Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйса белгилеген акыркы Пасах жакындап келатат

Ыйса белгилеген акыркы Пасах жакындап келатат

112-бөлүм

Ыйса белгилеген акыркы Пасах жакындап келатат

ШЕЙШЕМБИ. 11 нисан аяктап баратат. Ыйса жаңыдан эле Зайтун тоосунда расулдарына акыл-насаат айтып бүттү. Бул күн өзгөчө машакаттуу, оор күн болду. Эми, сыягы, Вифанияга алып баруучу жол менен кетип баратып, Ыйса расулдарына мындай дейт: «Силер билгендей, эки күндөн кийин Пасах болот, анан адам Уулун устунга кадаганы беришет».

Эртеси шаршемби күндү, 12-нисанды, Ыйса расулдары менен жалгыз, тынч жерде өткөзөт көрүнөт. Мындан бир күн мурун диний жетекчилерди ачык ашкерелегендиктен, Ыйса алардын өлтүрүүгө мүмкүнчүлүк издеп жатышканын түшүнүп эле турат. Ошон үчүн шаршембиде элге көрүнбөйт: эртеси күнү кечинде Пасахты расулдары менен чогуу майрамдоого эч нерсе тоскоолдук кылышын каалабайт.

Ал ортодо дин башчы Каиафанын короосунда диний жетекчилер менен эл аксакалдары чогулуп жатышкан эле. Ыйсанын кечээ күнкү ашкерелегенине катуу арданышкан немелер аны кандай амал менен кармап, өлтүрүп салсак деп «акылдашышат». Алар: «Бирок майрамда эмес: эл козголоң чыгарбасын»,— дешет. Алар элден коркушат, анткени эл Ыйсаны жактачу.

Диний жетекчилер Ыйсага карата жаман ниетин ишке ашырыш үчүн, өз ара кеңешип жатышканда, кимдир бирөө келет. Аларды таң калтырган нерсе, келген адам Ыйсанын расулдарынын бири — Жүйүт Искариот — эле. Өз Мырзасын саттырыш үчүн, Шайтан анын акылына бузуку ой салып койгон! Жүйүт: «Мен аны колуңарга салып берсем, мага эмне бересиңер?» — деп сураганда, диний жетекчилердин чырагына май тамат да калат. Алар Мусанын мыйзамындагы осуятка жараша 30 күмүш теңге, кулдун наркын, төлөп берүүгө жан деп макул болушат. Ошондон тартып Жүйүт Ыйсаны эл жок жерден колго салып берүүнүн ыңгайын издей баштайт.

Шаршемби күнү күн уясына киргенден кийин, 13-нисан башталат. Ыйса Иерихондон жума күнү келет, демек, анын Вифанияда жүргөнүнө алты түн болгон; бүгүн акыркысы. Эртеси күнү Пасахка акыркы даярдыктар көрүлүүгө тийиш, анткени майрам күндүн батышы менен башталат. Ал маалда Пасахка арналган козу союлуп, бүкүлү бойдон отко какталып бышырылып коюлушу керек. Ал эми Ыйсалар Пасах майрамын кайдан өткөзүшөт жана ага ким даярдык көрөт?

Ыйса бул тууралуу ооз ачкан эмес: эгер Жүйүт аны дин башчыларга жеткирип барса, алар Ыйсаны майрам маалында кармап кетиши мүмкүн эле да. Чамасы, азыр бейшембинин жаңыдан түш оогон маалы. Ыйса: «Жөнөгүлө, биз жегенге Пасах майрамынын тамагын даярдап тургула» — деп, Пётр менен Иоаннды Вифаниядан жиберет.

— Каерге даярдашыбызды каалайсың? — деп сурашат тигилер.

— Шаарга кире бергениңерде,— деп түшүндүрүп берет Ыйса,— суу куюлган кумара көтөргөн адамга жолугасыңар. Ошону ээрчип, ал кирген үйгө баргыла. Анан үйдүн кожоюнуна: «Устат сага: „Мен окуучуларым менен Пасах тамагын жей ала турган конок бөлмөң кайсы жерде?“ — деди»,— деп айткыла. Ошондо ал керектелчү нерселердин баары бар үстүнкү чоң бөлмөнү көрсөтүп берет. Ошол жерге даярдагыла.

Үйдүн кожоюну Ыйсанын окуучусу экени шексиз. Ал Ыйсанын, мындай өзгөчө майрамды өткөзүш үчүн, анын үйүн колдонууга уруксат сураарын мурунтан билет шекилдүү. Кандай болбосун, Иерусалимде бардыгы Ыйсанын Пётр менен Иоаннга айтканындай болуп чыгат. Алар экөөлөп Пасахка арналган козунун даяр болушуна кам көрүшөт да, Пасахты 13 киши — Ыйса менен анын 12 расулу — белгилеш үчүн керектелүүчү нерселердин баарын камдашат. Матфей 26:1—5, 14—19; Марк 14:1, 2, 10—16; Лука 22:1—13; 2 Муса 21:32.

▪ Ыйса шаршемби күнү, калыбы, эмне кылат жана эмне үчүн?

▪ Дин башчынын үйүндө кандай жолугушуу өткөрүлөт жана диний жетекчилерге Жүйүт эмне максат менен келет?

▪ Ыйса бейшембиде Иерусалимге кимдерди жана эмне үчүн жиберет?

▪ Эки расул Ыйсанын табияттан тыш жөндөмдүүлүккө ээ экенин дагы бир жолу көрсөткөн эмнеге күбө болушат?