Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үйлөнүү тою жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисал

Үйлөнүү тою жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисал

107-бөлүм

Үйлөнүү тою жөнүндөгү көрсөтмөлүү мисал

ЭКИ көрсөтмөлүү мисалдын жардамы менен Ыйса китепчилер менен диний жетекчилерди ашкереледи, ошондуктан алар аны өлтүрүүнү каалап жатышат. Бирок Ыйсанын аларга айта турган дагы сөзү бар. Ошондуктан Ыйса аларга кайрадан көрсөтмөлүү мисал айтат:

«Асман падышалыгы уулунун үйлөнүү тоюн берген кишиге, падышага, окшоп кетет. Ал үйлөнүү тоюна чакырылгандарды чакырганга кулдарын жиберет, бирок алардын келгиси келбейт».

Иегова Кудай — өзүнүн Уулу Ыйса Машайыктын үйлөнүү тоюн өткөргөн Падыша. Ыйык рух менен майланган 144000 жолдоочулардан турган колукту акыр-аягы асманда Ыйса менен биригет. Падышанын букара эли болуп израиль эли саналат. Алар б.з.ч. 1513-жылы Мыйзам келишимине турушуп, «дин кызматчылар падышалыгы» болууга мүмкүнчүлүк алышкан. Мына ошондо израилдиктер ошол үйлөнүү тоюна «чакырылгандардан» болуп калышкан.

Бирок чакырылгандарды биринчи жолу б.з. 29-жылы гана, Ыйса жана анын окуучулары (падышанын кулдары) Падышалык тууралуу кабарлай башташканда, чакырышкан. Тилекке каршы, 29-жылдан 33-жылга чейин кулдар чакырып келген кадимки израилдиктер үйлөнүү тоюна барууну каалашпайт. Кудай чакырылган элге дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берет. Муну Ыйса төмөндөгүдөй баяндайт:

«Кайрадан ал башка кулдарын жиберип: „Чакырылгандарга айткыла: „Мына мен түшкү тамакты даярдап койдум; менин өгүздөрүм жана борго байлаган малдарым союлуп, баары даяр болду. Үйлөнүү тоюна келгиле“,— деп айтат“». Ушул экинчи жана акыркы жолу чакырылгандарды 33-жылдын Эгин оруп-жыюу майрамында, Ыйсанын жолдоочуларына ыйык рух берилгенде, чакыра башташкан. Бул жолу чакырылгандарды 36-жылга чейин чакырышат.

Бирок израилдиктердин көбү бул чакырыкты текеберленип кабыл албай коюшат. «Алар,— дейт Ыйса,— кош көңүл карашып, бири өз талаасына, башкасы өзүнүн соода иштери менен кетип калды, ал эми калгандары анын кулдарын кармап алып кордоп, өлтүрүп салышты». «Падышанын каары кайнап,— дейт Ыйса сөзүн улап,— өзүнүн аскерлерин жиберип, ошол киши өлтүргүчтөрдү жок кылат да, алардын шаарын өрттөп салат». Бул 70-жылы, римдиктер Иерусалимдин таш-талканын чыгарганда жана ошол киши өлтүргүчтөрдү жок кылганда, аткарылган.

Ыйса сөзүн улайт: «Ошондо ал [падыша] кулдарына минтип айтат: „Мына, үйлөнүү тою даяр, ал эми чакырылгандар татыксыз болуп чыкты. Ошондуктан шаардан чыккан жолдорго баргыла да, кимдерди жолуктурсаңар, баарын үйлөнүү тоюна чакыргыла“». Кулдар анын буйругун аткарат, ошентип, «үйлөнүү залы үстөлдү тегерете чыканактап жаткандарга толот».

Коноктордун шаардын сыртындагы жолдордон чогултулушу 36-жылы башталган. Римдик жүзбашы Корнилий жана анын үй-бүлөсү сүннөттөлбөгөн иудей эместерден биринчи келгендерден болушту. Башында келбей койгондордун ордун толуктай турган иудей эместердин чогултулушу XX кылымга дейре улантылган.

Ал эми XX кылымда үйлөнүү тоюнун залы толот. Ыйса андан кийин эмне болорун мындайча баяндайт: «Падыша келген конокторду көрүү үчүн кирип, ал жерден үйлөнүү тоюна кийилүүчү кийим кийбей келген кишини көрөт. Анан ага: „Досум, сен бул жакка үйлөнүү тоюна кийилүүчү кийимди кийбей кандайча кирип алдың?“ — дейт. Тиги үн катпайт. Ошондо падыша өзүнүн кызматчыларына мындай дейт: „Муну колу-бутун байлап туруп, ары караңгылыкка ыргытып салгыла. Ал жерде анын ыйы жана тиш кычыратуусу болот“».

Үйлөнүү тоюна кийилүүчү кийимди кийбеген адам жалган христиандарды билдирет. Кудай аларды рухий израилдиктерди айырмалап турган белгилерди алып жүргөн адамдар катары эч качан эсептеген эмес. Ошондой эле Кудай аларды Падышалыктын мурасчылары катары эч качан ыйык рух менен майлаган эмес. Ошондуктан алар ары караңгылыкка, жок кылына турган жерге, ыргытылат.

Ыйса көрсөтмөлүү мисалын: «Анткени чакырылгандар көп, бирок тандалгандар аз»,— деген сөздөр менен аяктайт. Ооба, Машайыктын колуктусунун мүчөсү болуп калууга израиль элинен көптөр чакырылган, бирок алардын бир азы эле тандалган. Асман белегин ала турган 144000 коноктун көбү израилдиктер эмес. Матфей 22:1—14; 2 Муса 19:1—6; Аян 14:1—3.

▪ Үйлөнүү тоюна адегенде кимдер чакырылган жана алар кайсы жылы «чакырылгандардан» болушкан?

▪ Ошол чакырылгандарды биринчи жолу качан чакырышкан жана аларды чакырган кулдар кимдер?

▪ Аларды экинчи жолу качан чакырышкан, андан кийин кимдерди чакыра башташкан?

▪ Тойго кийилүүчү кийимди кийбеген киши кимдерди билдирет?

▪ Көптөгөн чакырылгандар жана тандалган аз адамдар кимдер?