Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйса көрсөтмөлүү мисалдар менен окутууда

Ыйса көрсөтмөлүү мисалдар менен окутууда

43-бөлүм

Ыйса көрсөтмөлүү мисалдар менен окутууда

ЫЙСА фарисейлерди, сыягы, Капернаумда жүргөнүндө ашкерелеген. Ошол эле күнү ал үйдөн чыгып, көп адамдар чогулган жакка, Галилея деңизине жөнөйт. Кайыкка отуруп, жээктен бир аз ары сүзүп барып, чогулган элге асман Падышалыгы жөнүндө окута баштайт. Ыйса элди нускалуу аңгемелердин же турмуштан алынган көрсөтмөлүү мисалдарды колдонуп окутууда.

Адегенде ал үрөн себүүчү жөнүндө айтат. Үрөндүн айрымдары жолго түшүп, аларды ошо замат чымчыктар келип жеп кетти. Башкалары болсо топурагы жука, таштак жерге түштү. Жаш өсүмдүк тамырын терең жая албагандыктан, күндүн куйкалаган нуру тийгенде, бат эле соолуп калды. Дагы башкалары тикенектин арасына түшкөндүктөн, жаш өсүмдүктү тикенектер өстүрбөй басып калды. Акыры, үрөндүн бир бөлүгү жакшы жерге түшүп, жүз, алтымыш, отуз эсе түшүм берет.

Дагы башка көрсөтмөлүү мисалында Ыйса Кудайдын Падышалыгын үрөн сепкен адамга салыштырат. Күндөр өтүп жатты: адам уктады, кайра турду, а себилген үрөн убакыттын өтүшү менен өсө берди. Ал адам үрөндүн кантип өсүп жатканын байкаган да жок. Үрөн өзү өнүп, дан берди. А бышкан буудайды адам жыйнап алды.

Үчүнчү көрсөтмөлүү мисалында Ыйса жакшы үрөн сепкен адам жөнүндө айтат. Бирок «эл уктап жатканда», душман келип буудай арасына отоо чөптүн уругун сээп кетет. Кызматчылары келип мырзасына отоо чөптөрдү жулуп салбайлыбы дешет. Бирок мырзасы: «Жок, отоо чөптөрүн жулабыз деп, буудайды кошо жулуп аласыңар. Мейли, орок маалына чейин чогуу өсө беришсин, а орок маалында орокчуларга: адегенде отоо чөптөрдү чогултуп, өрттөө үчүн таңгакка байлагыла, андан кийин барып буудайды кампама жыйнагыла деп айтам»,— дейт.

Жээкте турган элге Ыйса дагы эки нускалуу аңгеме айтат. Ал «асман падышалыгы» адам тигип койгон сары кычынын даны сымал экенин түшүндүрүп берет. Бул өсүмдүктүн даны бардык дандардан кичинекей болгону менен, өсүп чыкканда бакчадагы өсүмдүктөрдүн баарынан чоң болот. Ал сабактарында чымчыктар корголой алган бак болуп чыга келет.

Азыркы убакта кээ бирөөлөр сары кычынын данынан да кичинекей дан бар деши мүмкүн. Бирок Ыйса бул мисалы менен ботаникадан сабак берейин деген жок. Ошол убакта галилеялыктарга белгилүү болгон дандардын арасынан сары кычынын даны чындап эле эң кичинекей болчу. Ошон үчүн угуп жаткандар Ыйсанын кандай укмуштуу өсүү жөнүндө айтып жатканын билишкен.

Аягында Ыйса «асман падышалыгын» аялдын үч ченем унга аралаштырган ачыткысына салыштырат. Бир нече убакыттан кийин ачыткы, ал айткандай, камырдын баарын ачытат.

Ушул беш нускалуу аңгемени айткандан кийин Ыйса элди жөнөтүп, өзү токтогон үйгө кайтат. Бир аздан кийин ал жерге он эки расулу жана башка окуучулары да келет.

Ыйсанын көрсөтмөлүү мисалдарынан эмнеге үйрөнөбүз?

Ыйса элди окутуп бүткөндөн кийин, ага окутуусунун жаңы ыкмасына кызыккан окуучулары келет. Буга чейин деле Ыйса көрсөтмөлүү мисалдарды айткан, бирок ушунчалык кеңири колдоно элек болчу. Ошо себептен окуучулары: «Эмне себептен сен аларга көрсөтмөлүү мисалдарды колдонуп сүйлөп жатасың?» — деп сурашат.

Биринчиден, ал: «Менин оозумдан макал, ылакаптар чыгат жана илгерки өткөн окуяларды айтып берем»,— деген пайгамбарлык сөздөрдү аткарып жатат. Бирок мунун дагы бир себеби бар. Көрсөтмөлүү мисалдар адамдын жүрөгүн билгенге жардам берет.

