Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5-СУРОО

Ыйык Китепте кандай кабар камтылган?

Ыйык Китепте кандай кабар камтылган?

«Аял экөөңөрдүн ортоңорго, сенин тукумуң менен анын тукумунун ортосуна кастык коём. Ал сенин башыңды жанчыйт, сен болсо анын согончогун чагасың»

Башталыш 3:15

«Менин тилимди алганың үчүн, сенин тукумуң аркылуу жер жүзүндөгү бардык элдер бата алат»

Башталыш 22:18

«Падышалыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да сенин эркиң аткарылсын»

Матай 6:10

«Тынчтыктын булагы болгон Кудай жакында Шайтанды бут алдыңарда ойрон кылат»

Римдиктер 16:20

«Баары Уулуна баш ийдирилгенде, Кудай баарынын башчысы болушу үчүн, Уулу өзү да ага баарын баш ийдиргенге баш иет»

1 Корунттуктар 15:28

«Убадалар Ыбрайымга жана анын тукумуна берилген... Ал — Машаяк. Эгер Машаякка таандык болсоңор, анда силер чын эле Ыбрайымдын тукумусуңар»

Галатиялыктар 3:16, 29

«Дүйнөнүн үстүнөн болгон падышалык бийлик эми Кудайыбызга жана анын Машаягына таандык. Кудай түбөлүктөн түбөлүккө падышалык кылат»

Аян 11:15

«Бүт жер жүзүн адаштырып жүргөн байыркы жылан, Ибилис жана Шайтан деп аталган чоң ажыдаар, жерге кулатылды, аны менен кошо периштелери да кулатылды»

Аян 12:9

«Ал ажыдаарды — Ибилис жана Шайтан делген байыркы жыланды — кармап, 1 000 жылга байлап койду»

Аян 20:2