иштерин Жазмада алдын ала айтылгандар менен салыштырып түшүнүшүн каалайт. Башында окуучуларына Машайык экенимди эч кимге айтпагыла деп буюрганы да так ушул себептен болчу. Ошондуктан ал кас санаган иудейлерге: «Атамдын атынан кылып жаткан иштерим мен жөнүндө күбөлөндүрүүдө. Бирок силер ишенбей жатасыңар»,— деп жооп берет.

Эмне үчүн алар ишенишпейт? Мүмкүн, Ыйсанын Машайык экенине далилдер анча жетишсиздир? Жок, Ыйсанын төмөндөгү сөздөрүнө караганда, мунун себеби такыр башкада: «Силер менин койлоруман эмессиңер. Менин койлорум үнүмдү угат, мен аларды тааныйм жана алар мени ээрчишет. Мен аларга түбөлүк өмүр берип жатам, алар эч качан жок кылынбайт жана менин колуман аларды эч ким тартып албайт. Атам мага берген нерсе калган нерселердин баарынан улук жана Атамдын колунан аларды эч ким тартып ала албайт».

Андан кийин Ыйса Атасы менен болгон өз ара жакын мамилеси жөнүндө: «Атам экөөбүз бирбиз»,— деп айтат. Ыйса — жерде, Атасы асманда болгондуктан, албетте, ал Атасы менен түзмө-түз мааниде же физикалык жактан бирбиз деп айткан жок. Анын максаты — Атасы экөөнүн ойлору бир экенин жана ортолорунда толук келишкендик өкүм сүрөрүн көрсөтүү.

Ачуусу келген иудейлер Ыйсаны өлтүргүсү келип колдоруна таш алышат. Алар бир нече ай мурун Алачыктар майрамында да ушундай кылышкан. Өлтүрүүгө даяр тургандарды Ыйса тайманбастык менен тике карап: «Мен силерге Атамдан болгон көп жакшы иштерди көрсөттүм. Ошол иштердин кайсынысы үчүн мени ташбараңга алгыңар келип жатат?» — деп сурайт.

«Сени жакшы иш үчүн эмес, Кудайга акарат келтиргениң үчүн — адам болуп туруп өзүңдү Кудай кылып жаткандыгың үчүн — ташбараңга алганы турабыз»,— деп жооп беришет алар. Ыйса эч качан өзүн Кудаймын деп ырастаган эмес, анда иудейлер эмнеге антип айтып жатышат?

Сыягы, алардын ою боюнча, Кудайга гана таандык болгон жөндөмдүүлүктөрдү Ыйса өзүнө ыйгарып жатат. Мисалы, ал азыр эле «койлор» жөнүндө: «Мен аларга түбөлүк өмүр берип жатам»,— деп айтты, а муну бир да адам кыла албайт. Бирок иудейлер Ыйсанын бул ишти ага Атасы дайындаганын айткандыгын эске албай жатышат.

Ыйсанын өзүн Кудайдан төмөн эсептээри анын төмөндөгү берген суроосунан көрүнүп турат: «Силердин мыйзамыңарда (Забур 82:6 [81:6]): „Мен: „Силер кудайларсыңар“,— деп айткам“,— деп жазылган эмес беле? Эгер ал Кудайдын сөзү каршы айтылгандарды «кудайлар» деп атаса... анда мага, Атам ыйыктап туруп дүйнөгө жибергенге, Кудайдын Уулумун дегеним үчүн: „Сен Кудайга акарат келтирип жатасың“,— деп айтасыңарбы?»

Эгерде Ыйык Жазмада адилетсиз бийлер да «кудайлар» деп аталып жатса, Ыйсаны «Кудайдын Уулумун» дегени үчүн иудейлер кантип айыптай алышат? Ыйса андан ары: «Эгерде Атамдын иштерин аткарбай жатсам, анда мага ишенбей эле койгула. А эгерде аткарып жатсам, мага ишенбесеңер да, Атам мени менен мен Атам менен бирдикте экенимди түшүнүп билишиңер үчүн, иштериме ишенгиле»,— деп кошумчалайт.

Ыйса ушуларды айтып жатканда, иудейлер аны кармамакчы болушат. Бирок бул жолу да, Алачыктар майрамындагыдай, Ыйса алардан качып кутулат. Ал Иерусалимден кетип, Иордандын аркы өйүзүнө, төрт жылча мурун Иоанн чөмүлдүрө баштаган жакка, барат. Бул жер, сыягы, Галилея деңизинин түштүк жээгинен алыс эмес жерде жайгашкан жана Иерусалимден ал жерге чейин жөө жүргөндө эки күндүк жол.

Ал жерде Ыйсага көп адамдар келишет, алар: «Иоанн бир да керемет жасабаса да, анын бул адам жөнүндө айткандарынын баары чындык экен»,— деп айтып жатышты. Ошентип, бул жердегилердин көптөрү Ыйсага ишенип калышат. Иоанн 10:22—42; 4:26; 8:23, 58; Матфей 16:20.

▪ Ыйсанын Машайык экенин адамдар эмненин негизинде түшүнүшү керек?

▪ Кандай мааниде Ыйса Атасы менен бир?

▪ Иудейлер, сыягы, эмне үчүн Ыйсаны өзүн Кудай кылып жатат деп күнөөлөшөт?

▪ Ыйсанын Забурдагы сөздөрдү колдонгондугу анын Кудай менен тең болууга умтулбаганын кандайча көрсөтүп турат?