Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйса каякта жана качан төрөлгөн?

Ыйса каякта жана качан төрөлгөн?

5-бөлүм

Ыйса каякта жана качан төрөлгөн?

РИМ империясынын башкаруучусу Цезарь Август ар бир адам киндик каны тамган шаарына барып, каттоодон өтүшүнө буйрук чыгарат. Ошого байланыштуу Жусуп Вифлеемге, туулган жерине, жол тартат.

Вифлеем катталууга келгендерге жык толгондуктан, Жусуп менен Мариамдын баш калкалоо үчүн тапкан жалгыз жайы малкана болду. Эшектерди жана башка малдарды кармаган ошол жерде Ыйса төрөлөт. Аны Мариам жалаякка ороп, малга жем салынчу акырга жаткырат.

Цезарь Августтун каттоо тууралуу буйрук чыгарышы Кудайдын жетеги экени талашсыз. Ушунун аркасында Ыйса Вифлеемде жарык дүйнөгө келди. Убадаланган башкаруучу төрөлө турган жер ушул шаар болору Ыйык Жазмаларда күн мурунтан эле айтылган.

Кандай гана өзгөчө түн! Талаада жүргөн койчулардын тобун жаркыраган нур каптайт. Бул — Иегованын даңкы! Иегованын периштеси аларга: «Коркпогула, анткени мен силерге бардык адамдарды зор кубанычка бөлөй турган жакшы кабар жарыялап жатам, себеби бүгүн Дөөттүн шаарында силерге Куткаруучу төрөлдү, ал — Христос Теңир. Силерге белги мындай: баланы жалаякка оролуп акырдын ичинде жаткан жеринен табасыңар»,— деп жарыялайт. Капысынан көптөгөн периштелер пайда болуп, мындайча ырдашат: «Жогорудагы Кудайга даңк, ал эми анын ырайымын көрүп жаткан жердеги адамдардын ортосуна тынчтык».

Периштелер көздөн кайым болгондо, койчулар бири-бирине: «Жүргүлө, түз эле Вифлеемге барып, Иегова бизге билдиргендей, ал жакта эмне болгонун көрөлү»,— дешти. Алар шашылыш түрдө барышып, Ыйсаны так эле периште айткан жерден табышат. Койчулар периштенин аларга эмне тууралуу кабарлаганын айтышканда, аларды уккандардын бардыгы таң калышат. Мариам болсо айтылгандардын баарын жүрөгүнө түйүп алды.

Азыркы убакта көптөр Ыйса 25-декабрда төрөлгөн дегенге ишенишет. Бирок декабрь айы Вифлеемде суук жана жаанчыл болот. Мындай мезгилде малчылар койлору менен талаада түнөшмөк эмес. Анын үстүнө, Рим императору ансыз деле ага козголоң чыгарганы араң турган элден каттоодон өтүү үчүн кычыраган кышта жол жүрүүнү кайдан талап кыла койсун. Чамасы, Ыйса ошол жылдын эрте күзүндө төрөлгөн. Лука 2:1—20; Михей 5:2.

▪ Жусуп менен Мариам эмне үчүн Вифлеемге жол тартышат?

▪ Ыйса төрөлгөн түнү таң калыштуу кандай окуялар болду?

▪ Ыйсанын 25-декабрда төрөлбөгөнүн кайдан билебиз?