Бирок, чын-чынына келгенде, көптөгөн адамдарды Ыйсанын сөзгө чеберлиги жана керемет жасагандыгы эле кызыктырат, ал эми анын Теңир экенин кабыл алып жана өз кызыкчылыктарынан баш тартып, анын жолун жолдоп кызмат кылууга умтулушпайт. Алар көз караштарында да, жашоо-турмушунда да кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү жасоону жана Ыйсанын кабары жашоолоруна таасир этишин каалашпайт.

Ыйса: «Алардын караганы да куру-бекер, укканы да куру-бекер болуп, маңызына түшүнүшпөгөндүктөн, көрсөтмөлүү мисалдар менен сүйлөп жатам; жана алардын үстүнөн Исаиянын: „...Бул элдин жүрөгү катып калган...“,— деген пайгамбарлыгы аткарылып жатат»,— деп айтат.

«Ал эми силердин көзүңөр бактылуу,— деп Ыйса сөзүн улантат,— себеби көрөт, ошондой эле кулагыңар да, себеби угат. Анткени силерге чынын айтам: көп пайгамбарлар жана такыбалар силер көргөндү көрүүнү каалашкан, бирок көрүшкөн эмес, силер укканды угууну каалашкан, бирок угушкан эмес».

Ооба, он эки расулдун жана алар менен чогуу келгендердин жүрөктөрү таза. Ошондуктан Ыйса: «Силерге асман падышалыгынын ыйык сырларын түшүнүү берилген, а тигилерге берилген эмес»,— дейт. Окуучулары түшүнүүгө умтулгандыктан, Ыйса себүүчү жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалды түшүндүрүп берет.

«Үрөн — бул Кудайдын сөзү»,— дейт Ыйса. Ал эми жер — жүрөк. Тапталган жолго түшкөн үрөн жөнүндө болсо: «Ибилис келет да, ишенбесин жана куткарылбасын деп, алардын жүрөктөрүнөн сөздү алып кетет»,— деп айтат.

Үрөн түшкөн таштак жерге сөздү кубаныч менен кабыл алган адамдардын жүрөктөрү салыштырылат. Бирок мындай жүрөктөрдө сөз терең тамырлай албагандыктан, сыноолор жана куугунтуктоолор башталары менен, андай адамдар четтеп кетишет.

Ал эми тикенектин арасына түшкөн үрөн болсо сөздү уккан адамдарга тиешелүү. Бирок түйшүккө, байлыкка жана жашоодогу көңүл ачууларга алдырып коюшкандыктан алар түшүм бералышпайт.

Ал эми жакшы жерге түшкөн үрөн сөздү угуп, жакшы жана таза жүрөккө сактап, чыдамкайлык менен жемиш берген адамдарды билдирет.

Ыйсанын окутууларына түшүнүү үчүн ага атайын келген окуучулары кандай гана бата алышкан! Ыйса көрсөтмөлүү мисалдарды адамдар түшүнүп, андан чындыкка үйрөнүшүн каалайт. Ал: «Шамды өлчөгүч идиштин же керебеттин астына коюш үчүн алып келмек беле? Аны шамдалга коюш үчүн алып келбейби? — деп суроо берет.— Ошондуктан кантип угуп жатканыңарга көңүл бургула»,— деп сөзүн улантат.

Дагы көп насааттарды угушат

Себүүчү жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалга түшүнүк алышкандан кийин, окуучулары дагы көбүрөөк билүүгө ынтызар болушат. Алар: «Бизге талаадагы отоо чөптөр жөнүндөгү мисалды түшүндүрүп берчи»,— деп өтүнүшөт.

Бул окуучулардын маанайы жээкте угуп отургандардыкынан кандай гана айырмаланып турган! Ал адамдарда көрсөтмөлүү мисалдардын маңызын түшүнүүгө каалоо жок, алар тек гана угуп койгондоруна курсант. Аларды Ыйса үйүнө чейин келип, билүүгө умтулган окуучуларына салыштырып:

«Кандай ченем менен ченесеңер, силерге да ошондой ченем менен ченелет, ооба, силерге кошулуп берилет»,— деп айтат. Окуучулары Ыйсага чын ыкыластан кызыгуу көрсөтүүсү жана көңүл буруусу менен «ченеп» жатышат, ошондуктан алар дагы көп насааттарды угушат. Ошентип, окуучуларынын суроосуна жооп кылып Ыйса:

«Жакшы үрөндү себүүчү — бул адам Уулу; талаа — дүйнө; жакшы үрөн — падышалыктын уулдары, ал эми отоо чөптөр — каардуунун уулдары, аларды сепкен душман — Ибилис. Орок маалы — бул түзүлүштүн акыры, орокчулар болсо — периштелер»,— деп түшүндүрөт.

