Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйса кайрадан Иерусалимге жөнөйт

Ыйса кайрадан Иерусалимге жөнөйт

82-бөлүм

Ыйса кайрадан Иерусалимге жөнөйт

КӨП өтпөй Ыйса кайрадан жолго чыгат. Ал шаарларды жана кыштактарды кыдырып, адамдарды окутат. Сыягы, ал Иордандын аркы өйүзүндө, Иудеянын маңдайында жайгашкан Перея аймактарында жүрөт. Бирок анын максаты — Иерусалимге баруу.

Иудейлер саналуу гана адамдар куткарылууга татыктуу болот деп ойлошчу. Мүмкүн, ошол себептенби, айтор, бир киши Ыйсадан: «Эге, куткарылып жаткандар азбы?» — деп сурайт. Бул суроого жооп берүү менен Ыйса куткарылуу үчүн эмне талап кылынары тууралуу ой жүгүрткөнгө адамдарды аргасыз кылат. Ал: «Тар эшиктен кирүүгө болгон күчүңөрдү жумшагыла [башкача айтканда, күрөшкүлө]»,— дейт.

Мындай күч-аракеттер өтө зарыл, анткени Ыйса андан ары айткандай: «көптөр киргенге аракет кылышат, бирок кире алышпайт». Эмне үчүн кире алышпайт? Ыйса аны мындайча түшүндүрөт: үйдүн ээси туруп барып эшикти бекиткенде, сыртта калган адамдар эшикти такылдатып: «Мырза, бизге ачып койчу»,— деп айтышат. Бирок ал: «Силердин каяктан экениңерди билбеймин. Адилетсиз иш кылгандардын баары, менден оолак кеткиле!» — дейт.

Эшиктин сыртында калган адамдар, сыягы, өздөрүнө ыңгайлуу болгон учурда келишкен. Бирок эшик — куткарылуу мүмкүнчүлүгү — жабылып, бекилип калган. Алар өздөрүнө ыңгайсыз болсо да эртерээк келиши керек болчу. Ошондо гана үйгө кире алышмак. Убакытты создуктуруп, Иеговага кызмат кылууну жашоосунда биринчи орунга койбой жаткандарды да, чындап эле, кайгылуу натыйжа күтүп турат.

Ыйса иудейлерге кабар айтуу үчүн жиберилген. Бирок алардын көбү Кудайдын куткаруу үчүн караштырган кереметтүү чараларын кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн койберип жатышат. Ошондуктан Ыйса алардын куулуп калышканда ыйлашарын жана тиштерин кычыратышарын айтат. Ал эми «чыгыш менен батыштан, түндүк менен түштүктөн» — бардык элдерден — келген адамдар «Кудайдын Падышалыгында үстөл тегеректеп, жамбаштап жатышат».

Ыйса андан ары: «Биринчи боло турган акыркылар [жек көрүндү болгон иудей эместер жана эзилген иудейлер] бар, акыркы боло турган биринчилер [материалдык жана диний артыкчылыктарды колдонгондор] бар»,— деп сөзүн улайт. Акыркылардан болуу дегендин мааниси убактысын курулай өткөргөн жана ыраазы болбогон адамдар Кудайдын Падышалыгына эч качан кирбейт дегенди билдирет.

Андан кийин Ыйсага фарисейлер келип: «Чык да бул жерден кеткиниң, анткени Ирод [Антипа] сени өлтүргөнү жатат»,— деп айтышат. Балким мындай шыбышты, Ыйсаны бул аймактан качып кетүүгө аргасыз кылыш үчүн, Ирод өзү чыгарган. Ирод, сыягы, Чөмүлдүрүүчү Иоанн өлтүрүлгөндөгүдөй болуп, Кудайдын пайгамбарынын өлүмүнө дагы катышып калуудан коркот. Бирок Ыйса фарисейлерге мындай дейт: «Баргыла да, ал түлкүгө мындай дегиле: „Мына, жин-перилерди кууп чыгарып жатам жана бүгүн, эртең оорулууларды айыктырам, а үчүнчү күнү болсо бүтөм“».

Ыйса бул аймакта ишин бүтүргөндөн кийин Иерусалимге карай жолун улантат, анткени өзү түшүндүргөндөй, «пайгамбардын Иерусалимден башка жерде өлүшү мүмкүн эмес». Эмне үчүн Ыйса так Иерусалимде өлтүрүлөт деп күтсөк болот? Анткени Иерусалим — Иудеянын борбор шаары, ал жерде 71 мүчөдөн турган иудейлердин жогорку соту — Синедрион — бар жана жандыктардан алынып келинген курмандыктарды чалчу жай да ошол шаарда. Ошондуктан «Кудайдын Козусу» Иерусалимден башка жерде өлтүрүлүшү мүмкүн эмес.

«Иерусалим, Иерусалим, жиберилгендерди ташбараңга алып, пайгамбарларды өлтүргөн шаар! — деп кайгырат Ыйса.— Сенин балдарыңды, тоок балапандарын канатынын алдына чогулткандай, канча жолу чогулткум келди, бирок силер каалабадыңар! Мына, үйүңөр өзүңөргө ээн калтырылат». Эл Кудайдын Уулунан баш тартуу менен өзүлөрүн өлүмгө дуушар кылып жатышат.

Ыйса Иерусалимге баратканда, жолдон аны фарисейлердин башчысынын үйүнө чакырышат. Ал күн ишемби эле, ошондуктан адамдар Ыйсаны терең кызыгуу менен карап турушат, себеби үйдүн ичинде сары суу оорусу менен ооруган адам бар болчу. Анын денесине, сыягы, колу-бутуна суу толуп кеткен. Ыйса ал жердеги фарисейлер менен мыйзамчыларга кайрылып: «Ишемби күнү айыктыруу мыйзамга жатабы же жокпу?» — деп суроо берет.

Баары унчукпайт. Ошондуктан Ыйса кишини айыктырып, кетирип жиберет. Андан кийин Ыйса: «Араңардан кимиңер уулу же өгүзү кудукка түшүп кетсе, аны ишемби күн болгонуна карабай ошо замат алып чыкпайт?» — дейт. Анын суроосу бул жолу да жоопсуз калат. Лука 13:22—14:6; Иоанн 1:29.

▪ Ыйса көрсөткөндөй, куткарылуу үчүн эмне зарыл жана эмне үчүн көптөр эшиктин сыртында калышат?

▪ Биринчи боло турган «акыркылар» ким жана акыркы боло турган «биринчилер» ким?

▪ Ыйсаны Ирод өлтүргөнү жатат деп айтууга, сыягы, эмне себеп болгон?

▪ Эмне үчүн пайгамбардын Иерусалимден башка жерде өлтүрүлүшү мүмкүн эмес?