Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйса Никодимди насыяттайт

Ыйса Никодимди насыяттайт

17-бөлүм

Ыйса Никодимди насыяттайт

ОТУЗУНЧУ жылы Пасах майрамынын убагында Ыйса укмуштуу ажайыптарды же кереметтерди жасайт. Натыйжада ага көптөр ишенип калат. Синедриондун, иудейлердин жогорку сотунун, мүчөсү болгон Никодим да абдан кызыгып, көбүрөөк билүүнү каалайт. Бирок ал Ыйсага түн жамынып келет, кыязы, кимдир бирөө көрүп калса, иудей жетекчилеринин арасында өзүнүн кадыр-баркын түшүрүп алам деп коркот окшойт.

«Рабби,— дейт ал,— биз сенин Кудайдан келген үйрөтүүчү экениңди билебиз, анткени сен көрсөткөн кереметтерди, эгер аны менен Кудай болбосо, эч ким көрсөтө албайт». Ыйса Никодимге Кудайдын Падышалыгына «кайрадан туулгандар» гана кирерин айтат.

Адам кантип кайрадан туула алат? Никодим Ыйсадан: «Энесинин жатынына ал кантип эле экинчи жолу кирсин жана кайрадан туулсун»,— деп сурайт.

Жок, «кайрадан туулуу» деген муну билдирбейт. «Эгерде ким суудан жана рухтан туулбаса,— деп түшүндүрөт Ыйса, Кудайдын падышалыгына кире албайт». Ыйса чөмүлтүлгөндө жана ага ыйык рух түшкөндө, ал «суудан жана рухтан» туулган. Кудай: «Бул менин сүйүктүү Уулум»,— деп айтканда, асман Падышалыгына кире турган рухий Уулунун туулганын жарыялаган. Кийинчерээк, 33-жылы Эгин оруп-жыйноо майрамында, чөмүлтүлгөн башка адамдар да ыйык рух алышкан. Алар мына ушундайча кайрадан туулган жана Кудайдын рухий уулдары болуп калышкан.

Бирок Ыйса — Кудайдын өзгөчө Уулу. Ага Иегова адамзатка байланыштуу ниетиндеги эң маанилүү ролду берген. Ыйса Никодимге: «Эрме чөлдө Муса жыланды өйдө көтөргөндөй эле, ишеним көрсөткөн ар ким түбөлүк өмүргө ээ болсун үчүн, адам Уулу да ошондой көтөрүлүшү керек»,— дейт. Уулуу жылан чаккан израилдиктер аман калыш үчүн жез жыланды карашы керек эле. Ушу сыяктуу эле, адамдар Кудайдын Уулуна ишениши керек, ошондо гана алар өлүм абалынан кутула алышат.

Андан ары Ыйса: «Ага ишеним көргөзгөн ар ким жок кылынбастан, түбөлүк өмүргө ээ болсун үчүн, Кудай дүйнөнү ушунча сүйгөндүктөн, жалгыз өзү жараткан Уулун берди» — деп айтып, адамдардын аман калуусунда Иегованын сүйүүсүнүн ролу зор экенин Никодимге түшүндүрөт. Ошентип, Ыйса кызматын баштагандан алты эле ай өткөндө ушул жерде, Иерусалимде, дал өзү аркылуу Иегова адамзатты куткарарын айкын көрсөттү.

Ыйса андан ары Никодимге мындай дейт: «Анткени Кудай өз Уулун дүйнөгө дүйнөнү айыптоо үчүн жиберген жок». Тактап айтканда, ал дүйнөнү айыптап, адамзатты жок кылууга өкүм чыгарганы келген эмес. Тескерисинче, Ыйса, өзү айткандай, «дүйнө ал аркылуу куткарылышы үчүн» жиберилген.

Никодим Ыйсага жарыкта келгенден коркуп, түн жамынып келген. Ошон үчүн Ыйса аны менен болгон маектешүүсүн мындайча аяктаганы кызык: «Айыптоо үчүн негиз мындай: дүйнөгө [Ыйсанын жашоосу жана окутууларын чагылдырган] жарык келди, бирок адамдар жарыкты эмес, караңгылыкты сүйдү, анткени алардын иштери жаман болчу. Анткени жаман иш кылып жүргөн ар ким жарыкты жек көрөт жана иштери ачык болуп калбашы үчүн жарыкка келбейт. Ал эми чындыкка ылайык иш кылуучу иштери айкын болуу үчүн жарыкка келет, анткени алар Кудайдын эрки менен жасалган». Иоанн 2:23—3:21; Матфей 3:16, 17; Расул 2:1—4; 4 Муса 21:9.

▪ Никодимдин Ыйсага барышына эмне түрткү болот жана ал эмне үчүн түн жамынып барат?

▪ «Кайрадан туулуу» деген эмнени билдирет?

▪ Ыйса биздин куткарылуубуздагы өзүнүн ролун кандай мисал менен көрсөтөт?

▪ Ыйсанын дүйнөнү айыпташ үчүн келбегендиги эмнени билдирет?