Көрсөтмөлүү мисалдын ар бирин түшүндүргөндөн кийин Ыйса анын кандайча аткарыларын сүрөттөп берет. Ал азыркы түзүлүштүн акырында орокчулар, атап айтканда, периштелер отоо чөптөргө салыштырылган жалган христиандарды «падышалыктын уулдарынан» бөлөрүн айтат. «Каардуунун уулдарын» кыйроо күтүп турат, ал эми Кудайдын Падышалыгынын уулдары, «такыбалар», Атасынын Падышалыгында күндөй жаркырашат.

Андан кийин Ыйса түшүнүүгө умтулган окуучуларына дагы үч көрсөтмөлүү мисал айтат. Биринчисин ал: «Асман падышалыгы талаада катылып жаткан жеринен адам таап алып, жашырып койгон кенч сымал; жана ал кубанган бойдон барат да, болгон нерсесинин баарын сатып, ошол талааны сатып алат»,— деп айтат.

«Дагы эле, асман падышалыгы,— деп Ыйса сөзүн улайт,— жакшы бермет издеп саякатка чыккан соодагерге окшош. Ал бир кымбат баалуу берметти тапкандан кийин, ошо замат барат да, өзүндө болгондун баарын сатып, аны сатып алат».

Ыйса өзү катылган кенчти таап алган адамга жана кымбат баалуу берметти тапкан соодагерге окшош. Ал кадимки адам болуш үчүн асмандагы даңктуу абалын калтырганда, каймана тилде айтканда, баарын саткан. Эми болсо ал жер бетинде, Кудайдын Падышалыгынын Башкаруучусу болууга татыктуу экенин далилдеп жүрүп, кордукту, жек көрүүчүлүктү жана куугунтуктоону башынан өткөрүп жатат.

Ыйсаны жолдогондордон да зор сыйлыкка — Машайык менен бирге башкарууга же Падышалыктын жердеги букара эли болууга — жетиш үчүн баарын сатуу талап кылынат. Биз да Кудайдын Падышалыгынын ишине катышуу мүмкүнчүлүгүн жашообуздагы эң баалуу нерсе катары, баалуу кенч же кымбат баалуу берметтей көрөбүзбү?

Сөзүнүн аягында Ыйса «асман падышалыгын» балыктын ар кандай түрүн кармай турган торго салыштырат. Балыкты сорттогондо, жакшысын калтырып, жараксызын ыргытат. Ошентип, Ыйсанын айтканы боюнча, «бул түзүлүштүн акырында» да ошондой болот: периштелер такыбалардан жаман адамдарды бөлүшөт да, аларды өлүмгө беришет.

Ыйса биринчи окуучуларын «адам кармоочулукка» чакырганында «балык уулоону» баштап берген. Периштелердин көзөмөлү алдында өткөрүлүп жаткан бул уулоочулук жүздөгөн жылдар бою уланып келатат. Акыр аягы, христианбыз деп ырасташкан жердеги уюмдарды жана Ыйсанын майланган жолдоочуларынын жыйналышын билдирген «торду» тарта турган убак келет.

Жараксыз балык жок кылынат да, жакшысы калтырылат. Эгерде биз да Ыйсанын окуучуларындай болуп көбүрөөк билүүгө жана түшүнүүгө умтулсак, мындан аркы да насааттарды эле укпастан, түбөлүк өмүр да алабыз. Матфей 13:1—52; Марк 4:1—34; Лука 8:4—18; Забур 78:2 [77:2]; Исаия 6:9, 10.

▪ Ыйса адамдарды качан жана каякта көрсөтмөлүү мисалдарды колдонуп окутат?

▪ Адамдарга Ыйса кайсы беш көрсөтмөлүү мисалды айтат?

▪ Ыйса эмне үчүн сары кычынын данын бардык дандардан кичинекей деген?

▪ Эмне себептен Ыйса көрсөтмөлүү мисалдарды колдонуп сүйлөгөн?

▪ Ыйсанын окуучуларынын көпчүлүктөн айырмаланышканы эмнеден көрүнүп турат?

▪ Ыйса себүүчү жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисалды кандайча түшүндүрүп берет?

▪ Ыйсанын окуучулары жээкте угуп отурган адамдардан эмнеси менен айырмаланат?

▪ Себүүчү, талаа, жакшы үрөн, душман, орок маалы жана орокчулар кимди же эмнени билдирет?

▪ Ыйса дагы кайсы үч көрсөтмөлүү мисалды айтат жана биз андан эмнеге үйрөнө алабыз?