Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

14-СУРОО

Акча-каражатты канткенде туура пайдалана алабыз?

Акча-каражатты канткенде туура пайдалана алабыз?

«Шаан-шөкөттү жакшы көргөн жакырданат, шарап менен майды жакшы көргөн байыбайт»

Накыл сөздөр 21:17

«Карыздар — карыз бергендин кулу»

Накыл сөздөр 22:7

«Араңардан ким мунара кургусу келсе, аны куруп бүткөнгө каражаты жетер-жетпесин билиш үчүн, адегенде отуруп алып, канча чыгым кетерин эсептеп чыкпайт? Болбосо пайдубалын тургузгандан кийин мунарасын бүтүрө албай калса, көргөндөрдүн баары шылдыңдап: „Бул киши баштаарын баштап, бүтүрө алган жок“,— дешет»

Лука 14:28—30

«Баары тойгондон кийин, ал шакирттерине: „Жегенден калганын чогултуп алгыла, эч нерсе ысырап болбосун“,— деди»

Жакан 6:12