Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйса өз шаарындагы синагогада

Ыйса өз шаарындагы синагогада

21-бөлүм

Ыйса өз шаарындагы синагогада

ЫЙСА үйүнө кайтып келгенде, Назареттин эли уу-дуу түшүп турган. Бир жылдан ашыгыраак убакыт мурун, ал чөмүлдүрүлгөнү Иоаннга кеткен кезде, баары аны кадимки эле жыгач уста катары билишчү. Азыр болсо керемет жасаган адам катары ал бардык жерге белгилүү болду. Шаардын тургундары да анын өз жеринде жасай турган кереметтерин көрөйүн дегенде көздөрү төрт.

Ыйса адатынча жергиликтүү синагогага келгенде, эл аны чыдамсыздык менен күтүп турган. Ал кызмат учурунда окуганы ордунан турганда, ага Исаия пайгамбардын түрмөгүн беришет. Ыйса түрмөктөн Иегованын руху менен майланган адам тууралуу айтылган жерди табат. Бүгүнкү күндө ал сөздөрдү Ыйык Жазмадагы Исаия китебинин 61-бабынан окуй алабыз.

Ыйса ал адамдын туткундагылардын бошонушу, сокурлардын көрүшү жөнүндө кабар айта турганын жана Иегованын жагымдуу жылы тууралуу кабарлай тургандыгын окуйт да, түрмөктү тейлөөчүгө берип, ордуна отурат. Бардыгы аны тигиле карап калышты. Ал, кыязы, жазылгандарды тактап түшүндүрүп бергенден кийин: «Эмеле силер уккан Жазмадагы сөз бүгүн аткарылды»,— деп айтат.

Эл анын «жагымдуу сөздөрүнө» таң калып: «Бул Жусуптун уулу эмеспи?» — деп жатышты. Ыйса алардын андан керемет көрсөтүүсүн күтүп атышканын билет, ошон үчүн ал сөзүн улантып: «Албетте, силер мага: „Дарыгер, өзүңдү өзүң айыктыр; Капернаумда эмнелер жасалганын биз уктук, ошондойду бул жерде, өз мекениңде да кыл“ деген мисалды колдоносуңар»,— дейт. Сыягы, Ыйсанын мурунку кошуналары, аны биринчи кезекте өзүнүнүн шаарындагыларын айыктырышы керек эле деп ойлошкондуктан, өздөрүн кемсинтилгендей сезишет. 

Ыйса алардын оюн билип, тарыхтан ушуга ылайык келген бир окуя айтып берет. Илиянын убагында Израилде көп эле жесир аялдар болгон, бирок Илия алардын бирөөнө да жиберилген эмес. Мунун ордуна ал Сидонго, израиль элинен болбогон жесир аялга барат жана керемет жасап, анын өмүрүн сактап калган. Ошондой эле Елисейдин күндөрүндө пес оорусу менен ооругандар көп болчу, бирок Елисей сириялык Нееманды эле айыктырган.

Өзүмчүлдүгүн жана ишенимдеринин жетишсиздигин ашкерелеген мындай салыштыруу синагогага чогулгандардын кыжырын келтирет. Алар Ыйсаны шаардын четине алып чыгышат да, Назарет жайгашкан тоонун кырынан аны түртүп ийүүгө аракет кылышат. Бирок Ыйса алардан бошонуп, качып кетет. Лука 4:16—30; 3 Падышалык 17:8—16; 4 Падышалык 5:8—14.

▪ Назареттеги эл эмне үчүн уу-дуу түшүп турган?

▪ Ыйсанын сүйлөгөн сөзү жөнүндө эл кандай ойдо болот, бирок акырында алар эмне үчүн кыжырланышты?

▪ Эл Ыйсаны эмне кылганга аракет кылат?