Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйса керемет аркылуу миңдеген адамдарды тойгузат

Ыйса керемет аркылуу миңдеген адамдарды тойгузат

52-бөлүм

Ыйса керемет аркылуу миңдеген адамдарды тойгузат

ОН ЭКИ расул Галилея боюнча кабар айтууну жаңы эле аяктап бүтүштү. Алар эми, Иоанндын өлтүрүлгөнүнөн көп өтпөй, Ыйсага келишип, кызматтагы кызыктуу окуялары менен бөлүшүшөт. Ыйса алардын чарчаганын байкайт, бирок келип-кеткен элдин аягы суюлбай, расулдарынын тамак ичкенге да убактылары болбойт. Ошон үчүн Ыйса аларга ээнирек жерге барып, бир аз эс алып алууну сунуш кылат.

Болжолу, алар Капернаумга жакын жерден кайыкка отурушуп, Вифсаидадан ары, сыягы, Иордандын чыгышыраак жагында жайгашкан ээнирек жерди көздөй багыт алышат. Бирок көптөр алардын сүзүп баратышканын көрүшөт жана бул тууралуу башкаларга да билинет. Ал адамдар жээкти бойлой чуркап жөнөшөт. Ошондуктан кайык жээкке келип токтогондо, алар да ошол жерде болуп калышат.

Ыйса кайыктан түшүп, чогулган элди көргөндө боору ачыйт, анткени алар койчусу жок койлордой эле. Ошондуктан ал оорулуулардын баарын айыктырып, аларды көп нерсеге окута баштайт.

Убакыт ушунчалык тез өтөт; окуучулары Ыйсага келип: «Бул жер болсо ээн, кеч да болуп калды. Буларды коё бер, тегеректеги айылдарга жана кыштактарга барып, өзүлөрүнө жей тургандай бирдеме сатып алышсын»,— дешет.

Бирок Ыйса: «Аларга жегенге бирдемени силер бергиле»,— деп жооп берет. Андан кийин Ыйса, өзүнүн эмне кыларын билип турса да, Филиппти сынамакка: «Буларга жегенге нанды каяктан сатып алсак болот?» — деп сурайт.

Филипптин ою боюнча, бул маселени чечүү мүмкүн эмес. Себеби эркектердин өзү эле 5000дей, ал эми аялдар менен балдарды кошуп санаганда, чамасы, 10000ден да ашып кетет! «Алардын ар бирине кичинеден болсо да жеткириш үчүн, эки жүз динарлык [ал убакта бир динар бир күндүк эмгек акыны түзгөн] нан да аздык кылат»,— деп жооп берет Филипп.

Андрей, сыягы, бул адамдардын баарын тамактандыруу мүмкүн эмес экенин көрсөтүүнү каалап: «Бул жерде бир кичинекей баланын арпа ундан жасалган беш наны жана эки балыгы бар экен. Бирок ушунча көп элге бул эмне болмок эле?» — деп айтат.

Азыр жаз айы, 32-жылдын Пасах майрамы жакындап калды. Жер болсо жашыл шибер жамынган. Ыйса элге 50дөн, 100дөн болуп топ-тобу менен чөпкө отурушун окуучулары аркылуу айттырат. Өзү болсо беш нанды жана эки балыкты алып, асманды карап алкыш айтат. Анан нанды сындырып, балыкты бөлө баштайт. Аларды окуучуларына берет, окуучулары болсо элге таратат. Таң калыштуусу, тамак баарына жетип, элдин баары тоёт.

Андан кийин Ыйса окуучуларына кайрылып: «Эч нерсе ысырап болбосун үчүн, артып калгандарын чогултуп алгыла»,— дейт. Жегенден артып калган нан 12 себет болот. Матфей 14:13—21; Марк 6:30—44; Лука 9:10—17; Иоанн 6:1—13.

▪ Эмне себептен Ыйса расулдары үчүн ээнирек жер издейт?

▪ Ыйса окуучулары менен каякка барат жана эмне үчүн алардын эс алганга мүмкүнчүлүгү болбойт?

▪ Күн кеч кирип калганда окуучулары Ыйсага эмне дешет жана Ыйса элге кандайча кам көрөт?