Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эскерүү кечи

Эскерүү кечи

114-бөлүм

Эскерүү кечи

ОКУУЧУЛАРЫНЫН бутун жуугандан кийин: «Менин нанымды жеген адам мага согончогун көтөрдү» — деп, Ыйса Забур 41:9дагы [40:10] жазылгандарды айтат. Анан ичинен күйүп-бышып: «Араңардан бирөөңөр мени сатып кетет»,— деп түшүндүрөт.

Катуу кайгырган расулдардын улам бири: «Мен эмеспи?» — деп Ыйсадан сурай башташат. Атүгүл, Жүйүт Искариот да сурады. Ыйсанын жанында чыканактап жаткан Иоанн, анын көкүрөгүнө башын жөлөп: «Эге! Ал ким?» — деп сурайт.

«Мени менен бир табактан малып жеп жаткан он экиңердин бири»,— деп жооп берет Ыйса.— Анткен менен адам Уулу өзү жөнүндө жазылгандар боюнча баратат, бирок адам Уулун сатып жаткан адамга кайгы! Мындан көрө, ал адамдын төрөлбөй эле койгону жакшы болмок». Андан кийин Жүйүткө кайрадан Шайтан кирет, анткени ал жүрөгүн таш кылып, Шайтанга ачып берип койгон эле. Ошол түнү Ыйса Жүйүттү «өлүм уулу» деп абдан туура атаган.

Анан Ыйса Жүйүткө: «Кылайын дегениңди батыраак кыл»,— дейт. Калган расулдар Ыйсанын айткандарынын маанисин түшүнүшпөйт. Акча кутусун Жүйүт кармап жүргөндүктөн, расулдардын кээ бирлери ага «майрамга керектелчү нерселерди сатып кел» же бечара-карыптарга бирдеме берип кел деген экен деп ойлошот.

Жүйүт кеткенден кийин, Ыйса өзүнүн ишенимдүү расулдары үчүн таптакыр жаңы майрам, тагыраак айтканда, Эскерүү майрамын негиздейт. Ыйса колуна нан алып, Кудайга ыраазычылыгын билдирип тиленет да, аны: «Алгыла, жегиле»,— деп расулдарына бөлүп берет. Анан аларга: «Бул силер үчүн бериле турган менин денемди билдирет. Муну мени эскерүү үчүн жасагыла»,— деп түшүндүрөт.

Алардын ар бири нандан жешкенден кийин, Ыйса шарап куюлган, кыязы, Пасах маалында колдонулуучу шарап куюлган төртүнчү чөйчөктү колуна алат. Ал үчүн да ыраазычылыгын билдирип тиленген соң: «Бул чөйчөк силер үчүн төгүлө турган менин каныма негизделген жаңы келишимди билдирет» — деп, расулдарына ичкенге берет.

Мына, ушул — Ыйсанын өлгөнүн эскерүү кечи. Ал жыл сайын 14-нисанда, Ыйса өзү айткандай, аны эскериш үчүн белгиленүүгө тийиш. Бул майрамды белгилегендерге Ыйса менен асмандагы Атасынын, адамзатты өлүм өкүмүнөн бошотуу үчүн, кандай чара көрүшкөнүн эскертип турат. Ыйсаны жолдой турган еврейлер бул майрамды Пасахтын ордуна белгилешмек.

Ыйсанын канынын төгүлүшү менен киргизилген жаңы келишим эски Мыйзам келишимин алмаштырган. Ыйса Машайык — жаңы келишимде турган эки тараптын, Иегова Кудай менен Ыйсанын рух аркылуу төрөлгөн 144 000 жолдоочуларынын, арачысы. Күнөөлөрдүн кечирилишинен сырткары, бул келишим аркылуу падыша-дин кызматчылардан турган асмандагы элдин түзүлүшүнө жол ачылган. Матфей 26:21—29; Марк 14:18—25; Лука 22:19—23; Иоанн 13:18—30; 17:12; 1 Коринфтиктер 5:7.

▪ Ыйса жанындагылардын бирине тийиштүү ыйык китептик кайсы пайгамбарлыкты айтат да, аны кандайча түшүндүрөт?

▪ Эмне үчүн расулдар катуу кайгырышат жана алардын ар бири эмне деп сурашат?

▪ Ыйса Жүйүткө эмне кыл дейт жана муну башка расулдар кандайча түшүнүшөт?

▪ Жүйүт кеткен соң, Ыйса кайсы майрамды негиздейт жана ал майрамдын максаты кандай?

▪ Жаңы келишимдин эки тарабын кимдер түзөт жана ал келишим эмне үчүн керек?