Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйса жесир аялдын күйүтүн басат

Ыйса жесир аялдын күйүтүн басат

37-бөлүм

Ыйса жесир аялдын күйүтүн басат

РИМДИК жүзбашынын кызматчысын айыктырганынан көп өтпөй, Ыйса Капернаумдан түштүк-батышты карай 30 чакырымдан көбүрөөк алыстыкта жайгашкан Наин шаарына жөнөйт. Окуучулары жана бир топ адам аны коштоп жүрүшөт. Алар Наин шаарына жетип калганда, чамасы, түш ооп калган эле. Алардын алдынан жаш жигиттин сөөгүн коюш үчүн шаардан чыгып келаткан адамдар жолугат.

Өлгөн баланын энеси күйүтүнөн өзүн коёрго жер таппай турган, анткени жесир болгону аз келгенсип, эми жалгыз баласын жоготуп отурат. Күйөөсү каза болгондо го уулум бар деп соороно алган. Анын бүт үмүтү, каалоосу жана умтулуусу толугу менен баласынын келечегине багытталган эле. Эми болсо сооротор эч кимиси жок. Күйүтү тоодой болгон аял менен бирге шаардын көп тургундары да келе жатышты.

Жесирдин күйүтү Ыйсанын жүрөгүн козгобой койгон жок. Ал мээримдүүлүк, ошондой эле ишеним туудурган чечкиндүүлүк менен аялга: «Ыйлаба»,— дейт. Ыйсанын жасаган мамилеси жана кыймыл-аракети адамдарды кызыктырууда. Ал өлүк жаткан замбилге келип колун тийгизгенде, көтөрүп бараткандар токтоп калышат. Адамдардын баары эмне кылат болду экен деп аны таңыркап карап турушту.

Ыйсанын жанында жүргөндөр анын керемет менен айыктырганын көп жолу көрүшкөн. Бирок алар Ыйсанын кимдир бирөөнү тирилткенин, сыягы, бир да жолу көрбөсө керек. Чын эле ал өлүктү тирилте алабы? Өлүккө кайрылып Ыйса: «Жаш жигит, сага айтамын, тур!» — деп буйрук берет. Жигит туруп отурат! Ал сүйлөй баштайт, Ыйса болсо аны энесине берет.

Адамдар өлүктүн чын эле тирилгенин көрүп: «Арабыздан улуу пайгамбар чыкты»,— деп айта башташат. Башкалары болсо: «Кудай көңүлүн өз элине бурду»,— дешет. Бул керемет тууралуу кабар бүт Иудеяга жана анын тегерек-четине чагылгандай бат тарап кетет.

Чөмүлдүрүүчү Иоанн дагы эле камакта. Ал Ыйсанын эмне жасай ала тургандыгы жөнүндө көп билгиси келет. Ага окуучулары болуп өткөн кереметтер тууралуу айтып беришет. Буга ал кандай карайт болду экен? Лука 7:11—18.

▪ Наин шаарына жетип калганда Ыйса эмнеге туш келет?

▪ Ыйсага көргөндөрү кандай таасир этет жана ал эмне кылат?

▪ Ыйсанын жасаган керемети адамдарга кандай таасир тийгизет?