15-СУРОО
Канткенде бактылуу боло алабыз?
«Жек көрүү бар жерде семиз өгүздүн этин жегенден көрө, сүйүү бар жерде жашылча тамак жеген артык»
«Мен, Жахаба, сенин Кудайыңмын. Мен сени пайдалуу нерсеге үйрөтөм, жүрүшүң керек болгон жолдо жетектеп жүрөм»
«Рухий муктаждыгын сезгендер бактылуу, анткени асман Падышалыгы ошолорго таандык»
«Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй»
«Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла»
«Кудайдын сөзүн угуп, аны аткаргандар бактылуу!»
«Адамдын дүнүйөсү ашып-ташып турса да, колунда болгон мүлкү ага өмүр бере албайт»
«Ичкенге тамагыбыз, кийгенге кийимибиз жана баш калкалаар жайыбыз болсо, ошого ыраазы бололу»
«Алганга караганда берген бактылуу»