Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өткөзүлүп берилет да, устунга кадоого алып барылат

Өткөзүлүп берилет да, устунга кадоого алып барылат

124-бөлүм

Өткөзүлүп берилет да, устунга кадоого алып барылат

КЫЙНАЛГАН Ыйсанын үндөбөстөн, өзүн татыктуулук менен кармап турганын көрүп таң калган Пилат кайрадан аны бошотууга аракеттенет. Дин кызматчылар буга ого бетер каарданышат. Алар бузуку оюн, эмне болбосун, ишке ашырууну бек чечип алышкан эле. Ошондуктан кайрадан: «Устунга када муну! Устунга када!» — деп кыйкыра башташат.

«Алгыла, кадасаңар өзүңөр кадагыла»,— дейт аларга Пилат. (Адегендеги айткандары башкача болгону менен, иудейлер кыйла олуттуу диний кылмыш кылгандарга өлүм өкүмүн чыгаруу укугуна ээ болушкан көрүнөт.) Анан Ыйсанын айыпсыз экенин, бери дегенде, бешинчи ирет айтып, Пилат: «Анткени мен мындан эч кандай айып тапканым жок»,— дейт.

Саясий айыптоо менен көздөгөнүнө жетпесин көрүшүп, иудейлер бир нече эле саат мурун Ыйсанын ишин Синедрион териштирип жатканда пайдасы тийген айыптоосун, Кудайга акарат келтирди деген диний айыптоосун, колдонууга өтүшөт. «Биздин мыйзамыбыз бар, өзүн Кудайдын Уулумун деп алганы үчүн, мыйзамыбыз боюнча, ал өлүүгө тийиш»,— дешет алар.

Бул айыптоону биринчи жолу угуп жаткандыктан, Пилат ого бетер сестене баштайт. Аялынын түшүнөн улам жана Ыйсанын эркинин ушунчалык күчтүүлүгүн көргөн Пилат анын жөн адам эмес экенине эчак ынанган эле. Эми минтип «Кудайдын Уулу» дегендери кандай? Ыйсанын галилеялык экенин ал билет эмеспи. Ал мурун да жашаганбы? Пилат аны кайрадан сарайына кийирет да: «Сен кайдан келдиң?» — деп сурайт.

Ыйса унчукпайт. Ал өзүнүн падыша экенин, Падышалыгы азыркы дүйнөдөн эместигин Пилатка айткан болчу. Ошондуктан кайрадан түшүндүрүп отуруудан эч кандай майнап деле чыкмак эмес. Ыйсанын унчукпаганы Пилаттын намысына тийгендиктен, ал ачуусу келип: «Мага сүйлөбөй койгуң барбы? Же менин сени бошотуп жиберүүгө же устунга кадатып таштоого бийлигим бар экенин билбейсиңби?» — деп сурайт.

«Жогортодон жол берилбесе,— деп жооп берет Ыйса сыпаа гана,— сен үстүмөн эч кандай бийлик кыла алмак эмессиң». Ыйса Кудайдын адамзат бийликтерине жердеги иштерди жүргүзүү үчүн берген бийлигин айткан. «Ошон үчүн мени сага алып келгендин күнөөсү чоңураак»,— дейт ал. Ооба, Ыйсага жасалып жаткан адилетсиз мамиле үчүн Пилаттан да мурун дин башчы Каиафа менен анын шериктештери жана Жүйүт Искариот көбүрөөк жооптуу.

Ыйсага андан бетер таң калган Пилат аны касиеттүү инсан болушу керек деп корккондуктан, бошотуп жиберүүгө кайра дагы далалат кылат. Бирок иудейлер, албетте, буга катуу каршыгышат. Алар саясий айыптоосун кайра айтышып, Пилатты: «Эгерде муну бошото турган болсоң, сен кесардын досу эмессиң; өзүн падышамын деген ар ким кесарга каршы чыгат»,— деп тымызын опузалашат.

Ошондой коркутууларга карабастан, Пилат Ыйсаны кайрадан эл алдына алып чыгып: «Мына! Силердин Падышаңар!» — деп кайрылат.

— Жогот! Жогот! Устунга кадалсын!

— Падышаңарды устунга кадайынбы? — деп сурайт айласы кеткен Пилат.

Иудейлер римдиктердин үстөмдүгүнө араң эле чыдашат. Чын-чынына келгенде, римдиктердин бийлигин алар жек көрүшөт! Бирок дин кызматчылар эки жүздүүлүлүк менен: «Кесардан башка биздин падышабыз жок»,— дешет.

Өзүнүн саясий абалы жана кадыр-баркы үчүн корккон Пилат иудейлердин ийге көнбөс талабын орундатып, Ыйсаны алардын колуна салып берет. Аскерлер Ыйсанын үстүндөгү кызыл жабууну чечишип, өзүнүн кийимин кийгизишет. Ыйсаны устунга кадоо үчүн алып баратышканда, жолдон өзүнүн кыйноо мамысын көтөртүп коюшат.

Жума. 14-нисан. Сыягы, чак түш болоюн деп калган маал. Ыйса бейшембинин таң зарынан бери уйку көрө элек. Ал ортодо канча азап тартты, кордук көрдү. Демек, оор мамыны көтөргөндө көп узабай ал-күчтөн таяры айтпаса да түшүнүктүү. Ошондуктан мамыны өтүп бараткан киринеялык (Африкада жайгашкан) Симон аттуу бир кишиге мажбурлап көтөртүп коюшат. Ыйсаны ээрчип көп эл жөнөйт. Алардын арасында Ыйса үчүн ыйлап, боздоп бараткан аялдар да бар.

Ыйса ошо аялдарга кайрылып, мындай дейт: «Иерусалим кыздары, мен үчүн ыйлаганыңарды токтоткула. Кайра, өзүңөр үчүн, өзүңөрдүн балдарыңар үчүн ыйлагыла. Анткени: „Туубас аял, төрөбөгөн жатын, бала эмизбеген көкүрөк бактылуу!“ — дей турган күндөр келатат... Дарак көгөрүп турганда ошентип жатышса, ал соолуганда эмне болот?»

Ыйса азырынча өзүнүн жана ага ишенген калдыктын бары үчүн соолубай турган иудей элинин «дарагын» айтат. Бирок алар эл арасынан жок болушканда, рухий жактан өлгөн дарак — соолгон израиль коому — гана калат. Рим аскерлери Кудайдын өкүмүн ишке ашырып, иудей элинин таш-талканын чыгарганда, боздоп ыйлоого олуттуу себеп болот! Иоанн 19:6—17; 18:31; Лука 23:24—31; Матфей 27:31, 32; Марк 15:20, 21.

▪ Саясий айыптоолордон эч майнап чыкпаганда диний жетекчилер, көздөгөн максатына жетиш үчүн, Ыйсага кандай айып коюшат?

▪ Пилаттын ого бетер сестенүүсүнө эмне себеп болот?

▪ Ыйсага жасалып жаткан мамиле үчүн ким көбүрөөк жооптуу?

▪ Дин кызматчылар Пилаттын Ыйсаны аларга өткөзүп бериши үчүн эмне кылышкан?

▪ Ыйса ыйлап бараткан аялдарга эмне деген жана «көгөргөн» бак, «куураган» бак деп эмнени айткан?