Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйса самариялык аялды насыяттайт

Ыйса самариялык аялды насыяттайт

19-бөлүм

Ыйса самариялык аялды насыяттайт

ЫЙСА окуучулары менен Иудеядан Галилеяга Самария аймагы аркылуу өтөт. Алар жол жүрүп чарчагандыктан, түш ченде Сихар шаарынан анча алыс эмес жердеги кудуктун жанына эс алуу үчүн токтошот. Ыйсага чейин жүздөгөн жылдар мурун Жакып каздырган бул кудук Наблус шаарына жакын жерде биздин күндөргө чейин сакталып калган.

Ыйса эс алып тургуча, өзөк жалгаганга бир аз тамак-аш сатып келүү үчүн, окуучулары шаарга жөнөшөт. Кудукка самариялык аял келгенде, Ыйса андан: «Ичкенге суу берчи»,— деп сурайт.

Иудейлер менен самариялыктар бири-бирине туура эмес көз карашта болгондуктан, сүйлөшүшчү эмес. Ошондон улам, тиги аял таң калып:

— Сен, иудей болуп туруп, кантип менден, самариялыктан, ичүүгө суу сурайсың? — дейт.

— Эгерде сен: «Ичкенге суу берчи»,— дегендин ким экенин билсең, кайра өзүнөн сурамаксың жана ал сага мүрөк суусун бермек,— деп жооп берет Ыйса.

— Мырза, сузуп алууга сенде чака да жок, кудук болсо терең. Сенде кайдагы мүрөктүн суусу болсун? Ушул кудукту бизге берген жана өзү да, балдары да, малы да ушундан ичкен Жакып атабыздан да чоңсуңбу? — дейт аял.

— Бул суудан ичкен ар ким кайра эле суусайт,— деп жооп берет Ыйса.— Ал эми мен берген суудан ичкен адам түбөлүккө суусабайт, бирок мен ага бере турган суу анын ичинде атырылып чыккан жана түбөлүк өмүрдү берүүчү суу булагына айланат.

— Мырза, мындан ары мен суусабагандай жана суу сузуп алууга бул жерге келбегендей болушум үчүн, мага ошо сууңдан берчи,— деп сурайт аял.

Анда Ыйса:

— Баргын да, күйөөңдү бул жерге чакырып кел,— дейт.

— Менин күйөөм жок,— деп жооп берет ал.

— «Күйөөм жок» деп чыныңды айттың,— деп Ыйса анын айткан сөзүн ырастайт,— анткени сенин беш күйөөң болгон, азыркы жашап атканың да сага күйөө эмес.

Аял таң калуу менен: «Мырза, сенин пайгамбар экениңди байкадым»,— дейт. Ал аял самариялыктар «бул тоодо [алыс эмес жердеги Горизм тоосунда] сыйынышкан, а силер [иудейлер] сыйына турган жер Иерусалимде дейсиңер» — деп айтуусу менен рухийликке кызыгуу көрсөтөт.

Бирок Кудайга сыйынуу үчүн кайсы бир жерди тандоонун кажети жок экендигин Ыйса түшүндүрүп берет. «Чыныгы сыйынуучулар,— дейт ал,— Атага рухта жана чындыкта сыйына турган убак болот... анткени ошондой сыйынуучуларды Ата өзүнө издеп жатат. Кудай — Рух, ага сыйынуучулар рухта жана чындыкта сыйынышы керек».

Ыйсанын сөздөрү аялга чоң таасир берет. Ал аял: «Христос деп аталган Мессия келерин мен билем. Ал келгенде, бизге баарын ачык жарыялайт»,— дейт.

Ыйса аялга: «Сени менен сүйлөшүп турган мен ошонун өзүмүн»,— деп айтат. Ойлоп көрчү! Кыязы, жашоо-турмушунун түрү үчүн аны мазактаган башка аялдарга көрүнбөө максатында атайы түш ченде келген бул аялга Ыйса чоң урмат көрсөтүүдө. Ал азырынча эч кимге ачык айта элек нерсени бул аялга билдирди. Мунун натыйжасы кандай болду?

