Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

17-СУРОО

Үй-бүлөлөргө кандай кеңештер бар?

Үй-бүлөлөргө кандай кеңештер бар?

КҮЙӨӨЛӨР/АТАЛАР

«Күйөөлөр аялдарын өз денесин сүйгөндөй сүйүшү керек. Аялын сүйгөн эркек өзүн сүйөт. Анткени эч ким эч качан өз денесин жек көрбөйт, тескерисинче, азыктандырып, бапестейт... Ар бириңер аялыңарды өзүңөрдү сүйгөндөй сүйгүлө»

Эфестиктер 5:28, 29, 33

«Аталар, балдарыңарды кыжырдантпагыла, тескерисинче, Жахаба үйрөткөндөй акыл айтып, аларды анын акыл-насааты менен тарбиялагыла»

Эфестиктер 6:4

ЗАЙЫПТАР

«Аял болсо күйөөсүн терең урматтасын»

Эфестиктер 5:33

«Аялдар, Мырзабыздын жолдоочуларынан талап кылынгандай, күйөөңөргө баш ийгиле»

Колосалыктар 3:18

БАЛДАР

«Балдар, Теңирдин эркине ылайык, ата-энеңердин тилин алгыла, анткени бул адилдикке жатат. „Ата-энеңди сыйла“,— деген осуят мындай убада менен берилген биринчи осуят: „Ошондо өзүңө жакшы болот, жер бетинде узак өмүр сүрөсүң“»

Эфестиктер 6:1—3

«Балдар, бардык жагынан ата-энеңердин тилин алгыла, анткени бул Теңирге жагат»

Колосалыктар 3:20