Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

10-СУРОО

Ыйык Китепте келечек тууралуу эмне делет?

Ыйык Китепте келечек тууралуу эмне делет?

«Адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат»

Забур 37:29

«Жер болсо түбөлүктөн түбөлүккө турат»

Насаатчы 1:4

«Ал өлүмдү түбөлүккө жок кылат, Эгедер Теңир Жахаба бардык адамдардын жүзүндөгү көз жашты аарчыйт»

Ышая 25:8

«Ошол убакта сокурлардын көзү ачылат, дүлөйлөрдүн кулагы угат. Аксак бугудай секирет, дудуктун тили кубанычтуу үн салат. Анткени чөлдө суу, чөлдүү түздүктө суу агымдары оргуштайт»

Ышая 35:5, 6

«Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт. Мурункунун баары өтүп кетти»

Аян 21:4

«Адамдар үйлөрдү куруп, курган үйлөрүндө жашашат, жүзүм отургузуп, мөмөлөрүн жешет. Алар үйлөрүн башка бирөө жашасын деп курушпайт, жүзүмдөрүн башка бирөө жесин деп отургузушпайт. Анткени менин элимдин өмүрү дарактын өмүрүндөй болот, менин тандап алгандарым өз эмгегинин үзүрүн толугу менен көрүшөт»

Ышая 65:21, 22