Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйса жана башкаруучу бай жигит

Ыйса жана башкаруучу бай жигит

96-бөлүм

Ыйса жана башкаруучу бай жигит

ЫЙСА Перея аркылуу Иерусалимди көздөй өтүп баратканда, бир жигит ага чуркап келип, алдына чөгөлөйт. Бул жигитти башкаруучу деп аташа турган, демек, ал жергиликтүү синагогада көрүнүктүү абалды ээлеген, а балким, Синедриондун да мүчөсү болгон. Андан тышкары, ал абдан бай эле. «Жакшылыкчыл Устат, түбөлүк өмүрдү мурасташым үчүн эмне кылышым керек?» — деп суроо берет ал.

— Мени эмне үчүн жакшылыкчыл деп атап жатасың? Бир Кудайдан башка эч ким жакшылыкчыл эмес,— деп каршылыгын билдирет Ыйса. Калыбы, тиги жигит «жакшылыкчыл» деген сөздү титул катары колдонуп жатат, ошондуктан Ыйса андай титул Кудайга гана колдонуларын түшүндүрүүдө.

— Эгерде өмүргө киргиң келсе,— деп Ыйса сөзүн улайт,— парыздарды дайыма аткар.

— Кайсыларын? — дейт жаш жигит.

Ыйса ага жооп кылып, Он осуяттын ичинен бешөөнү атайт: «Өлтүрбө, ойноштук кылба, уурдаба, жалган күбөлүк кылба, атаңды жана энеңди сыйла». Андан кийин ал дагы маанилүүрөк бир осуятты айтат: «Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй».

«Мен мунун баарын жаштайыман эле сактап келатам — деп, жаш жигит чын ыкыласы менен жооп берет,— мага дагы эмне жетишпейт».

Ыйса бул адамдын тырышчаактык менен жана чын ыкыласынан берген суроосун угуп, ага карата жылуу сезими пайда болот. Бирок ал жигиттин байлыкка өтө эле жакын экенин байкайт, ошондуктан ага эмне жетишпей турганын билдирип: «Сага бир гана нерсе жетишпей турат, барып, колуңда болгондун баарын сат да, жакырларга таратып бер, ошондо сенин асманда байлыгың болот; андан кийин келип, мени ээрчи»,— дейт.

Ыйса, албетте, тиги жигиттин терең кайгыруу менен ордунан туруп, кетип баратканын өкүнүч менен байкап турду. Байлык анын көзүн көр кылып, чыныгы байлыктын баалуулугун аңдаганга жолтоо болуп жатат. «Акчасы барларга Кудайдын падышалыгына кирүү кандай гана кыйын болот!» — дейт Ыйса өкүнүчтүү.

Ыйсанын сөздөрү окуучуларын таң калтырат, ал эми андан кийинки корутундусу аларды ого бетер аң-таң кылат: «Анткени бай адамдын Кудайдын падышалыгына киришине караганда, төөнүн ийненин көзүнөн өтүшү оңоюраак».

«Анда ким куткарыла алат?» — дейт окуучулары.

Ыйса аларга тике карап: «Адамдар үчүн бул мүмкүн эмес, бирок Кудай үчүн эмес, анткени Кудайга баары мүмкүн»,— деп жооп берет.

Башкаруучу бай жигитке караганда алар такыр башка нерсени тандап алышканын айтып, Пётр мындай дейт: «Мына, биз баарын калтырып сени ээрчидик, мындан кандай пайда алабыз?»

«Калыбына келтирүү болгондо, адам Уулу даңктуу тагына отурганда, силер да, мени ээрчигендер, он эки такка отурасыңар жана Израилдин он эки уруусун башкарасыңар»,— деп убада берет Ыйса. Ооба, Ыйса муну менен Едем багындагы жашоо-шарттар кандай болгон болсо, жер бетинде да ошондой шарттар калыбына келтирилерин түшүндүрүп берүүдө. Пётр жана башка окуучулар ошол бүткүл дүйнөлүк Бейиштин үстүнөн Ыйса менен бирге падышалык кылуу белегин алышат. Бул эң зор белек, албетте, көптөгөн курмандыктарга барууга татыйт!

Бирок, Ыйсанын билдирүүсү боюнча, анын окуучулары азыртадан эле белек алып жатышат: «Мен үчүн жана жакшы кабар үчүн үйүн, ага-инилерин же эже-сиңдилерин, энесин же атасын, балдарын же талаасын калтырып, азыр, ушу убакта, жүз эсе көп үйлөрдү, ага-инилерди жана эже-сиңдилерди, энелерди жана балдарды, талааларды, алар менен бирге куугунтуктарды, ал эми келечектеги түзүлүштө түбөлүк өмүрдү албай кала турган эч ким жок».

Ыйса окуучуларына алар кай жакта болбосун, бардык жерде тууган-туушкандары менен болгон мамилелерге караганда ишенимдештери менен тыгызыраак жана баалуураак мамилелерге ээ болушарын убадалап жатат. Ал эми башкаруучу бай жигит, сыягы, ушул белектен да, Кудайдын асман Падышалыгындагы түбөлүк өмүрдөн да кур калууда.

Андан кийин Ыйса: «Биринчи болгон көптөр — акыркы, ал эми акыркылар биринчи болушат»,— деп кошумчалайт. Муну менен ал эмнени айткысы келген?

Бул сөзү менен Ыйса диний чөйрөдө ар кандай артыкчылыктарды колдонгон «биринчилердин» катарына киргендердин көптөрү — мисалы, башкаруучу бай жигит — Падышалыкка кирбей турганын айткысы келип жатат. Алар «акыркылар» болушат. Ал эми өздөрүнө ишенген фарисейлер үчүн «акыркылардай» — жердин адамдарындай же ам-хаа́рецтей — көрүнгөн көптөр болсо, алардын ичинде Ыйсанын окуучулары да бар, «биринчи» болушат, башкача айтканда, Падышалыкта Машайык менен бирге башкаруу артыкчылыгын алышат. Марк 10:17—31; Матфей 19:16—30; Лука 18:18—30.

▪ Бай жигиттин башкаруучу деп аталганынын себеби, сыягы, эмнеде?

▪ Эмне үчүн Ыйса өзүнүн мыкты деп аталышын каалабайт?

▪ Байлык кандай коркунуч туудурушу мүмкүн экенин башкаруучу жигит жөнүндөгү мисал кандайча көрсөтүп турат?

▪ Ыйса өзүнүн жолдоочуларына кандай белекти убада кылат?

▪ Кандай мааниде биринчилер — акыркы, акыркылар биринчи болушат?