11-БӨЛҮМ
Алар Иса Машаяк жөнүндө жазышкан
Сүрөттөгү кишилерди көрүп жатасыңбы? — Алар — Матай, Лука, Жакан, Петир, Жакып, Жүйүт жана Пабылдар. Алар Иса пайгамбардын убагында жашашкан жана ал жөнүндө жазышкан. Кел анда, ошол кишилер жөнүндө көбүрөөк билели.
Бул кишилер жөнүндө эмнелерди билесиң?
Алардын үчөө Иса пайгамбар менен чогуу кабар айткан элчилер болгон. Алардын кимдер экенин билесиңби? — Матай, Жакан жана Петир. Элчи Матай менен Жакан Иса пайгамбарды абдан жакшы билишкен
жана анын жашоосу жөнүндө экөө тең китеп жазган. Элчи Жакан, мындан тышкары, Аян китебин жана Жакандын биринчи, экинчи, үчүнчү каты деп аталган китептерди жазган. Элчи Петир болсо Ыйык Китептеги эки китепти жазган. Алар Петирдин биринчи жана экинчи каты деп аталат. Ал экинчи катында Жахабанын асмандан Иса жөнүндө: «Бул — менин уулум, мен аны жакшы көрөм, сыймыктанам»,— деп айтканын жазган.Сүрөттөгү башка кишилердин жазган китептеринен да Иса жөнүндө билебиз. Алардын бири — Марк. Иса Машаяк камакка алынганда, ал анын жанында болуп, бардыгын өз көзү менен көрсө керек. Дагы бирөөсү — Лука. Ал доктур болгон. Лука Иса пайгамбар өлгөндөн кийин анын жолдоочусу болгон көрүнөт.
Сүрөттөгү кишилердин экөө Иса Машаяктын бир тууган инилери болгон. Сен алардын аттарын билесиңби? — Жакып менен Жүйүт. Башында алар Иса Машаякка ишенбей, аны акылынан айнып калган деп ойлошкон. Бирок кийинчерээк ага ишенип, анын шакирти болушкан.
Ыйык Китепти жазууга катышкан сүрөттөгү кишилердин акыркысы — элчи Пабыл. Анын Иса пайгамбардын жолдоочусу болгонго чейинки аты Шабыл болчу. Ал Иса пайгамбардын жолдоочуларын жек көрүп, ырайымсыз мамиле кылган. Анда анын кандайча Иса пайгамбардын жолдоочусу болуп калганын билесиңби? — Бир күнү Пабыл жолдо баратканда, күтүлбөгөн жерден асмандан бир үн угулат. Ал Иса Машаяктын үнү болчу. Иса Пабылдан: «Мага ишенгендерге эмне үчүн жаман мамиле кылып жатасың?» — деп сураган. Ошондон тартып Пабыл өзгөрүп, Иса Машаяктын жолдоочусу болуп калган. Ал Римдиктерге жазылган каттан Еврейлерге жазылган катка чейин жазган. Ошондо, бардыгы болуп, Ыйык Китептин 14 китебин жазган.
Биз күнүгө Ыйык Китепти окуйбуз, туурабы? — Ыйык Китепти окусак, Иса пайгамбар жөнүндө көп нерсе билебиз. Сен Иса пайгамбар жөнүндө көбүрөөк билгиң келеби? —