Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ырайымдуулук көрсөтүүгө карата сабак

Ырайымдуулук көрсөтүүгө карата сабак

40-бөлүм

Ырайымдуулук көрсөтүүгө карата сабак

КАЛЫБЫ, Ыйса дагы эле Наин шаарында, жакында эле жесир аялдын баласын тирилткен жерде же ага жакын шаарлардын биринде жүрөт. Ушундай кереметтерди жасаган адам менен Симон аттуу фарисейдин да жакыныраак таанышкысы келет. Ошондуктан ал Ыйсаны түшкү тамакка чакырат.

Ыйса Симондукуна келе турган дагы башка адамдарга жардам берүүгө бул жакшы мүмкүнчүлүк экенин билип, мурун салык жыйноочулар менен күнөөкөрлөрдүн чакырыгын кандай кабыл алса, бул чакырыкты да ошондой кабыл алат. Бирок ал Симондукуна келгенде ага демейде меймандарга көрсөтүлүүчү сый көрсөтүлбөйт.

Израилдиктер сандал кийип жүрүшкөндүктөн, чаң жолдор менен басканда буттары кирдеп, ысып чыкчу. Ошон үчүн меймандос үй ээлери, салт боюнча, коноктун бутун муздак суу менен жууй турган. Бирок Ыйсага мындай сый көрсөтүлгөн жок. Аны адатта кылынып жүргөндөй өөп тосуп алышпады жана меймандостуктун белгиси катары башын да май менен майлашкан жок.

Меймандар, үстөлдүн тегерегинде жамбаштап алышып, тамак жеп жатканда, үйгө чакыруусуз эле бир аял акырын кирип келет. Бул аял адепсиз жашоосу менен шаарга белгилүү эле. Калыбы, ал Ыйсанын окутуулары менен тааныш болгон жана анын «бардык мээнеткечтерди жана түйшүгү барларды» сергитүү алууга чакырганын уккан. Ошондой эле ага көргөндөрү жана уккандары катуу таасир этсе керек, ошон үчүн Ыйсаны издеп келип отурат.

Аял үстөлдүн жанында жамбаштап жаткан Ыйсанын артынан келип, анын тизесине чөгөлөйт. Анын көз жашы Ыйсанын бутуна таамп, аны чачы менен сүртүп жатты. Ошондой эле ал идишке жыпар жыттуу май ала келип, Ыйсанын бутун назик өөп, май куят. Симон болсо мунун баарын жактыра бербей, көз салып турду. «Эгерде бул адам пайгамбар болсо,— деп ойлойт ал,— ага ким жана кандай аял колун тийгизип жатканын билмек, анткени бул аял күнөөкөр да».

Ыйса анын эмне ойлоп жатканын билип:

— Симон, сага айтар сөзүм бар,— дейт.

— Айткын, устат! — деп жооп берет ал.

— Насыячыга эки адам бересе эле,— деп баштайт сөзүн Ыйса. — Бирөө беш жүз динар карыз болчу, экинчиси болсо — элүү. Бирок карызды төлөгөнгө алардын эч нерсеси жок болгондуктан, насыячы ак көңүлдүк менен экөөнү тең кечирет. Демек, алардын кимиси аны көбүрөөк сүйөт?

Адеп караганда, бул суроонун ишке эч тиешеси жоктой көрүнгөндүктөн Симон:

— Кимисинин көп карызы кечирилсе, ошонусу деп ойлойм,— деп, сыягы, кош көңүл жооп берет.

— Сен туура ой жүгүрттүң,— дейт Ыйса. Андан кийин аялга бурулуп, Симонго мындай дейт: «Бул аялды көрдүңбү? Мен сенин үйүңө киргенде, бутума суу берген жоксуң. Ал эми бул аял бутумду көз жашы менен суулап, чачы менен сүрттү. Сен мени өөп тосуп алган жоксуң, ал эми бул аял үйгө киргенимден баштап бутумду назик өпкөнүн токтоткон жок. Сен менин башымды майлаган жоксуң, ал эми бул аял бутумду жыпар жыттуу май менен майлады».

Аял мурунку жасаган күнөөлөрү үчүн чын жүрөгүнөн өкүнгөндүгүн далилдеди. Ошондуктан Ыйса сөзүн мындайча аяктайт: «Ошон үчүн сага айтам, аялдын күнөөлөрү көп экенине карабастан кечирилет, анткени анын сүйүүсү күчтүү; ал эми аз кечирилгени аз сүйөт».

Ыйса бул жерден адеп-ахлаксыздыкка жол берип, ага көз жуумп койгон жери жок. Тескерисинче, бул окуя, турмушунда ката кетирип, бирок кийинчерээк өкүнүү менен жардам сураган адамдарга болгон Ыйсанын сезимин жана аларды түшүнө билгендигин ачып берүүдө. «Күнөөлөрүң кечирилет... Сени ишенимиң куткарды; тынчтыкта бара бер»,— деп Ыйсанын айтканын укканда аял кандай гана сергий түшкөн! Лука 7:36—50; Матфей 11:28—30.

▪ Ыйсаны Симон кандай тосуп алат?

▪ Ыйсаны ким издеп келет жана эмне үчүн?

▪ Ыйса кандай көрсөтмөлүү мисал келтирет жана аны кандайча түшүндүрүп берет?