Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйса Иегованын бардык тапшырмасын аткарат

Ыйса Иегованын бардык тапшырмасын аткарат

133-бөлүм

Ыйса Иегованын бардык тапшырмасын аткарат

ЖООКЕР-ПАДЫША Ыйса Машайыктын Шайтан менен анын бузуку дүйнөсүн жок кылышы кандай гана зор кубаныч алып келет! Көптөн күткөн Ыйсанын Миң жылдык башкаруусу башталат!

Армагеддондон аман калган адамдар Ыйсанын жана аны менен бирге падышалык кылгандардын жетекчилиги астында жерди ошол адилеттүү согуштан калган урандылардан тазалайт. Алар, калыбы, бир канча убакыттар бою бала-бакыралуу болушат жана ошо балдары менен бирге эң сонун ишке — жерди татынакай гүлбакка айлантууга — катышышат.

Убакыттын өтүшү менен Ыйса ошол кереметтүү Бейиш жашоосуна нечен миллиондогон өлгөн адамдарды тирилтет. Муну Ыйса өзүнүн: «Эстелүүчү мүрзөдөгүлөрдүн баары... чыга турган убак келет»,— деген убадасын аткаруу менен ишке ашырат.

Ыйса тирилте турган адамдардын арасында анын жанындагы кыйноо мамысында өлгөн каракчы да болот. Ыйса ага: «Чынын айтамын сага бүгүн: сен мени менен Бейиште болосуң»,— деп убада бербеди беле. Ал Машайык менен чогуу жерди башкарыш үчүн асманга алынбайт жана Ыйса кайрадан адам болуп, аны менен бирге жердеги Бейиште жашабайт. Ыйса мурдагы каракчы менен бирге болот дегенди, кийинки беттеги сүрөттөн көрүнүп тургандай, ал аны Бейиштеги жашоого тирилтип, денелик да, рухий да муктаждыктарына кам көрөт деп түшүнүүгө болот.

Элестетсең! Ыйсанын мээримдүү камкордугуна бөлөнгөн адамзат: Армагеддондон аман өткөндөр, алардын балдары жана тирилип, Ыйсага тил алган миллиарддаган адамдар бара-бара адамдык жеткилеңдикке жетишет. Падышалык кылып жаткан Уулу Ыйса Машайык аркылуу Иегова да адамдар менен рухий мааниде чогуу болот. Иоанн асмандан: «Ал [Кудай] алардын көздөрүнөн бардык жашын аарчыйт, өлүм да эми болбойт, азап-кайгы да, өкүрүк да, оору да экинчи болбойт»,— деген үндү уккан. Жер тургундарынын эч кимиси кайгырып-капаланбайт да, ооруп-сыркоолобойт.

Кудайдын биринчи адамзат түгөйүнө — Адам менен Ового — тукумдап, жер жүзүн толтургула деп тапшырма бергендеги алгачкы ой-ниети Ыйсанын Миң жылдык башкаруусунун соңунда толугу менен ишке ашат. Ооба, жер такыбаа, жеткилең адамдарга толот. Анткени Ыйсанын куткаруучу курмандыгынын пайдасы ар бир адамга тиет. Адам атанын күнөөсүнүн кесепетинен чыккан өлүм жоголот!

Ошентип, Ыйса Атасынын бардык тапшырмасын аткарат. Ал эми миң жылдын соңунда Ыйса Падышалыкты жана жеткилеңдикке жеткен жалпы адамзат үй-бүлөсүн Атасына өткөрүп берет. Анан Кудай Шайтан менен анын жин-перилерин туңгуюктан, башкача айтканда, өлүм сымал абалдан бошотот. Эмнеге?

Миң жылдын соңунда Бейиште жашагандардын көбүн ишеними сынала элек тирилген адамдар түзөт. Мурун Кудайдын убадаларын билишпегендиктен, алар ал убадаларга ишенер-ишенбесин көрсөтө алышкан эмес. Ал эми тирилтилип, Ыйык Китептеги чындыкка үйрөтүлгөндөн кийин, алар үчүн Кудайга Бейиште эч кандай каршылыксыз кызмат кылуу кыйынга турбайт. Бирок сыноо маалында, тагыраак айтканда, Шайтанга аларды Кудайга кызмат кылуудан азгырып кетүүгө жол берилсе, алар ишенимдүү бойдон калышабы? Мына ушул суроого жооп алыш үчүн, Шайтан бошотулат.

