Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйса жетинчи күнү окутуусун улантат

Ыйса жетинчи күнү окутуусун улантат

68-бөлүм

Ыйса жетинчи күнү окутуусун улантат

АЛАЧЫКТАР майрамынын акыркы, жетинчи, күнү өтүп жатат. Ыйса ийбадаткананын «казына» деп аталган бөлүгүндө элди окутуп жатат. Сыягы, ал бөлүк, ыктыярдуу тартууларга арналган кутулар турчу аялдар короосунда жайгашкан.

Майрам учурунда ийбадаткананын ушул бөлүгү өзгөчө жарык болуп турат. Бул жерде төрт чоң шамдал орнотулган, алардын ар биринде май куюлчу чөйчөктөн төрттөн бар. Ушул 16 чөйчөктө жалбырттап күйгөн май бир топ жерди жарык кылып турат. Ыйсанын азыр айта турган сөздөрү, калыбы, угуучуларына ушул шамдалдарды эскертип турса керек. «Мен дүйнөнүн жарыгымын,— дейт Ыйса.— Ким мени ээрчисе, ал эч качан караңгылыкта жүрбөйт, бирок өмүрдүн жарыгына ээ болот».

Фарисейлер ага каршы болуп:

— Сен өзүң жөнүндө өзүң күбөлөндүрүп жатасың, сенин күбөлүгүң чын эмес,— дешет.

— Өзүм жөнүндө өзүм күбөлөндүрсөм да, менин күбөлүгүм чын, анткени каяктан келгенимди жана каякка барарымды билем. Ал эми силер каяктан келгенимди жана каякка барарымды билбейсиңер,— деп жооп берет Ыйса. Андан кийин: — Өзүм жөнүндө мен өзүм күбөлөндүрүп жатам жана мен жөнүндө мени жиберген Атам күбөлөндүрүп жатат,— деп кошумчалайт.

— Сенин Атаң кайда? — деп, фарисейлердин билгиси келет.

— Силер мени да, менин Атамды да билбейсиңер. Эгерде силер мени билсеңер, анда Атамды да билмексиңер,— дейт Ыйса.

Фарисейлер дагы эле Ыйсаны колго түшүрүү максатынан кайтышпаса да, ага эч ким тийбейт.

— Мен кетип баратам,— дейт Ыйса кайрадан.— Мен бараткан жакка силер келе албайсыңар.

Буга иудейлер таң калып: «Эгер ал: „Мен бараткан жакка силер келе албайсыңар“ — деп жатса, чын эле ал өзүн-өзү өлтүрөбү?» — дешет.

«Силер төмөнкү чөйрөдөнсүңөр,— деп түшүндүрөт Ыйса,— мен жогорку чөйрөдөнмүн. Силер бул дүйнөдөнсүңөр, мен бул дүйнөдөн эмесмин». Андан кийин: «Эгер бул мен экениме ишенбесеңер, өз күнөөңөрдө өлөсүңөр»,— деп кошумчалайт.

Бул сөздөрдү айтуу менен Ыйса жерге келгенге чейинки жашоосун жана убадаланган Мессия же Машайык экенин көрсөтүп атат. Бирок иудейлер аябай жек көрүү менен: «Сен кимсиң?» — деп сурашат.

Алар аны ачык эле кабыл албай жаткандыктан, Ыйса: «Деги силер менен эмнеге сүйлөшүп атам?» — деп жооп берет. Бирок кайра: «Мени жиберген адилет жана андан эмне уксам, дүйнөгө ошону айтып жатам»,— деп сөзүн улайт. Андан кийин Ыйса: «Адам Уулун жогору көтөргөнүңөрдө, бул мен экенимди жана өз оюман эч нерсе кылбасымды, бирок Атам кандай үйрөтсө, ошондой айтып жатканымды билесиңер. Мени жиберген мени менен; ал мени жалгыз калтырган жок, анткени мен дайыма ага жакканды кылам»,— деп айтат.

Ыйса ушуларды айткандан кийин, көптөр ага ишене баштайт. Эми ал ишенгендерге кайрылат:

— Эгерде менин сөзүмдө турсаңар, анда чын эле менин шакирттеримсиңер жана чындыкты тааныйсыңар, а чындык силерди эркин кылат.

— Биз Ибрайымдын тукумдарыбыз жана эч качан эч кимге кул болгон эмеспиз. Кантип сен: „Эркин болосуңар“,— деп айтып жатасың? — деп каршы болушат душмандары.

Иудейлердин башка элдердин кол алдында калган учурлары көп болгон, бирок эч качан эч кимди мырза катары эсептешкен эмес. Ошондуктан кул деп аталуудан баш тартышат. Бирок Ыйса алардын кул экенин айкын көрсөтөт. Кандайча? «Чынын силерге чынын айтам,— дейт Ыйса,— күнөө кылган ар ким — күнөөнүн кулу».

Күнөөнүн кулдары экенин моюнга алуудан баш тартышы менен иудейлер өзүлөрүн кооптуу абалга коюп жатышат. «Кул үйдө түбөлүккө калбайт,— деп түшүндүрөт Ыйса,— уул түбөлүккө калат». Кулдун мурасчы болгонго укугу жок, ал кайсы убакта болбосун куулуп калышы мүмкүн. Ал эми уул, өзүнүкү же асырап алганы болобу, үйдө «түбөлүккө», башкача айтканда, өмүрүнүн акырына чейин калат.

«Демек, эгерде Уул силерди бошотсо, чындап эле эркин болосуңар»,— деп сөзүн улайт Ыйса. Эркиндикке чыгара турган чындык — бул Уул, Ыйса Машайык, жөнүндөгү чындык. Адамдар өлүмдөн жана күнөөдөн анын курмандыкка берилген жеткилең адамдык өмүрүнүн аркасында гана бошоно алышат. Иоанн 8:12—36.

▪ Ыйса жетинчи күнү каякта окутат? Түн ичинде ал жер кандай болуп турат жана Ыйса ал тууралуу эмне айтат?

▪ Ыйса өзүнүн теги жөнүндө эмне дейт жана бул анын ким экенин кандайча көрсөтүп турат?

▪ Эмне себептен иудейлер кул болуп саналат жана аларды кайсы чындык эркин кылат?