Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

6-СУРОО

Машаяк тууралуу эмнелер алдын ала айтылган?

Машаяк тууралуу эмнелер алдын ала айтылган?

ПАЙГАМБАРЛЫК

«Бетлехем Эфрата,.. сенден... Ысрайылда башкаруучу боло турган,.. бирөө чыгат»

Микей 5:2

АТКАРЫЛЫШЫ

«Ирод падышанын убагында Жүйүт жериндеги Бетлехем шаарында Иса төрөлдү»

Матай 2:1

ПАЙГАМБАРЛЫК

«Алар кийимимди өз ара бөлүп жатышат, кийимим үчүн өкчөмө таш ыргытып жатышат»

Забур 22:18

АТКАРЫЛЫШЫ

«Жоокерлер Исаны устунга кадагандан кийин анын сырт кийимин алып, төрткө бөлүштү... Бирок ал тигилген эмес, башынан аягына чейин токулган кийим эле. Ошондуктан алар бири-бирине: „Муну айрыбай эле коёлу. Андан көрө, өкчөмө таш ыргытып, кимибизге тиерин көрөлү“,— дешти»

Жакан 19:23, 24

ПАЙГАМБАРЛЫК

«Ал анын сөөктөрүнүн баарын сактайт, бири да сынбайт»

Забур 34:20

АТКАРЫЛЫШЫ

«Исанын жанына келип, анын өлүп калганын көрүшкөндүктөн бутун сындырышкан жок»

Жакан 19:33

ПАЙГАМБАРЛЫК

«Ага биздин кылмыштарыбыз үчүн найза сайылды»

Ышая 53:5

АТКАРЫЛЫШЫ

«Жоокерлердин бири Исаны найза менен капталга сайды. Ошол замат анын денесинен кан менен суу чыкты»

Жакан 19:34

ПАЙГАМБАРЛЫК

«Алар акыма отуз күмүш тыйын беришти»

Закарыя 11:12, 13

АТКАРЫЛЫШЫ

«Он эки шакирттин бири Жүйүт Искариот жогорку дин кызматчыларга барып: „Аны колуңарга салып берсем, мага эмне бересиңер?“ — деди. Алар ага отуз күмүш тыйын сунуш кылышты»

Матай 26:14, 15; 27:5