Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйса алай-дүлөй болгон деңизди тынчытат

Ыйса алай-дүлөй болгон деңизди тынчытат

44-бөлүм

Ыйса алай-дүлөй болгон деңизди тынчытат

ЫЙСА үчүн оор күн болду. Анткени ал жээкке чогулган элди окутуп, андан соң көрсөтмөлүү мисалдардын маанисин окуучуларына түшүндүрүп берди. Кеч киргенде ал окуучуларына: «Башка өйүзгө өтөлү»,— дейт.

Галилея деңизинин чыгыш жагында Он шаар же Декаполис деп аталган жер бар. Бул аталыш грек сөздөрүнөн келип чыккан, де́ка — «он», по́лис «шаар» дегенди билдирет. Он шаардын аймагындагы шаарларда бир топ иудейлер жашаса да, ал жер грек маданиятынын борбору болуп саналат. Ыйса бул аймакта көп деле кызмат кылбайт жана ушу жолкусунда да, кийинчерээк биз биле тургандай, анын бул жерде көбүрөөк калышына мүмкүнчүлүк беришпейт.

Ыйса башка өйүзгө өтүүнү суранганда, окуучулары аны өзүлөрү менен кошо кайыкка алат. Бирок алардын кеткени байкалбай калган жок. Бир аз убакыттан кийин башкалар да кайыктарына отурушуп, алардын артынан жөнөшөт. Аркы өйүзгө чейин анча алыс эмес. Галилея деңизи — чын чынына келгенде, чоң көл. Анын узундугу 20 чакырым, ал эми эң жазы жери 12 чакырым.

Албетте, Ыйса чарчады. Бир аздан кийин ал кайыктын арткы бөлүгүнө өтүп, башын жаздыкка коюп, катуу уктап кетет. Расулдардын арасында Галилея деңизинен бир топтон бери балык уулап жүргөн тажрыйбалуу кайыкчылар бар эле. Ошондуктан кайыкты алар башкарууда.

Бирок бул жолкусунда баары эле оңой боло койгон жок. Анткени деңиз деңгээлинен 210 метр төмөн жайгашкан көлдүн үстүндөгү абанын температурасы курчап турган тоолордогу абанын температурасынан жогору болгондуктан, ал жерде мезгил-мезгили менен көлдү капысынан чоң толкунга айландырган катуу шамал болуп турат. Мына, азыр дал ушунун өзү болуп жаткан кез. Толкундар кайыкты капталынан уруп, анын ичине суу толуп бараткандыктан, кайык чөккөнү араң турат. Ыйса болсо дагы эле катуу уйкуда.

Тажрыйбалуу кайыкчылар болгон күчү менен кайыкты башкарууга аракет кылышууда. Албетте, мындай катуу шамалга алар биринчи жолу кезигишкен жок, ошентсе да бул жолкусунда алардын кайыкты башкарганга дармандары келбей калды. Бул көрүнүш өмүргө коркунуч туудургандыктан, окуучулары Ыйсаны ойготушат. «Устат, өлүп жатканыбыз менен ишиң жокпу? — деп кыйкырышат алар. — Куткар бизди, чөгүп баратабыз!»

Ыйса туруп, шамал менен деңизге: «Басыл! Тынчтан!» — деп буйрук берет. Алай-дүлөй түшкөн шамал басылып, деңиз тынчыйт. Андан кийин окуучуларына кайрылып: «Силер эмнеге мынчалык коркоксуңар? Дагы эле ишенимиңер жокпу?» — дейт.

Окуучуларын чоң коркунуч басат. Алар: «Шамал менен сууну да баш ийдиргендей, деги бул ким?» — деп өз ара сүйлөшүп жатышты.

Ыйса кандай гана күчкө ээ! Биздин Падышабыздын табият күчтөрүнүн үстүнөн да бийлик жүргүзө аларын билүү кандай гана кайраттандырат! Демек, Ыйса Падышалык башкаруусунда бүт көңүлүн жерге бурат жана адамдарга эч кандай табигый кырсыктар коркунуч туудурбайт.

Катуу шамал басылгандан бир аз убакыт өткөндөн кийин, Ыйса окуучулары менен деңиздин чыгыш тараптагы өйүзүнө аман-эсен жетишет. Кыязы, башка жакта сүзүп жүргөн кайыктагыларга катуу шамал жеткен эмес окшойт: алар да үйлөрүнө кырсыксыз кайтып келишет. Марк 4:35—5:1; Матфей 8:18, 23—27; Лука 8:22—26.

▪ Он шаар деген эмне жана ал каякта жайгашкан?

▪ Эмне үчүн Галилея деңизинде катуу шамал болуп турат?

▪ Тажрыйба менен жөндөмдүүлүктөрү жардам бербей калганда, окуучулары эмне кылат?