8-БӨЛҮМ
Жошиянын жакшы достору болгон
Туура иштерди кылуу кыйынга турат деп ойлойсуңбу? — Көптөр кыйын деп ойлошот. Ыйык Китепте Жошия деген кичинекей балага туура иштерди кылуу өзгөчө кыйын болгону айтылат. Бирок анын дайыма жардам берип турган жакшы достору болгон. Кел анда, Жошия менен анын достору жөнүндө көбүрөөк билели.
Жошиянын атасы Амон Жүйүт жеринин падышасы болчу. Амон жалган кудайларга сыйынган аябай жаман киши эле. Атасы каза болгондо, Жошия анын ордуна падыша болуп дайындалган. Ошондо ал, болгону, сегиз эле жашта болчу. Кандай деп ойлойсуң, ал атасындай жаман падыша болгонбу? — Жок, ал жакшы падыша болгон.
Кичинекей болсо да, Жошия Жахабанын тилин алган. Ошон үчүн ал Жахабаны жакшы көргөн адамдар менен гана дос болгон. Достору Жошияга туура иштерди кылууга түрткү беришкен. Алардын айрымдары ким болгон?
Алардын бири Сепания пайгамбар болгон. Ал пайгамбар жүйүт элин, эгер алар жалган кудайларга сыйынышса, каргашага туш болорун эскерткен. Жошия падыша болсо Сепаниянын сөздөрүн угуп, жалган кудайларга эмес, Жахабага сыйынган.
Жошиянын өзү менен тең Жеремия деген дагы бир досу болгон. Алар кичинекей чагынан кошуна болуп, чогуу чоңоюшса керек. Ал экөө ушунчалык ынак достордон болгондуктан, Жошия падыша каза болгондо, Жеремия пайгамбар аны жоктоп ыйлап, кайгылуу ыр жазган. Жеремия менен Жошия бири-бирине туура иштерди кылууга жана Жахабанын тилин алууга түрткү беришкен.
Жеремия менен Жошия бири-бирине туура иштерди кылууга түрткү беришкен
Жошия падышадан эмнеге үйрөнсөң болот? — Ал кичинекей болсо да, туура иштерди кылууну каалаган. Мындан тышкары, Жахабаны жакшы көргөн адамдар менен гана дос болушу керектигин жакшы билген. Ошондуктан сен да Жахабаны жакшы көргөн жана туура иштерди кылууга жардам бере турган адамдар менен дос болгонго аракет кыл.