Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйса кайрадан ийбадатканага барат

Ыйса кайрадан ийбадатканага барат

103-бөлүм3

Ыйса кайрадан ийбадатканага барат

ЫЙСА менен окуучулары Иерихондон келгенден бери Вифанияда үчүнчү түндү өткөрүп жатышат. Алар дүйшөмбү күнү, 10-нисанда, таң атпай турушуп, Иерусалимге жөнөшөт. Ыйса ачка эле. Ал жалбырактуу анжыр дарагын көрөт да, мөмөсү болду бекен деп жанына басып барат.

Адатта, анжырды июнь айларында терип алат, а азыр болгону марттын аягы, демек, даракка жалбырактар өтө эле эрте чыккан. Ыйса жалбырактар эрте чыккан соң, мөмөлөрү да эрте байлашы керек деп ойлойт. Бирок Ыйсанын көңүлү сууй түшөт. Анткени анын жалбырагы жыш болгону менен, бир да мөмөсү жок болчу. Ошондо Ыйса: «Мындан ары түбөлүккө сенин жемишиңен эч ким жебесин»,— деп аны каргайт. Мунун натыйжасы жана анын каймана мааниси кийинки күнү белгилүү болот.

Арадан көп өтпөй Ыйса окуучулары менен Иерусалимге жетип, ийбадатканага барат. Анын ичин Ыйса өткөн күнү күндүз карап чыккан болчу. Бүгүн ал үч жыл мурун 30-жылдын Пасах майрамында эмне кылса, так ошону кылат. Ийбадатканадан сатып алуучуларды да, сатуучуларды да кууп чыгат, акча алмаштыруучулардын үстөлдөрүн, көгүчкөн сатуучулардын отургучтарын көңтөрөт. Атүгүл ийбадаткана аркылуу бирдеме алып өтүүгө да тыюу салат.

Ыйса акча алмаштыруучуларды жана жандыктарды сатуучуларды айыптоо менен аларга: «„Менин үйүм бардык элдер үчүн тиленүү үйү деп аталат“,— деп жазылган эмес беле? А силер болсо аны каракчылардын баш маанегине айландырып алыпсыңар»,— дейт. Алар каракчылар эмей эмне, анткени курмандыкка жандык сатып алууга аргасыз болгондордон өтө кымбат баа сурап жатышат. Ошондуктан Ыйса мындай соода жүргүзүүнү талап-тоноочулук катары эсептейт.

Диний жетекчилер, китепчилер жана эл аксакалдары Ыйсанын эмне кылганын угуп, аны өлтүрүү жолун кайрадан издей башташат, ошонусу менен алар эч оңолгус адамдар экенин далилдешүүдө. Бирок Ыйсаны кантип өлтүрүүнүн айласын табышпайт, себеби элдин баары Ыйсаны угуш үчүн, артынан калбай ээрчип жүрөт.

Пасахка иудейлерден тышкары иудей эместер да келишет. Булар прозелиттер, башкача айтканда, иудейлердин ишенимин кабыл алган адамдар. Айрым гректер, калыбы, прозелиттер, Филиппке келишип, Ыйсаны көрүүнү каалап жатышканын билдиришет. Филипп Андрейге барат, мүмкүн, андан мындай жолугушуу орундуу болобу деп сурагысы келгендир. Сыягы, Ыйса дагы эле ийбадатканада, гректер аны көрө ала турган жерде, жүрөт.

Ыйса өлөрүнө саналуу эле күндөр калганын билет, ошондуктан төмөндөгү мисалды айтат: «Адам Уулунун даңкталуучу сааты келип жетти. Чынын силерге чынын айтам: эгер буудайдын даны жерге түшкөндөн кийин өлбөсө, анда ал жалгыз бойдон эле калат, а эгер өлсө, анда мол түшүм берет».

Буудайдын бир даны кымбат деле эмес. Бирок ал жерге түшсө жана «өлсө», эмне болот? Ал тамыр алат да, убакыттын өтүшү менен андан көп дан бере турган сабак өсүп чыгат. Ошо сыңары, Ыйса — жалгыз жеткилең адам. Эгерде ал Кудайдын алдында берилгендигин сактап өлө турган болсо, анда ага окшогон өзүнөн баш тартуу руху бар ишенимдүү адамдар Ыйсанын өлүмүнүн аркасында түбөлүк өмүргө ээ болушат. Ошондуктан Ыйса: «Ким жанын жакшы көрсө, ал аны жок кылат, ал эми ким азыркы дүйнөдө жанын жек көрсө, ал аны түбөлүк өмүр үчүн сактап калат»,— деп айтат.

Сыягы, Ыйса бул сөздөрдү өзүнө гана тийиштүү кылып айткан жок, себеби ал: «Эгерде ким мага кызмат кылгысы келсе, мени ээрчисин, мен кай жерде болсом, кызматчым да ошол жерде болот. Эгерде ким мага кызмат кылса, Атам аны кадырлайт»,— деп айтууда. Ыйсаны жолдоп, ага кызмат кылып жаткандар үчүн кандай гана сонун сыйлык! Алар Атадан Ыйса менен бирге кызмат кылуу артыкчылыгын алышат.

Ыйса алдыда күтүп турган зор кыйынчылыктар менен азаптуу өлүмү тууралуу ойлонуп: «Азыр жаным жай таппай турат, эмне деп айтайын? Ата, мени ушу сааттан куткара көр»,— дейт. О, эгерде Ыйса алдыда күтүп турган азаптардан кача алса кана! Бирок бул мүмкүн эмес, бул тууралуу өзү да мындай дейт: «Бирок мен ушул саатты башыман өткөрүү үчүн келгем». Ооба, Кудай караштырып койгондун баарына, атүгүл өз өмүрүн курмандыкка берүүгө да Ыйса макул. Матфей 21:12, 13, 18, 19; Марк 11:12—18; Лука 19:45—48; Иоанн 12:20—27.

▪ Анжыр али бышчу убагына жете элек болсо да, Ыйса эмне үчүн анжыр дарагынан мөмө табууга аракеттенет?

▪ Ыйса ийбадатканадагы сатуучуларды эмне үчүн каракчылар деп атайт?

▪ Өлө турган буудайдын даны менен Ыйсанын ортосунда кандай окшоштук бар?

▪ Ыйса алдыдагы кыйналуулары жана өлүмү тууралуу эмне деп ойлонот?