Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2-СУРОО

Кудай жөнүндө кантип билсе болот?

Кудай жөнүндө кантип билсе болот?

«Мыйзам китебиндеги сөздөр оозуңдан түшпөсүн. Анда жазылгандарды так аткарыш үчүн аны күнү-түнү ой жүгүртүп оку. Ошондо ийгиликке жетесиң, акылмандуулук менен иш кыласың»

Жашыя 1:8

«Алар чыныгы Кудайдын мыйзам китебинен окуп берип, алардын маанисин чечмелеп, түшүндүрүп жатышты. Ошентип, алар элге окулгандарды түшүнгөнгө жардам берип жатышты»

Некемия 8:8

«Ыймансыздардын кеңеши боюнча жүрбөгөн... киши бактылуу. Ал Жахабанын мыйзамынан ырахат алат, Анын мыйзамын күнү-түнү ой жүгүртүп окуйт... Эмне иш кылбасын, ийгиликке жетет»

Забур 1:1—3

«[Филип] арабанын жанына чуркап барды да, төрөнүн Ышая пайгамбардын китебин окуп жатканын угуп: „Окуганыңды түшүнүп жатасыңбы?“ — деп сурады. Төрө: „Бирөө түшүндүрүп бербесе, кантип түшүнмөк элем?“ — деди»

Элчилер 8:30, 31

«Анын көзгө көрүнбөгөн сапаттары — түбөлүк күчү менен кудайлык табияты — дүйнө жаралгандан бери айкын көрүнүп турат, себеби аларды анын жараткан нерселеринен баамдап билүүгө болот. Ошондуктан ал адамдар актана алышпайт»

Римдиктер 1:20

«Ушулар тууралуу ой жүгүрт; ийгиликтериң баарына айкын болушу үчүн, өзүңдү ушуларга арна»

1 Тиметей 4:15

«Сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөө үчүн бири-бирибизге көңүл бөлөлү... Жолугушууларыбызды калтырбайлы»

Еврейлер 10:24, 25

«Эгер кимдир бирөөңөргө акылмандык жетишпей жатса, баарына берешендик менен, жемелебей берген Кудайдан сурасын, ошондо ага берилет»

Жакып 1:5