Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эл каалаган күчтүү Башкаруучу

Эл каалаган күчтүү Башкаруучу

53-бөлүм

Эл каалаган күчтүү Башкаруучу

ЫЙСА керемет аркылуу миңдеген адамдарды тойгузганда, эл аябай таң калып: «Бул чын эле дүйнөгө келе турган пайгамбардын өзү экен»,— дейт. Алар Ыйсаны Мусадан да чоң пайгамбар деген тыянакка келишет. Ошону менен бирге, аны мыкты да башкаруучу боло алат деп ойлошкондуктан, аны кармап алып, өзүлөрүнө падыша кылып шайлоону каалашат.

Ыйса алардын максатын билип калып, өзүнүн эркине каршы падыша болуп калбаш үчүн, тезинен иш-аракет кылат. Ал элди коё берип, окуучуларына кайрадан Капернаумга сүзүүгө буйрук берет. Өзү болсо тиленип келүү үчүн тоого чыгып кетет. Бул түндү Ыйса жалгыз өткөрөт.

Тоодон айлананын баары даана көрүнүп турат. Таң атаарда Ыйса деңизде катуу шамал көтөрүлүп, чоң толкун башталганын байкайт. Ай толуп, жарык болуп тургандыктан (бул окуя Пасах майрамынын алдында болот), Ыйса окуучуларынын кайыгын көрөт. Алар каршы урган толкундар менен күрөшүп, кичине да болсо алга жылуу үчүн болгон аракеттери менен калактарын шилеп жатышкан эле.

Ыйса тоодон түшүп, толкуп турган деңиздин үстү менен окуучуларына жөнөйт. Аларды кууп жеткенде, кайык жээктен беш-алты чакырымдай узап кеткен болчу. Бирок Ыйса башка жакка бараткансып, андан ары кете берет. Окуучулары аны көрүп: «Бул элес!» — деп кыйкырып киришет.

— Бул менмин, коркпогула,— деп Ыйса аларды тынчтандырат.

— Эге, эгерде бул сен болсоң, анда мага суунун үстү менен сага барганга буйрук бер,— деп айтат Пётр.

— Кел! — деп жооп берет Ыйса ага.

Пётр кайыктан түшүп, суунун үстү менен Ыйсаны көздөй басат. Бирок катуу шамалды көрүп коркуп кетип, чөгө баштайт. «Теңир, мени куткар!» — деп кыйкырат ал.

Ыйса ошо замат колун сунуп: «Ишеними аз, эмнеге шек санадың?» — дейт.

Ыйса менен Пётр кайыкка отургандан кийин, шамал тынчыйт, окуучулары айран-таң калат. Бирок бул аларды таң калтырышы керек беле? Бир нече саат мурун эле Ыйса беш нан, эки балык менен миңдеген адамдарды тойгузган. Эгерде окуучулары «нандардын маанисин түшүнүшсө», тактап айтканда, ал кереметтин күчтүүлүгүн баамдашса, Ыйсанын суунун үстүнөн басканына жана шамалды тынчытканына анчалык таң калышпайт болчу. Бирок эми окуучулары: «Сен чынында эле Кудайдын Уулусуң» — дешип, Ыйсага таазим кылышууда.

Бир аздан кийин алар Капернаумдун жанындагы кооз жана жемиштүү Генисарет өрөөнүнө сүзүп келип, кайыктарын ошол жерге токтотушат. Бирок алардын буту жерге тиелекте эле адамдар Ыйсаны таанышып, оорулуу адамдарды таап келиш үчүн жакын жердеги айылдарга жөнөшөт. Оорулууларды замбилдерге салып келишет, алар болсо Ыйсанын кийиминин учуна эле колдорун тийгизишип, ооруларынан толугу менен сакайып жатышты.

Ошол эле учурда, Ыйсанын керемет жолу менен элди тойгузганына күбө болгон адамдар анын кетип калганын билишет. Алар, Тибериададан башка кайыктар келгенде, аларга отуруп, Ыйсаны издеп Капернаумду көздөй жөнөшөт. Ыйсаны табышканда: «Рабби, сен бул жакка качан келдиң?» — деп сурашат. Бирок, биз жакында көрө тургандай, Ыйса ал адамдарды ашкерелейт. Иоанн 6:14—25; Матфей 14:22—36; Марк 6:45—56.

▪ Ыйса миңдеген адамдарды керемет аркылуу тойгузгандан кийин, эл аны эмне кылгысы келет?

▪ Тоонун үстүндө туруп Ыйса эмнени көрөт жана андан кийин эмне кылат?

▪ Эмне үчүн окуучулары мынчалык таң калбашы керек эле?

▪ Алар жээкке чыгышканда эмне болот?