Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйса тубаса сокурду айыктырат

Ыйса тубаса сокурду айыктырат

70-бөлүм

Ыйса тубаса сокурду айыктырат

ИУДЕЙЛЕРДИН таш бараңга алууга аракет кылганына карабастан, Ыйса Иерусалимден кеткен жок. Ишемби күнү окуучулары менен бирге шаар аралап баратып, бир тубаса сокур кишини көрөт. Окуучулары Ыйсадан: «Рабби, бул киши сокур болуп төрөлгүдөй, кимиси күнөө кетирген, өзүбү же ата-энесиби?» — деп сурашат.

Кыязы, окуучулары айрым раббилер сыяктуу, адам энесинин жатынында да күнөө кетирет дегенге ишенишет окшойт. Бирок Ыйса: «Бул киши да, анын ата-энеси да күнөө кетирген эмес, бирок бул анын үстүнөн Кудайдын иштери көрсөтүлүшү үчүн болгон»,— деп жооп берет. Кишинин сокур болуп төрөлүшүнө ата-энесинин же өзүнүн кетирген кандайдыр бир күнөөлөрү себеп болгон эмес. Адамдык жеткилеңсиздик менен бардык денелик кемчиликтерге, алардын ичинде тубаса сокурлукка да Адам атанын күнөөсү себепкер. Азыр болсо бул кишинин тубаса кемчилиги Ыйсага «Кудайдын иштерин» көргөзүүгө мүмкүнчүлүк түзүп жатат.

Ал иштердин канчалык маанилүү экенин баса белгилөө менен Ыйса: «Азыр жарык болуп турганда, мени жибергендин иштерин аткарышыбыз керек; түн кирип келатат, ал маалда эч ким эч нерсе кыла албайт. Мен дүйнөдө болуп турганымда, дүйнөгө жарыкмын»,— дейт. Жакында Ыйса өлөт жана өлүм караңгылыгына чулганат; анда ал эч нерсе жасай албайт. Бирок ага чейин Ыйса дүйнө үчүн жарыктын булагы болуп кала берет.

Буларды айткандан кийин Ыйса жерге түкүрүп, шилекейин топуракка аралаштырат. Аны сокур кишинин көзүнө басып туруп: «Силоам көлмөсүнө барып жуун»,— деп айтат. Киши Ыйсанын айтканындай кылат. Ал барып жуунганда көзү ачылат! Анын кайтып келгендеги кубанычын айтпа: өмүрүндө биринчи жолу көрүп атат да!

Кошуналары жана аны тааныгандардын баары таң калышып: «Кайыр сурап отурчу киши ушул беле?» — деп сурашат. «Ушул»,— деп жооп беришет айрымдары. Башкалары болсо: «Жок, бул тек гана ага окшош экен»,— деп ишенишпейт. «Мен ошолмун»,— дейт кишинин өзү.

— Анда көздөрүң кандайча ачылды? — деп сурашат андан.

— Ыйса деген киши ылай жасап, көздөрүмө сүйкөдү да: „Силоам көлмөсүнө барып жуун“,— деди. Мен барып жуундум, анан көздөрүм көрүп калды.

— Ал киши кайда? — деп сурашат тигилер.

— Билбейм,— дейт ал.

Ушундан кийин алар мурун сокур болуп жүргөн кишини өздөрүнүн дин башчыларына, фарисейлерге, алпарышат. Фарисейлер да андан көзү кандайча ачылганын сурашат. «Ал менин көздөрүмө ылай тартты, анан жуундум, азыр болсо көрүп калдым»,— деп жооп берет тиги киши.

Фарисейлер бул кайырчы кишинин айыкканына сүйүнүшү керек эле. Бирок анын ордуна Ыйсаны жамандашып: «Бул киши Кудайдан эмес»,— деп ырасташат. Эмнеге? «Анткени ишемби күндү сактабайт». Ошого карабастан айрым фарисейлер: «Күнөөлүү киши кантип ушундай кереметтерди жасай алсын?» — деп каршы болушат. Ошентип, фарисейлердин ортосунда келишпестик келип чыгат.

Андан кийин алар тиги кишиден: «Ал сенин көздөрүңдү ачты, ал киши жөнүндө эмне дейсиң?» — деп сурашат.

— Ал пайгамбар,— деп жооп берет киши.

Бирок фарисейлердин буга ишенгилери келбейт. Алар бул киши Ыйса менен жашыруун сүйлөшүп алып, элди алдап жатат деп ойлошот. Ошондуктан мунун баарын такташ үчүн фарисейлер сокурдун ата-энесин суракка алганга чакыртышат. Иоанн 8:59; 9:1—18.

▪ Кишинин сокур болуп төрөлүшүнүн себеби эмнеде жана ага карата туура эмес кандай ой жүгүртүүлөр бар?

▪ «Ал маалда эч ким эч нерсе кыла албай» турган түн деген эмне?

▪ Сокур кишини мурун тааныган адамдар анын сакайышына кандай карашат?

▪ Кишинин сакайышынан улам фарисейлердин ортосунда эмне үчүн келишпестик келип чыгат?