Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

7-СУРОО

Ыйык Китепте биздин күндөр тууралуу эмнелер айтылган?

Ыйык Китепте биздин күндөр тууралуу эмнелер айтылган?

«Бир эл бир элге, бир падышалык бир падышалыкка каршы көтөрүлөт,.. Мунун баары — азап-кайгынын башталышы»

Матай 24:7, 8

«Көптөгөн жалган пайгамбарлар чыгып, далайларды адаштырышат. Мыйзамсыздык күч алгандыктан, көбүндө сүйүүнүн илеби кайтат»

Матай 24:11, 12

«Ар кайсы жерлерде согуш жүрүп жатканын укканыңарда, үрөйүңөр учпасын. Булардын баары болушу керек, бирок бул дүйнө түзүлүшүнүн акыры эмес»

Марк 13:7

«Катуу жер титирөө, жер-жерлерде жугуштуу оорулар, ачарчылык болот. Коркунучтуу көрүнүштөр, асмандан улуу жышаандар көрүнөт»

Лука 21:11

«Акыркы күндөрдө өзгөчө оор мезгилдин келерин бил. Себеби адамдар өзүн өзү сүйгөн, акчаны сүйгөн, мактанчаак, бой көтөргөн, акарат кылган, ата-энесинин тилин албаган, жакшылыкты билбеген, ишенимсиз, жакындарын сүйбөгөн, эпке-сөзгө келбеген, жалаа жапкан, өзүн өзү кармай албаган, ырайымсыз, жакшылык кылгысы келбеген, чыккынчы, өз дегенин бербеген, текебер, Кудайдын ордуна ырахатты сүйгөн, Кудайга берилгендей болуп көрүнгөн, бирок берилгендигин иш жүзүндө көрсөтпөгөн адамдар болушат»

2 Тиметей 3:1—5