Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйса расулдарын тандайт

Ыйса расулдарын тандайт

34-бөлүм

Ыйса расулдарын тандайт

ЧӨМҮЛДҮРҮҮЧҮ Иоанн Ыйсаны Кудайдын Козусу деп атагандан жана Ыйса эл арасында кабар айтуу кызматын баштагандан бери бир жарым жылдай өттү. Ал убакта Андрей, Симон Пётр, Иоанн, кыязы, Жакып (Иоанндын бир тууганы), ошондой эле Филипп менен Нафанаил (аны Варфоломей деп да аташчу) Ыйсанын биринчи окуучуларынан болуп калышкан. Убакыттын өтүшү менен алардын катарына дагы көптөр кошулат.

Эми Ыйса өзүнө расулдарды тандаганга даяр. Алар келечекте Ыйсанын өзгөчө үйрөтүлгөн жакын шакирттери болушат. Бирок Ыйса расулдарын тандаардан мурун тоого барып, түнү бою тиленип чыгат, калыбы, Кудайдан акыл жана бата сураса керек. Эртеси күнү ал окуучуларын чакырып, алардын ичинен 12 син тандайт. Бирок алар дагы эле Ыйсадан окуп жаткандыктан, мурункусундай эле окуучулар деп аталат.

Он эки расулдун алтоо Ыйсанын жогоруда аталып кеткен биринчи окуучулары. Андан кийин Матфей, аны Ыйса «салык кеңсесинде» олтурганда чакырган. Калган бешөө — Жүйүт (ал Фаддей деп да аталат), Жүйүт Искариот, Симон Кананит, Фома жана Алфей уулу Жакып. Аны Кенже Жакып деп да аташат, мунун себеби, балким, ал башка расул Жакыпка караганда кичинерээк же кичүүрөөк болсо керек.

Бул 12 окуучу Ыйса менен бир нече убакыттан бери чогуу жүрүшөт, ошондуктан Ыйса аларды жакшы билип калды. Расулдардын бир нечеси Ыйсанын тууган-туушкандарынан болушат. Жакып жана анын иниси Иоанн, кыязы, Ыйсанын бөлөлөрү. Ошондой эле Алфей, сыягы, Ыйсанын асырап алган атасы Жусуптун бир тууганы болгон. Демек, Алфейдин уулу расул Жакып — Ыйсанын аталаш тууганы.

Албетте, Ыйса үчүн расулдарынын ысымдарын эстеп калуу кыйын деле эмес. Сагачы? Аларды мындай жол менен эстеп калсаң болот: экөөнүн аты Симон, экөөнүкү — Жакып, дагы экөөнүкү — Жүйүт. Симондун бир тууганынын аты Андрей, ал эми Жакыптын бир тууганыныкы — Иоанн. Мына ушул ыкма сегиз расулдун аттарын эске тутуп алганга ачкыч болуп эсептелет. Калган төртөө — салык жыйноочу (Матфей), кийинчерээк шектене турган (Фома), бактын астынан чакырылган (Нафанаил) жана анын досу Филипп.

Он бир расулдун тең теги — Ыйса өсүп чоңойгон Галилея. Нафанаил — Кана шаарынан, Филипп, Пётр, Андрейлер Вифсаидадан болушкан, бирок Пётр менен Андрей кийинчерээк Капернаумга көчүп кетишкен, сыягы, Матфей да ошол жерден болгон. Жакып менен Иоанн балыкчы болчу, сыягы, алар да Капернаумда же ага жакын жашаган. Иудеядан чыккан жалгыз расул, калыбы, Жүйүт Искариот болгон; так ошонун өзү кийинчерээк Ыйсаны сатып коёт. Марк 3:13—19; Лука 6:12—16.

▪ Расулдардын ичинен кимдерди Ыйсанын туугандарынан болгон десек болот?

▪ Ыйсанын расулдарынын ысымдары ким, аларды кантип эстеп калууга болот?

▪ Расулдардын теги кайдан?