Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5

Ыйык Китептеги кабар

Ыйык Китептеги кабар

Ааламды башкарууга Жахаба Кудай гана укуктуу жана бийлик жүргүзүү жагынан ага эч ким тең келе албайт. Анын жерге жана адамзатка байланыштуу ой-ниети сөзсүз аткарылат.

Б.з.ч. 4026-ж. кийин

«Жылан» Жахабанын башкаруу укугун жана туура бийлик жүргүзөрүн талашка салат. Жахаба «жыландын», Шайтандын, «башын жанчый» турган «тукумдун» келерин убада кылат (Башталыш 3:1—5, 15, шилтеме). Ал убак келгиче Жахаба адамдарга Шайтандын бийлиги астында өз алдынча бийлик жүргүзүүгө убакыт берет.

Б.з.ч. 1943-ж.

Жахаба Ыбрайымга убада кылынган «тукум» анын урпактарынан чыгарын айтат (Башталыш 22:18).

Б.з.ч. 1070-ж. кийин

Жахаба Дөөтү падышага, андан кийин уулу Сулайманга убада кылынган «тукум» алардын тукумунан чыгарын айтат (2 Шемуел 7:12, 16; 1 Падышалар 9:3—5; Ышая 9:6, 7).

Б.з. 29-ж.

Жахаба Иса Машаяктын Дөөтүнүн тактысын мурастай турган убадаланган «тукум» экенин тастыктайт (Галатиялыктар 3:16; Лука 1:31—33; 3:21, 22).

Б.з. 33-ж.

«Жылан» убадаланган «тукумдун» согончогун чагат, башкача айтканда, Шайтан Исаны өлтүрөт. Бирок Жахаба Исаны асманга тирилтип, анын жеткилең өмүрүнүн баасын кабыл алат. Бул Адам атанын балдарынын күнөөлөрүнүн кечирилишине жана түбөлүк өмүр алышына жол ачат (Башталыш 3:15; Элчилер 2:32—36; 1 Корунттуктар 15:21, 22).

Б.з. 1914-ж. же көп өтпөй

Иса «жыланды», Шайтанды, жерге кулатат. Ошондон тартып Шайтандын чектелүү эле убактысы калат (Аян 12:7—9, 12).

Келечекте

Иса Шайтанды 1 000 жылга «туңгуюкка» камайт, андан соң жок кылып, каймана мааниде башын жанчыйт. Жахабанын жерге жана адамзатка байланыштуу баштапкы ой-ниети аткарылып, жалаа жабылган ысымы ыйыкталат, ошондой эле ал гана эң мыкты башкаруучу экени далилденет (Аян 20:1—3, 10; 21:3, 4).