Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эл жоголгон, бирок анын баары эмес

Эл жоголгон, бирок анын баары эмес

79-бөлүм

Эл жоголгон, бирок анын баары эмес

ЫЙСА фарисейдин үйүнүн алдына чогулган иудейлер менен сүйлөшкөндөн көп өтпөй, эл ага «галилеялыктар жөнүндө, Пилат [Рим башкаруучусу Понтий Пилат] канын курмандыктары менен кошо аралаштырып салган галилеялыктар жөнүндө, айтат». Мүмкүн, ал галилеялыктар, Пилаттын Иерусалимди суу менен камсыз кылуу үчүн суу өткөргүч курдурууга акчаны ийбадаткананын казынасынан алышына миңдеген иудейлер каршы чыкканда өлтүрүлгөн. Муну айткандар, калыбы, кырсыктын болушуна галилеялыктардын өздөрүнүн кылган туура эмес иштери себеп болгон дегиси келген окшойт.

Бирок Ыйса суроо берүү менен алардын туура эмес ойлорун оңдойт: «Бул галилеялыктар минтип жабыр тартып калса эле, башка галилеялыктарга караганда көбүрөөк күнөөлүү болгон деп ойлойсуңарбы? Жок»,— дейт Ыйса. Андан кийин ал бул учурдан пайдаланып, аларга: «Эгерде өкүнбөсөңөр, силер да баарыңар өлөсүңөр»,— деп эскертет.

Буларды айткандан кийин Ыйса ушул жерде болуп өткөн дагы бир кырсыктуу окуяны алардын эсине салат, мүмкүн, ал да суу өткөргүч курууга байланыштуу болгон. «Же Силоам мунарасы кулаганда, алдында калып өлгөн он сегизи Иерусалимде жашаган башка адамдарга караганда көбүрөөк карыз болчу деп ойлойсуңарбы?» — деп сурайт ал. Жок, Ыйса айткандай, алар өзүлөрүнүн жамандыгынан өлгөн эмес. Адатта, мындай кырсыктардын болушуна «убакыт жана кокустук» себеп болот. Бирок Ыйса кайрадан: «Эгерде өкүнбөсөңөр, силер да баарыңар өлөсүңөр»,— деп эскертет.

Андан кийин Ыйса дагы бир ылайыктуу көрсөтмөлүү мисал келтирет: «Бир кишинин жүзүм багында анжыр дарагы тигилген болот, ал киши анын жемишин издегени келип, бирок эчтеке таппайт. Анан жүзүмчүгө: „Үч жылдан бери мен бул анжырдын жемишин издегени келип, бирок эчтекке таппай кетем. Кыйып сал муну! Эмне үчүн бекер эле жерди ээлеп турат?“ — дейт. Анда ага жүзүмчү: „Мырза, быйыл да тура турсун, мен анын түбүн жумшартып, кык чачып көрөйүн, эгерде эмдиги жылы түшүм берсе, анда жакшы, а эгер бербесе, кыйып саласың“,— деп жооп кайтарат».

Үч жылдан ашык убакыт Ыйса иудей элинде ишеним өстүрүүгө аракет кылып көрдү. Бирок анын кылган эмгегинин жемиши болуп бир нече жүз гана окуучу саналат. Азыр, кызматынын төртүнчү жылында, Ыйса мурдагыдан да көп күч жумшап, жигердүүлүк менен эмгектенет. Каймана мааниде айтканда, Иудея менен Переяда адамдарга ынтаалуу кабар айтып, аларды окутуусу менен иудей анжырынын түбүн жумшартып, кык чачат. Тилекке каршы, анын аракетинин баары талаага кетет! Эл күнөөлөрү үчүн өкүнүүдөн баш тартат, ошонусу менен өзүлөрүн өлүмгө бет алдырат. Болгону бир аз эле адам жооп кайтарат.

Ыйса бул окуядан көп өтпөй, ишемби күндөрүнүн биринде синагогага барып окутат. Ал жерден 18 жылдан бери жин-пери кыйнап келаткан бир аялды көрөт: аял бүкчүйүп калган эле. Ыйсанын боору ооруп, ага: «Аялзаты, сен бул дартыңдан бошондуң»,— дейт. Анан аялга колдорун койгондо, ал ошол замат түзөлүп, Кудайды даңктап кирет.

Анда синагоганын башчысы: «Жумуш кылганга алты күн бар; айыкканы ишемби күнү келбей, мына ошол күндөрү келгиле»,— деп каршылыгын билдирет. Муну менен ал Ыйсанын айыктыра аларын моюнга алып жатат, бирок адамдарды ишембиде айыкканы келишкендиги үчүн айыптоодо.

«Эки жүздүүлөр,— деп жооп берет Ыйса ага,— силердин ар бириңер ишемби күнү өгүзүн же эшегин акырдан чечип, сугарууга алып барбайбы? Анда мына он сегиз жылдан бери Шайтан байлоодо кармап келген бул аялды, Ибрайымдын кызын, ишемби күнү кишенден бошотсо болбойт бекен?»

Муну укканда Ыйсанын душмандары уяла түшөт. Ал эми башка адамдар Ыйсанын алардын көз алдында кылган даңктуу иштерине кубанышат. Буларды айткандан кийин Ыйса бир жылдай мурун Галилея деңизинен кайыкка отуруп алып айткан Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү эки пайгамбарлык көрсөтмөлүү мисалын кайталайт. Лука 13:1—21; Үгүтчү 9:11; Матфей 13:31—33.

▪ Бул бөлүмдө кайсы эки кырсыктуу окуя тууралуу айтылды жана алардын жардамы менен Ыйса эмнеге үйрөтүп жатат?

▪ Жемишсиз анжыр дарагы тууралуу көрсөтмөлүү мисалды жана ошол даракты жемиштүү кылууга жумшалган күч-аракеттерди эмнеге салыштырса болот?

▪ Синагоганын башчысы Ыйсанын айыктырууга жөндөмдүү экенин кандайча моюнга алат жана Ыйса анын эки жүздүүлүгүн кантип ашкерелейт?