Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

16-СУРОО

Тынчсызданганда эмне кылса болот?

Тынчсызданганда эмне кылса болот?

«Жүгүңдү Жахабага арт, ошондо ал сени колдойт. Ал адил адамдын олку-солку болушуна эч качан жол бербейт»

Забур 55:22

«Аракетчилдин ой-максаттары ийгиликке жеткирет, ал эми ар бир шашма адам жокчулукка туш болот»

Накыл сөздөр 21:5

«Коркпо, анткени мен сени мененмин. Элеңдебе, анткени мен сенин Кудайыңмын. Мен сага күч берем, жардам берем, сени адилдик боюнча оң колум менен колдойм»

Ышая 41:10

«Тынчсыздануу менен кимиңер өмүрүңөрдү бир азга болсо да узарта аласыңар?»

Матай 6:27

«Эч качан эртеңки күндү ойлоп тынчсызданбагыла, анткени эртеңки күндүн өз түйшүгү болот. Ар бир күндүн түйшүгү өзүнө жетиштүү»

Матай 6:34

«Эмне маанилүүрөөк экенин баамдагыла»

Филипиликтер 1:10

«Эч нерсени ойлоп тынчсызданбагыла, бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү, жалынуу аркылуу Кудайга ыраазычылык менен билдиргиле. Ошондо Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы жүрөгүңөр менен акылыңарды Машаяк Иса аркылуу сактайт»

Филипиликтер 4:6, 7