Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйса каршылаштарын айыптайт

Ыйса каршылаштарын айыптайт

109-бөлүм

Ыйса каршылаштарын айыптайт

ЫЙСА диний душмандарынын жаагын жап кылгандан кийин, алар андан бирдеме сураганга даай албай калышты. Анда Ыйса алардын наадандыгын өзү ашкерелей баштайт.

— Христос жөнүндө силер эмне деп ойлойсуңар? Ал кимдин уулу? — дейт ал.

— Дөөттүн,— деп жооп беришет фарисейлер.

Дөөт Машайыктын же Мессиянын чоң аталарынан болгонун четке какпастан Ыйса: «Анда Дөөттүн [Забур 109]: „Иегова менин Эгеме: „Душмандарыңды бут алдыңа жыгып бермейинче, оң кол жагыма олтур“,— деп айткан“ — деп, Кудайдын шыктандыруусу менен аны Эге деп атаганы кандай? Эгерде Дөөт аны Эге деп атап жатса, анда ал кандайча анын уулу болушу мүмкүн?» — деп сурайт.

Фарисейлер үн катпайт, анткени алар Машайык же майланган чынында ким экенин билишпейт. Калыбы, фарисейлер Мессия тек гана Дөөттүн тукуму деп ойлоп жатышат, бирок андай эмес. Ыйса мурун эле асманда жашаган, ошондуктан ал Дөөттөн улуу, башкача айтканда, анын Эгеси болгон.

Ыйса элге жана өзүнүн окуучуларына кайрылып, китепчилер менен фарисейлерден сак болуу зарыл экенин айтат. Китепчилер менен фарисейлер «Мусанын ордуна» отуруп алып, Кудайдын Мыйзамын окутушкандыктан Ыйса: «Алар силерге айткандын баарын кылгыла жана аткаргыла»,— дейт. Андан кийин: «Бирок алардын кылганын кылбагыла, анткени алар айтышканы менен, аткарышпайт»,— деп кошумчалайт.

Алар эки жүздүүлөр, ошондуктан Ыйса аларды бир нече ай мурун бир фарисейдин үйүндө кечки тамакта болгондо кандай айыптаса, так ошондойчо айыптайт. «Алар бүт иштерин элге көрүнүш үчүн эле кылышат»,— дейт Ыйса. Анан мисал келтирет:

«Алар сактагыч катары тагынып жүрүшкөн, ичине Жазмалардан үзүндүлөр салынган кутучаларын кеңейтишет». Мыйзамдан төрт үзүндү — 2 Муса 13:1—10, 11—16 жана 5 Муса 6:4—9; 11:13—21 — салынган кутучалар чекеге же колго тагылчу. Бирок фарисейлер өздөрүн Мыйзамга берилген адамдардай кылып көрсөтүш үчүн, ошол кутучаларды кеңейтип алышкан.

Андан кийин Ыйса алардын «кийимдеринин этегиндеги чачыларды узартып» алгандарын айтат. 4 Муса 15:38—40-аяттарга ылайык, израилдиктер кийимдеринин этегине чачыларды жасашы керек болчу. Бирок фарисейлер аларды башкаларга караганда узунураак кылып алышкан. Алар мунун баарын элге көрүнүш үчүн эле кылып жатышат! Ыйса айткандай, алар «эң сыйлуу орунду жакшы көрүшөт».

Тилекке каршы, атактуу болууну эңсөө атүгүл Ыйсанын окуучуларына да жуккан. Ошондуктан Ыйса аларга: «Бирок силер өзүңөрдү „Рабби“,— деп атабагыла, анткени силердин бир эле устатыңар бар, ал эми силердин баарыңар бир туугансыңар. Ошондой эле жер бетинде эч кимди ата деп атабагыла, анткени бир гана асмандагы Атаңар бар. „Жол башчы“,— деп да аталбагыла, анткени силердин Жол башчыңар бирөө эле — Христос»,— деп кеңеш берет. Шакирттердин биринчиликке болгон умтулууларын түп тамыры менен жок кылышы абдан зарыл! «Араңардагы улугуңар силерге кызматчы болушу керек»,— деп чакырат Ыйса.

Андан кийин ал китепчилер менен фарисейлерди кайра-кайра эки жүздүүлөр деп атап, аларга «кайгы» деп көп жолу кайталайт. Алар «асман падышалыгын адамдардан жаап жатат», «жесирлердин үйлөрүн жутуп, элге көрүнүш үчүн, көпкө чейин тиленишет».

«Сокур жол көрсөткүчтөр, кайгы силерге»,— дейт Ыйса. Ал фарисейлерди рухий баалуулуктарга ээ болушпаганы үчүн айыптап жатат. Бул алардын өз ыктыяры менен эреже кылып койгон айрым чектөөлөрүнөн көрүнүп турат. Мисалы, фарисейлер: «Эгерде ким ийбадаткананы оозанып ант берсе, ал эчтеке эмес, бирок ким ийбадаткананын алтынын оозанып ант берсе, анда ал өзүнө милдеттеме алган болот»,— дешет. Сыйынуучу жердин рухий баалуулугуна караганда, ийбадаткананын алтынына чоң маани беришип, алар өздөрүнүн рухий жактан сокур экенин көрсөтүп жатат.

Андан кийин Ыйса кайрадан фарисейлерди «мыйзамдагы өтө маанилүү иштерди — адилеттүүлүктү, боорукерликти, берилгендикти» көңүлгө албай, татымал катары колдонулуучу майда чөптөрдүн ондон бир бөлүгүнө чоң маани беришкени үчүн айыптайт.

Ыйса фарисейлерди «чиркейди чыпкалап, төөнү жуткан сокур жол көрсөткүчтөр» деп атайт. Алар шараптагы чиркейди курт-кумурскалар түркүмчөсүнө киргендиги үчүн эле эмес, салт боюнча, ал таза эмес болгондугу үчүн чыпкалашат. Бирок алар Мыйзамдагы андан да маанилүү нерселерге көңүл бурушкан жок, башкача айтканда, төөнү жутуп жатышат, а төө деле, салт боюнча, таза эмес. Матфей 22:41—23:24; Марк 12:35—40; Лука 20:41—47; 3 Муса 11:4, 21—24.

▪ Ыйса фарисейлерден Дөөттүн Забур 109да эмне деп айтканын сураганда, эмне үчүн алар унчугушпайт?

▪ Эмне үчүн фарисейлер Жазмалардан үзүндүлөр салынган кутучаларын кеңейтип жана кийимдериндеги чачыларды узартып алышкан?

▪ Ыйса өзүнүн окуучуларына кандай кеңеш айтат?

▪ Фарисейлер өз ыктыяры менен кандай чектөөлөрдү эреже кылып алышкан жана Ыйса аларды эң негизги нерселерди көңүлгө албай жатышканы үчүн кандайча айыптайт?