Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйса жерге эмне үчүн келген?

Ыйса жерге эмне үчүн келген?

24-бөлүм

Ыйса жерге эмне үчүн келген?

ЫЙСА төрт окуучусу менен Капернаумда өткөргөн күн окуяларга жык толду. Кечинде болсо шаардын тургундары оорулууларынын баарын айыктыртыш үчүн Ыйсага алып келишти. Анын өзүнчө калууга эч убактысы болгон жок.

Эртеси күнү Ыйса таң ата электе туруп, үйдөн чыгат да, Атасына ээн-эркин тиленип келиш үчүн эч ким жок жерге барат. Тилекке каршы, Ыйсанын жалгыз болушу көпкө созулган жок, анткени Пётр жана башкалар анын жок экенин байкап калышат да, издеп жөнөшөт.

Ыйсаны табышкандан кийин, Пётр: «Сени баары издеп жүрүшөт»,— дейт. Капернаумдун тургундары Ыйсанын алардыкында калышын каалашат, анткени анын кылгандары үчүн алар чынында эле абдан ыраазы. Бирок Ыйса жерге эмне үчүн келди эле? Оорулууларды айыктырыш үчүн элеби? Бул тууралуу өзү эмне дейт болду экен?

Ыйык Китептин бир билдирүүсү боюнча, Ыйса окуучуларына: «Жакын жерлердеги айылдарга баралы, ал жерлерге да кабар айтышым керек, себеби мен ошол үчүн келгем»,— деп жооп берген. Ыйсанын калышын эл көптөн-көп суранса да, ал: «Кудайдын падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды бөлөк шаарларга да жарыялашым керек, анткени мен ошол үчүн жиберилгем»,— деп жооп берет аларга.

Ооба, Ыйса жерге биринчи кезекте Атасынын ысмын актай турган жана адамзатты бактысыздыктан түбөлүккө арылта турган Кудайдын Падышалыгын жарыялоо үчүн келген. Бирок Ыйса, Кудайдан жиберилгендигин далилдөө үчүн, адамдарды керемет аркылуу айыктырып жатат. Бир нече кылым мурун жашаган Муса да Кудайдын кызматчысы экенин далилдөө максатында кереметтерди жасаган.

Ыйса башка шаарларга да кабар айтуу үчүн Капернаумдан кетет. Аны менен кошо төрт окуучусу: Пётр, анын бир тууганы Андрей, Иоанн жана анын бир тууганы Жакып да жөнөйт. Өткөн жумада аларды Ыйса биринчи окуучулары катары кызмат кылууга чакыргандыгы эсиңде чыгар.

Ыйсанын төрт окуучусу менен Галилеяда жүргүзгөн кабар айтуу кызматы эң сонун жемиштерди берет. Атүгүл анын иш-аракети тууралуу бүт Сирияга белгилүү болду. Ошентип, Галилеядан, Иудеядан жана Иордандын аркы бетинен келген көптөгөн адамдар Ыйсаны жана анын окуучуларын ээрчип жөнөшөт. Марк 1:35—39; Лука 4:42, 43; Матфей 4:23—25; 2 Муса 4:1—9, 30, 31.

▪ Капернаумда окуяларга жык толгон күндүн эртеси эртең менен эмне болду?

▪ Ыйса жерге эмне үчүн келген жана анын кереметтери кайсыл максат менен жасалган?

▪ Галилеяда кабар айтуу ишинде Ыйсаны кимдер коштоп жүрөт жана анын иш-аракеттерине эл кандай жооп кайтарган?