Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйса фарисейлерди ашкерелейт

Ыйса фарисейлерди ашкерелейт

42-бөлүм

Ыйса фарисейлерди ашкерелейт

ЭГЕРДЕ ал жин-перилерди Шайтандын жардамы менен кууп чыгарса, анда Шайтандын өзү ич ара бөлүнүп калмак экенине Ыйса негиздүү далил келтирет. «Силер же даракты жакшы кыласыңар жана анын жемишин да жакшы кыласыңар, же даракты чирик кыласыңар жана анын жемишин да чирик кыласыңар; анткени дарак жемишинен билинет»,— деп Ыйса сөзүн улайт.

Жакшы жемишти — жин-перилердин кууп чыгарылышын — Ыйсаны Шайтанга кызмат кылып жатат деп ырастоо акылсыздык болуп калар эле. Эгерде жемиш жакшы болсо, анда дарак жаман болушу мүмкүн эмес. Ал эми фарисейлердин чириген жемиши — алардын Ыйсага койгон негизсиз, акылга сыйбаган айыптоолору — өзүлөрүнүн жамандыгын көрсөтүп турат. «Чаар жылан тукумдары,— деп Ыйса үнүн бийик чыгарат,— өзүңөр жаман болуп туруп, кантип жакшы нерсе айталасыңар? Анткени жүрөккө толгон нерсе ооздон чыгат да».

Сүйлөгөн сөзүбүз жүрөгүбүздүн абалын билдиргендиктен, эмне айткандыгыбызга карата соттолобуз. «Силерге айтарым; ар бир сүйлөгөн орунсуз сөзү үчүн адамдар Сот күнүндө жооп берет; анткени сөздөрүң үчүн адилеттүү деп аталасың жана сөздөрүң үчүн айыпталасың»,— дейт Ыйса.

Ыйсанын жасаган бардык кереметтерине карабастан, китепчилер менен фарисейлер: «Устат, сенден жышаан көргүбүз келет»,— деп талап кылышат. Иерусалимден келген бул адамдар Ыйсанын кереметтерин өз көздөрү менен көрбөгөн күндө да, аларда күбөлөрдүн өзүнөн алган төгүндөлгүс далилдер бар. Ошондуктан Ыйса иудей башчыларына: «Каардуу жана ойноштук кылган муун дагы эле жышаан издеп жатат, бирок аларга Жунус пайгамбардын жышаанынан башка жышаан берилбейт»,— дейт.

Айткан сөзүнүн маанисин Ыйса мындай деп түшүндүрүп берет: «Жунус чоң балыктын кардында үч күн, үч түн болгондой эле, адам Уулу да жердин койнунда үч күн, үч түн болот». Жутуп алган балыктын кардынан Жунустун кайра чыгышы тирилүүгө тете болгон. Мына ушундайча Ыйса өзүнүн өлөрүн жана үч күндөн кийин тирилтилерин алдын ала айткан. Бирок кийинчерээк, Ыйса чындап эле тирилгенде, иудей башчылары «Жунустун жышаанын» четке кагышат.

Ошондуктан Ыйса Жунус кабар айткандан кийин өкүнгөн ниневиялыктардын Ыйсаны четке каккан иудейлерди айыптоо үчүн сотто турарын айтат. Буга кошумчалап ал дагы бир окшоштукту — Сулаймандын акылмандыгын угуу үчүн жердин түбүнөн бери келген савалык ханышаны, анын көрүп-уккандарына таң калганын — айтат. «Бирок мына,— дейт Ыйса,— бул жерде Сулаймандан да чоңу бар».

Андан кийин Ыйса ичинен каардуу жин чыгып кеткен адамды мисал келтирет. Тилекке каршы, ал адам бошогон жерин пайдалуу эч нерсе менен толтурбагандыктан, аны биринчисинен да каардуу келген жети жин ээлеп алат. «Бул каардуу муун менен да так ушундай болот»,— дейт Ыйса. Израиль эли тазалануудан жана оңдолуудан бир нече ирет өткөн; муну каардуу жиндин убактылуу жок болуп турган кезине салыштырса болот. Бирок алар Машайык келгенде аны кабыл албоо менен Кудайдын пайгамбарларын четке кагуусу эң жогорку чегине жеткендигин көрсөтүшкөн. Бул алардын абалы мурункусунан да начар болгондугун билдирип турган.

Ыйса сүйлөп жатканда, анын энеси жана туугандары келишип, чогулган адамдардан анча алыс эмес жерде турушат. Кимдир бирөө Ыйсага: «Мына, сенин энең жана бир туугандарың сыртта турушат жана сени менен сүйлөшүүгө умтулушууда»,— дейт.

Ыйса: «Менин энем ким жана бир туугандарым ким?» — деп сурайт да, окуучуларын көрсөтүп: «Мына, менин энем жана бир туугандарым! Анткени ким асмандагы Атамдын эркин аткарса, ал мага ага, ини, эже, карындаш жана эне болот»,— деп айтат. Бул сөздөрү менен Ыйса туугандарына болгон сезими канчалык күчтүү болсо да, бирок окуучулары менен болгон мамилеси ал үчүн баалуураак экенин көрсөтүүдө. Матфей 12:33—50; Марк 3:31—35; Лука 8:19—21.

▪ Эмне үчүн фарисейлердин «дарагы» да, «жемиши» да жакшы эмес?

▪ «Жунустун жышааны» деген эмне жана аны кийинчерээк кандайча четке кагышат?

▪ Кандай мааниде биринчи кылымдагы израиль эли ичинен каардуу жин чыгарылган адамга окшош?

▪ Ыйса окуучулары менен болгон тыгыз байланышын кандайча билдирет?