Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1-САБАК

Кудай асман менен жерди жараткан

Кудай асман менен жерди жараткан

Жахаба Кудай — биздин Жаратканыбыз. Ал көзгө көрүнгөн, көрүнбөгөн нерселердин баарын жараткан. Көзгө көрүнгөн нерселерди жаратканга чейин көптөгөн периштелерди жараткан. Периштелер кимдер экенин билесиңби? Алар — Жахабанын кызматчылары. Периштелер ага окшош. Биз Кудайды көрө албагандай эле, аларды да көрө албайбыз. Жахаба жараткан биринчи периште анын жардамчысы болгон. Жахаба жылдыздарды, планеталарды жана башка нерселерди жаратып жатканда, ал ага жардам берген. Ошол планеталардын бири — биз жашап жаткан кооз Жер планетасы.

Андан кийин Кудай Жерди адамдар жана жаныбарлар жашай ала тургандай кылып даярдаган. Адегенде Күндүн жарыгы жерге тийип тургудай кылган. Анан тоолорду, океандарды, дарыяларды жараткан.

Анан эмне болгон? Жахаба: «Чөптөрдү, өсүмдүктөрдү, дарактарды жаратайын»,— деп айткан. Ошондо ар түрдүү жашылчалар, жер-жемиштер, гүлдөр өсө баштаган. Андан соң уча турган, сууда сүзө турган, сойлоп жүрө турган жаныбарлар, курт-кумурскалар жаралган. Кудай кичинекей коёндон тартып чоң пилге чейин жараткан. Сага кайсы жаныбар жагат?

Андан кийин Жахаба өзү биринчи жараткан периштеге: «Кел, адам жараталы»,— деген. Адамдар жаныбарлардан башкача болмок. Алар ар кандай нерселерди ойлоп чыгарып, сүйлөп, күлүп, тилене алышмак. Ошондой эле жерге, жаныбарларга кам көрүшмөк. Биринчи адам ким болгонун билесиңби? Кел анда, ушу тууралуу билели.

«Башында Кудай асман менен жерди жаратты» (Башталыш 1:1)