Көптөгөн самариялыктар чыныгы ишенимге ээ болушат

Ыйсанын окуучулары Сихар шаарынан тамак алып, кайтып келишкенде, Ыйса дагы эле кудуктун жанында самариялык аял менен кызуу аңгемелешип отурган болот. Окуучулар кудукка жакындаганда, аял кумарасын таштап, шаарга жөнөйт.

Ыйсанын айткандарына аябай кызыгып калган ал аял шаардын жашоочуларына: «Баргыла, менин кылгандарымдын баарын мага айтып берген кишини көргүлө»,— дейт да, кызыктыруу үчүн: «Христос ушул болуп жүрбөсүн?» — деп алардан сурайт. Бул суроо жакшы натыйжаларды берет: адамдар бардыгын өз көздөрү менен көрүү үчүн жөнөшөт.

Ошол арада окуучулары шаардан алып келгендеринен Ыйсанын даам татышын суранышат. Бирок Ыйса аларга: «Менде силер билбеген тамак бар»,— деп жооп берет.

«Ага кимдир бирөө тамак алып келгенби?» — деп, окуучулары таң калуу менен бири-биринен сурашат. Ыйса аларга: «Менин тамагым — мени жибергендин эркин аткаруу жана анын ишин бүтүрүү,— деп түшүндүрөт. Силер өзүңөр орок маалына чейин дагы төрт ай бар деп айтып жүрбөйсүңөрбү?» Ыйса рухий орок маалы жөнүндө айткысы келип, сөзүн: «Эгин талаасына көз чаптыргылачы: мына ал агарып, оруу-жыюу убагына жетилди. Себүүчү да, орок оруучу да бирге кубаныш үчүн, эмитеден эле орок оруучу эмгек акысын алып, түбөлүк өмүр үчүн жемиш жыйнап жатат»,— деп улантат.

Кыязы, Ыйса самариялык аял менен болгон жолугушуунун жакшы натыйжаларын — ал аялдын күбөлөндүрүүсү аркылуу көптөгөн самариялыктар ага ишенип кала турганын — көрүп турган. Ал аял: «Менин кылгандарымдын баарын мага айтып берди» — деп, Ыйса жөнүндө шаардын тургундарына күбөлөндүрүп жүрдү. Ошондуктан Сихардын тургундары кудуктун жанына Ыйсага келип, анын алардыкында калып, көбүрөөк айтып беришин суранышат. Ыйса буга макул болуп, ал жерде эки күн калат.

Ыйсаны уккан көптөгөн самариялыктар ишенип калышат. Алар аялга: «Эми сенин айткан сөзүң боюнча эле ишенип жаткан жокпуз, анткени өзүбүз уктук жана бул адам чындап эле дүйнөнүн куткаруучусу экенин билдик»,— дешет. Ыйса жөнүндө күбөлөндүрүүдө угуучулардын кызыгуусун кантип арттыруу жана көбүрөөк билүүгө каалоосун ойготуу жагынан самариялык аял бизге сонун үлгү көрсөтүп турат.

Эсиңдедир, орок маалына (кыязы, сөз Палестинада жазында оруп-жыйылуучу арпанын орок маалы жөнүндө жүрүп жатат) дагы төрт ай бар. Демек, азыр ноябрь же декабрь айы болуш керек. Бул болсо 30-жылдын Пасах майрамынан бери Ыйса жана анын окуучулары Иудеяда элди сегиз айча окутуп жана чөмүлдүрүп жүрдү дегенди билдирет. Эми алар Галилеяга, өздөрүнүн туулуп өскөн аймагына, жөнөшөт. Аякта аларды эмне күтүп турат болду экен? Иоанн 4:3—43.

▪ Эмне үчүн самариялык аял Ыйсанын аны менен сүйлөшкөнүнө таң калды?

▪ Ыйса аны мүрөктүн суусу жана каякта сыйынуу керектиги жөнүндө эмнеге үйрөтөт?

▪ Ыйса өзүнүн ким экенин ага кандайча ачат жана бул эмне үчүн таң калыштуу эле?

▪ Самариялык аял кантип күбөлөндүрөт жана анын натыйжасы кандай болот?

▪ Ыйсанын тамагы менен орок маалынын ортосунда кандай байланыш бар?

▪ Ыйса 30-жылдагы Пасах майрамынан кийин Иудеяда канча убакыт кызмат кылганын кантип билсек болот?