Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

18-СУРОО

Канткенде Кудай менен ынак мамиледе боло алабыз?

Канткенде Кудай менен ынак мамиледе боло алабыз?

«Оо, тиленүүлөрдү Угуучу, сага ар кандай адамдар келет»

Забур 65:2

«Бүт жүрөгүң менен Жахабага таян, өз түшүнүгүңө ишеним артпа. Бардык жолдоруңда Кудайды эстеп жүр, ошондо ал сенин жолдоруңду түздөйт»

Накыл сөздөр 3:5, 6

«Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн, жалгыз чыныгы Кудай сени жана сен жиберген Иса Машаякты таанып-билүү зарыл»

Жакан 17:3

«Кудай... ар бирибизге жакын»

Элчилер 17:27

«Так билимге ээ болуп жана Кудайдын эркин толук түшүнүп, сүйүүңөр уламдан улам өсө берсе экен деп дайыма тиленем»

Филипиликтер 1:9

«Эгер кимдир бирөөңөргө акылмандык жетишпей жатса, баарына берешендик менен, жемелебей берген Кудайдан сурасын, ошондо ага берилет»

Жакып 1:5

«Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт. Күнөөкөрлөр, колуңарды жуугула. Чечкинсиздер, жүрөгүңөрдү тазалагыла»

Жакып 4:8

«Кудайды сүйүү — бул анын осуяттарын аткаруу. Анын осуяттарын аткаруу оор эмес»

1 Жакан 5:3