Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйса Иерусалимге акыркы жолу баратып пес оорулуу он адамды айыктырат

Ыйса Иерусалимге акыркы жолу баратып пес оорулуу он адамды айыктырат

92-бөлүм

Ыйса Иерусалимге акыркы жолу баратып пес оорулуу он адамды айыктырат

ЫЙСА Иерусалимден кетип калгандыктан, Синедриондун мүчөлөрүнүн аны өлтүрүүгө жасаган аракеттери ишке ашпай калды. Ал, сыягы, Иерусалимден түндүк-чыгышка карай 25 чакырым алыстыкта жайгашкан Ефрем шаарына барып, окуучулары менен ошо жерге токтойт, демек, душмандары алыста калат.

Бирок 33-жылдын Пасах майрамы жакындап калгандыктан, Ыйса кайрадан жолго чыгат. Ал Самария аркылуу өтүп, Галилеяга келет. Бул анын акыркы жолу келиши эле. Галилеяда ал окуучулары менен, кыязы, Иерусалимге Пасах майрамына бараткан адамдарга кошулат. Алар Иордандын чыгыш жээк тарабында жайгашкан Перея аркылуу өтүшөт.

Сапарынын башында Ыйса Самариянын же Галилеянын бир айылына кире бергенде, аны пес оорулуу он киши тосуп чыгат. Пес оорусу — адамдын дене мүчөлөрүн: колу-бутунун манжаларын, кулагын, мурдун, эриндерин акырындык менен бузуучу коркунучтуу дарт. Бул ооруну башкалар жугузуп албашы үчүн, Кудайдын Мыйзамында пес оорусу менен ооругандар тууралуу мындай деп айтылган: «Оозун тумчулап: „Таза эмес, таза эмес!“ — деп кыйкырышы керек. Жара болуп жүргөн күндөрүнүн баарында ал таза эмес... Ал өзүнчө жашашы керек».

Пес оорулуу он киши Мыйзамда айтылганга карманып, Ыйсадан обочороок токтошот. Алар: «Ыйса, Насаатчы, бизге ырайым кыл!» — деп кыйкырышат.

Ыйса аларды көрүп: «Баргыла да, дин кызматчыларына көрүнгүлө»,— деп буюрат. Муну айтканынын себеби, Кудайдын Мыйзамы боюнча, дин кызматчылары гана пес оорусунан айыккандарды таза деп жарыялаганга укуктуу. Ошондо гана алар кайрадан таза адамдардын арасында жашай алышат.

Оорулуу он киши Ыйсанын керемет күчүнө ишенишет, ошондуктан алар али сакая элек болушса да, дин кызматчыларга шаша жөнөшөт. Ыйсага ишенишкендиги үчүн алар жолдо баратып бата алышат. Алар дартынын айыгып баратканын көрүшөт жана сезишет!

Оорусунан тазаланган тогузу андан ары жолун улантышат, ал эми онунчусу, самариялык киши, Ыйсаны табыш үчүн кайра артка жөнөйт. Эмне үчүн? Анткени ал сакайганына абдан ыраазы. Ал киши бийик үн менен Кудайды даңктайт жана Ыйсаны тапканда анын алдына чөгөлөп, ыраазылыгын билдирет.

Ыйса: «Тазалангандар он эмес беле? Калган тогузу кайда? Кудайды даңкташ үчүн, бул бөлөк уруунун адамынан башка эч кимиси кайтып келген жокпу?» — деп сурайт.

Андан кийин Ыйса самариялык кишиге: «Тур да, жөнө; сени ишенимиң сакайтты»,— деп айтат.

Ыйсанын пес оорулуу он адамды айыктырганы жөнүндө окуганыбызда, «Калган тогузу кайда?» деген суроо менен берилген сабакты жүрөгүбүзгө түйүшүбүз керек. Тогузунун ыраазылык билдирбегени — чоң ката. Самариялык кишиге окшоп, биз дагы Кудайдан алып жаткан бардык нерселерге, алардын ичинде, Кудайдын адилеттүү жаңы заманындагы түбөлүк жашоо тууралуу берген бекем убадасына ыраазыбызбы? Иоанн 11:54, 55; Лука 17:11—19; 3 Муса 13:16, 17, 45, 46; Аян 21:3, 4.

▪ Эмне үчүн Ыйсаны өлтүрүүгө жасалган аракеттер ишке ашпай калат?

▪ Андан кийин Ыйса каякка жөнөйт жана эмне максат менен?

▪ Эмне себептен пес оорулуулар Ыйсадан обочо токтошот жана эмне үчүн Ыйса аларга дин кызматчыларына барууну буюрат?

▪ Бул окуядан биз кандай сабак алышыбыз керек?