Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйса тирүү!

Ыйса тирүү!

128-бөлүм

Ыйса тирүү!

АЯЛДАР Ыйсанын мүрзөсүнүн ээн калганын көрүшкөндө, Мариам Магдалина муну Пётр менен Иоаннга билдириш үчүн чуркап кетет. Берки аялдар болсо, калыбы, мүрзөнүн жанында калышат. Көп өтпөй бир периште пайда болот да, аларды ичкериге кирүүгө чакырат.

Мүрзөнүн ичинен дагы бир периште көрүнөт. «Коркпогула, устунга кадалган Ыйсаны издеп атканыңарды мен билем. Ал бул жерде жок: ал, өзү айткандай, тирилген. Бери кирип, анын жаткан жерин карап көргүлө. Анан тезирээк жөнөгүлө, анын өлгөндөрдөн тирилгенин... окуучуларына айтып баргыла»,— дейт аларга периштелердин бири. Бир чети, коркуп, бир чети, абдан кубанышкан бул аялдар да чуркап кетишет.

Ал ортодо Мариам Пётр менен Иоаннды таап: «Эгебизди эстелүүчү мүрзөдөн алып кетишиптир, кайда коюшканын билбейбиз»,— дейт. Эки расул тең турган жеринен эле чуркап жөнөшөт. Иоанн, жашыраак болсо керек, мүрзөгө биринчи жетет. Аялдар ал жактан кетип калгандыктан, жакын арада эч ким жок эле. Иоанн эңкейип, мүрзөнүн ичинде кепиндин жатканын көргөнү менен, ичкери даап кире албайт.

Аңгыча Пётр чуркап келет да, түз эле мүрзөгө кирип барат. Ал ошол жерде жаткан кепинди жана Ыйсанын башын байлашкан жоолукту көрөт. Жоолук арыраакта будаланып жатыптыр. Анан Иоанн да кирет. Мариамдын айтканына ал эми ишенет. А бирок Пётр деле, Иоанн деле Ыйсанын тирилгенин (Ыйса тирилерин көп жолу айтса да) түшүнүшпөйт. Расулдар деңдароо болуп үйлөрүнө кетишет. Ал эми мүрзөгө кайра келген Мариам ошол жерде калат.

Ал эми берки аялдар периштелердин айткандарын аткарууга, Ыйсанын тирилгенин окуучуларына айтууга, шашып баратышты. Жолдон аларга Ыйса жолугат. «Саламатсыңарбы»,— дейт ал. Аялдар анын бутуна жыгылып, жүгүнүшөт. Ыйса: «Коркпогула! Жөнөгүлө, бир туугандарыма айткыла, алар Галилеяга барышсын, ошол жерден мени көрүшөт»,— дейт.

Мындан мурун, жер титиреп, периштелер пайда болгондо, сакчылар коркконунан кан-сөлү качып, калтаарып туруп калышат. Эсине келишкен соң дароо шаарга жөнөшөт. Барып, болгон окуяны дин кызматчыларына айтып беришет. Дин кызматчылары иудей аксакалдары менен акылдашып көрүп, бул ишти болушунча жаап-жашырууну чечишет. Сакчыларга болсо пара берип: «„Биз уктап жатканда, окуучулары келип аны уурдап кетишиптир“,— деп койгула»,— деп буйруп коюшат.

Күзөттө туруп уктап калгандыгы үчүн римдик сакчылар өлүм жазасына тартылышы мүмкүн эле. Ошондуктан дин кызматчылар: «Бул [сакчылардын уктап калгандыгы] акимге жете турган болсо, биз аны көндүрүп коёбуз, силерди балээге кабылтпайбыз»,— деп убада кылышат. Берилген пара көп болгондуктан, сакчылар дегенди дегендей аткарышат. Натыйжада, иудейлердин арасында Ыйсанын денесин уурдап кетишиптир деген аңырт сөз тарайт.

Мүрзөнүн жанында калган Мариам Магдалинанын күйүтү чоң. Ыйса кайда болушу мүмкүн? Мүрзөнүн ичин караш үчүн эңкейгенде, ал кайра пайда болгон ак кийимчен эки периштени көрөт. Бири — Ыйсанын денеси жаткан жердин баш жагында, экинчиси аяк жагында олтурган.

— Аялзаты! Сен эмнеге ыйлап жатасың? — деп сурайт алар.

— Эгени алып кетишиптир,— деп жооп берет Мариам,— кайда коюшканын билбейм».

Мариам артына бурулуп, бир адамды көрөт. «Аялзаты! Эмнеге ыйлап жатасың? Издегениң ким?» — деп сурайт ал да.

Мариам аны ошол жердеги бакты карап жүргөн багбан экен деп ойлоп: «Мырза, эгер аны сен алып кеткен болсоң, кайда койгонуңду айтчы. Мен алып кетейин»,— дейт.

— Мариам! — дейт киши.

— Раббуни! — деп (бул «устат» дегенди билдирет), кубанычы алып учкан Мариам Ыйсага боюн таштайт. Бирок Ыйса: «Токто, коё бер мени. Анткени мен Атама али көтөрүлө элекмин. Бир туугандарыма бар да, аларга минтип айт: „Мен өзүмдүн Атама — силердин да Атаңарга, менин Кудайыма — силердин да Кудайыңарга, көтөрүлгөн жатам»,— дейт.

Мариам расулдар менен башка окуучулар чогулган жакка чуркайт. Ал тирилген Ыйсаны көрүшкөн берки аялдардын айткандарына өзүнүн көргөнүн кошумчалайт. Бирок ал эркектер, биринчи келген аялдарга ишенбегендей эле, Мариамга да ишенишпейт көрүнөт. Матфей 28:3—15; Марк 16:5—8; Лука 24:4—12; Иоанн 20:2—18.

▪ Мүрзөнүн бош калганын көргөндө Мариам Магдалина эмне кылат, ал эми башка аялдарчы?

▪ Мүрзөнүн бош экенин билгенде Пётр менен Иоанн эмне кылышат?

▪ Ыйсанын тирилгенин окуучуларына кабарлаш үчүн жөнөгөн аялдарга ким кезигет?

▪ Сакчылар эмне болушат жана алардын билдирүүсүнөн улам дин кызматчылар эмне кылышат?

▪ Мүрзөнүн жанында Мариам Магдалина жалгыз калганда эмне болот жана аялдардын айтып бергендерине эркектер кандай мамиле кылышат?