Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйса жана астрологдор

Ыйса жана астрологдор

7-бөлүм

Ыйса жана астрологдор

ЧЫГЫШТАН бир нече киши жакындап келе жатат. Булар — астрологдор, жылдыздардын жайгашуусун түшүндүрүп бере алабыз деп ырастаган адамдар. Алар өз мекенинен, Чыгыштан, жаңы жылдызды көрүшүп, анын артынан ээрчип жүрүп отуруп, Иерусалимге чейин жүздөгөн чакырым аралыкты басып өтүштү.

Иерусалимге келишкенде алар: «Иудейлердин төрөлгөн падышасы кайда? Биз чыгышта жүргөндө анын жылдызын көрдүк жана ага табынганы келдик»,— деп сурашат.

Бул тууралуу Иерусалимде жүргөн Ирод падыша угуп, абдан тынчсыздана баштайт. Ал дин башчыларды чакырып алып, алардан Машайыктын каякта төрөлүшү керек экенин сурайт. Алар Ыйык Жазмага таянып: «Вифлеемде»,— деп жооп беришет. Андан кийин Ирод астрологдорду өзүнө чакырып, аларга: «Баргыла да, баланы абдан жакшылап издегиле, аны тапканыңарда мен да барып табынып келишим үчүн, мага да кабарлап койгула»,— деп айтат. Бирок, чын-чынына келгенде, Ирод баланы өлтүрүүнү каалап жаткан.

Астрологдор кеткенден кийин, таң калыштуу бир нерсе болот. Чыгыштан көрүнгөн жылдыз эми алардын алдында жылып баратты. Аларга жол көрсөтүү үчүн атайын жиберилгендиктен, калыбы, бул кадимки жылдыз болбосо керек. Жылдыз Жусуп менен Мариам жашаган үйдүн үстүнө токтогонго чейин, астрологдор анын артынан жүрүп отурушту.

Астрологдор үйгө киришет. Мариам менен кичинекей Ыйсаны көрүп, ага жүгүнүшөт да, баштыктарынан белектерин: алтын, жыттуу зат жана жыпар жыттуу чайырларын алып чыгышат. Алар Иродго кайтып барып, баланын каякта экендигин билдире кетүүнү ойлошот, бирок аларга муну кылбоо жөнүндө түш аркылуу Кудайдан эскертүү берилет. Ошондуктан алар өз өлкөсүнө башка жол менен кайтышат.

Сенин оюң боюнча, жылдыздын асман менен жылып, астрологдорго жол көрсөтүүсүнө ким жетекчилик кылган? Жылдыз ал адамдарды түз эле Вифлеемдеги Ыйсага алып келбегенин эстесең. Анын ордуна, алар Иерусалимге келип, Ыйсаны өлтүрүүнү каалаган Ирод падышага жолугушкан. Эгерде Кудай астрологдорго Ыйсанын кайсы жерде экенин айтпоого буйрук бербесе, Ирод чындап эле оюн ишке ашырмак. Ыйсанын өлүмүн Кудайдын душманы Шайтан Ибилис каалаган. Так ошол Шайтан Ибилистин өзү, максатына жетиш үчүн, жылдызды колдонгон. Матфей 2:1—12; Михей 5:2.

▪ Астрологдор көргөн жылдыздын кадимки жылдыз эмес экенин эмне көрсөтүп турат?

▪ Ыйсаны астрологдор каяктан табышат?

▪ Астрологдорго жол көрсөткөн жылдызды Шайтан колдонгонун эмнеден билсек болот?