Иоаннга берилген аян Ыйсанын Миң жылдык башкаруусунан кийин да Шайтан көптөгөн адамдарды Кудайга кызмат кылуудан баш тарттыра аларын көрсөтөт. Бирок акыркы сыноо аяктагандан кийин, Шайтан менен анын жин-перилери жана туура жолдон тайгандардын баары түбөлүккө жок кылынат. Ал эми сыноодо Кудайга болгон берилгендигин сактаган туруктуу адамдар тирүү калышат да, түбөлүктөн-түбөлүккө асмандагы Атабыздын мол баталарын алышат.

Кудайдын кереметтүү ой-ниеттеринин аткарылышында Ыйсанын маанилүү роль ойноп келгендиги жана келечекте да ойноору, албетте, айкын. Анын Кудайдын асмандагы улуу Падышасы катары жасаган иштеринин аркасында биз эң сонун келечекке жетебиз! Бирок, албетте, анын жерде жүргөнүндө жасап кеткендерин да унутпашыбыз керек.

Ыйса жерге даярдуулук менен келип, адамдарга өзүнүн Атасы тууралуу айтып берген. Андан сырткары, Кудайдын эң сонун касиеттерин чагылдырган. Биз Ыйсанын кажыбас кайраттуулугу менен эрдигин, теңдешсиз акылмандыгы менен окутуучулук чебердигин жана анын калтаарыбас жетекчи, абдан боорукер, кайрымдуу адам болгону жөнүндө ой жүгүрткөнүбүздө терең таасирленебиз. Ал эми жашоого жетүүгө бирден-бир мүмкүндүк берген куткаруу кунун төлөш үчүн, Ыйсага эмне деген азаптарды башынан өткөрүүгө туура келгенин эстегенибизде, биз ага чын жүрөгүбүздөн ыраазы болобуз!

Ыйсанын өмүр жолун изилдеп чыгып, биз кандай сонун адам менен тааныштык! Анын улуктугу ачык-айкын жана зор. Римдик башкаруучу Пилаттын: «Мына, Адам деп ушуну айт!» — дегенине биз да кошулгубуз келет. Ооба, ал тарыхтагы эң улуу «Адам» болгон!

Эгерде биз Ыйсанын куткаруучу курмандыгына ишеним көрсөтсөк, Адам атадан тукум кууп келген күнөө менен өлүмдүн арткан жүгүнөн бошонобуз жана Ыйса биз үчүн «Түбөлүктүн атасы» болот. Түбөлүк өмүр алгысы келгендердин баары Кудай тууралуу гана эмес, анын Уулу Ыйса Машайык тууралуу да так билим алууга тийиш. Бул китепти окуп-изилдөө сага өмүр берүүчү билимге ээ болууга жардам болсун! 1 Иоанн 2:17; 1:7; Иоанн 5:28, 29; 3:16; 17:3; 19:5; Лука 23:43; 1 Муса 1:28; 1 Коринфтиктер 15:24—28; Аян 20:1—3, 6—10; 21:3, 4; Исаия 9:6.

[448-беттеги сүрөт]

▪ Армагеддондон аман өткөндөр менен алардын балдарына кандай тапшырма берилет?

▪ Бейиште Армагеддондон аман калгандар менен алардын балдарынан башка дагы кимдер жашайт жана Ыйса кандайча алар менен бирге болот?

▪ Миң жылдын соңунда жер жүзүндө кандай шарт өкүм сүрөт жана ошондо Ыйса эмне кылат?

▪ Эмне үчүн Шайтан туңгуюктан бошотулат жана акыры ал менен аны ээрчигендер эмне болот?

▪ Канткенде Ыйса биз үчүн «Түбөлүктүктүн атасы» болот?